Камакка алынган депутат Келдибеков түз эфирден сөз берүүнү талап кылды

«Коррупцияга» шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибеков кесиптештери аркылуу теледен түз эфирде сөз берүүнү талап кылды. Учурда саясатчы тергөө абагында камакта.

Келдибековдун бул талабын анын фракциялаш кесиптеши Жылдызкан Жолдошева билдирди — бул тууралуу «К-Ньюс» маалымат агенттиги жазган.

Парламентарийдин айтымында, саясатчы жөнүндө ЖМКлар аркылуу «бир тараптуу айыптоолор» берилип жаткандыктан ал камакка алынышы боюнча өз көз карашын билдирүүнү каалап жатат.

«Ага өз көз карашын айтып, Башкы прокуратуранын айыптоолоруна жооп берүүгө  мүмкүнчүлүк берүү керек. Азыр ага андай мүмкүнчүлүк бербей жатышат, ал эмес сот дагы жабык эшик артында өтүүдө. Бул мыйзамсыз, сот белгилүү бир учурларда гана жабык эшик артында өтөт. Ошондуктан ага түз эфир аркылуу көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек», — деп жазган «К-Ньюс» Жолдошеванын айткандарын.

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Учурда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында, ал анда 2014-жылдын 19-январына чейин камакта болот.

Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, эгер Келдибековго карата айтылган айыптоолор далилдене турган болсо ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Оппозициялык саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары ал эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Келдибеков өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептеп жатат.