Кризистик борборлор: Зордук-зомбулук азайдыбы?

Кыргызстанда кыйынчылыкка кабылган аялдар үчүн кризистик борборлордун саны 20га чукулдайт. Бирок, үй бүлөлүк зомбулукка учураган аялдардын саны азайбай келет.  Жылына 7,5-8 миӊ аял жардам сурап кайрылат. Анткен менен БУУнун аялдар боюнча уюму кризистик борборлордун жумушун канааттандырарлык эмес деп баалайт.

Ош шаарынын тургуну Айнура Бообекова (аты жөнү өзгөртүлдү) бир нече жылдан бери  кризистик борборго кайрылат. Бул жолу дагы  кайненеси үйдөн кууп чыккан.

«Жолдошум экөөбүз 2001-жылы баш кошконбуз. Бир уул, бир кыздуу болдук. Жаӊы үйлөнгөндө эч нерсебиз жок эле. Жылдар өтүп үй салдык, автоунаа алдык, бутубузга турдук. 2013-жылы кайненем жаӊы салынган үйдө жашабайсын деп жаӊжал салды. Мени уруп-согуп үйдөн кууп чыкты. Кайненем  менин үстүмөн арыз жазып эми соттошуп жүрөбүз. Анысы аз келгенсип баламды тартып алышты. Эми кызымды да тартып алганы жатышат. Кайын журтум акчаны көп берген экен, сот, тергөөчү ошолордун сөзүн сүйлөөдө. Кризистик борборго бир нече жылдан бери кайрыламын. Биринчи жолу 2002-жылы кызым 3 айлык болгондо кайненем күйөөм менен ажыраштырганы аракет кылганда  кайрылгамын. Негизи булар колдон келишинче жардам берип жатышат»,-дейт ал.

IMG_0921

Туугандардын колдоосу өтө маанилүү

“Психологиялык жактан жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүү зарыл. Аларга өз убагында жардам көрсөтүлбөсө узакка депрессияга жеагерссияга түшүп калышы мүмкүн. Мындай абалга жеткирбөө керек, андан чыгаруу кыйынга турат. Жабыркаган балдар, бир тууган, туугандары менен тез-тез катташып, баарлашып туруу керек. Ал өзүн жалгыз сезбеши абзел»-,дейт Ош шаарында жайгашкан  «Мээрбан» кризистик борбордун мүдүрү Дарика Борбиева.

Бул борборго айына 20-25 киши кайрылат. Юристке балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алуу маселелери боюнча келишет. Себеби, көпчүлүгу жарандык никеде тургандыгына байланыштуу  күбөлүгү  жана паспорту  жок болот. Кээ бирлери жалгыз бой аял макамын аныктоо,  балдарга алимент өндүрүп берүү  жана мүлктү бөлүштүрүу  боюнча жардам сурашат.

Бул Борбордо көйгөйлөр да жок эмес

Кабинеттер абдан тар. Суу, музыкалык, медиативдик, чыӊалууну жаза турган терапиялар жок. Кызматкерлердин маянасы долбоордон жана демөөрчүлөрдөн көз каранды.

«Оштогу Ак-Жүрөк» кризистик  борбордун мүдүрү Дарика Асилбекованын айтымында азыркы соттор  ким акча көп берсе ошонун кызыкчылыгына чечим чыгарат. Ошол себептен да зордук-зомбулук азайбай келүүдө.

Дарика эже
Дарика Асылбекова

«Бул борбор 2002-жылы уюшулган. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы иш алып барабыз. Ушул күнгө чейин 10миӊден  ашык аял кайрылган. 1 жылда 850-950 аял жардам сурап келет. 1 күндө 2-3 аял келет. Көбүнчө аялдар психологиялык жактан жабыр тартышат. 70% аялдар юридикалык жардамга муктаж. Аялы менен күйөөсү ажырашканда нике күбөлүгү болбогондуктан, мүлктү бөлүштүрүүдө ар кандай көйгөйлөр жаралууда. Бала талашуу маселеси да бар. Бизге көбүнчө үй-бүлө мүчөлөрүнөн зордук-зомбулукка кабылгандар кайрылат . «Ак-Жүрөк» кризистик  борбордо 1 юрист 1 психолог эмгектенет. Биздин башка кризистик борборлордон айрымабыз баш калкалоочу жайыбыз бар. 12 орундуу, 12 күндөн 18 күнгө чейин жашаса болот.

Менин жүрөгүмдү ооруткан бул- сот маселеси.  Азыркы соттор адилетсиз. Ким акча көбүрөөк берсе, ошонун кызыкчылыгына чечим чыгарат»,-дейт Дарика.

Психолог  Гульнара  Оңкошеванын айтымында азыркы эркектер чечкиндүү эмес, апасы ажырашасын десе эле ажырашып алууда. Кайнене менен келиндин ортосундагы келишпестиктер. Кыздар турмуш курганга физикалык жактан даяр, бирок психологиялык жактан даяр эмес. Жылдан-жылга үй-бүлөдө зордук-зомбулук көбөйүүдө.

IMG_0937

«Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка учураган аялдар менен аӊгемелешип, алардын психологиялык эмоциялык абалын аныктаймын. Бул аялдар стресс, депрессияга кабылышат. Бизде 3 күндүк атайын программа бар. Релаксация, дем алуу, дене көнүгүүлөр. Ушул программа аркылуу денедеги стресс депрессияны чыгарабыз. Зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлөдө көбүнчө балдар жабыр тартышат. Мындай балдардан атайын эмоциялык тест алабыз, сүрөт аркылуу. Актай барак түстүү карандаш беребиз, колу менен сүрөт тартат. Эгерде сүрөттө муздак түстөрдү, мисалы көк жана күрөӊдү колдонсо демек бул балада тынчсыздануу өтө жогору. Мен бир кыздын окуясын баяндап берейин.

Гулнара  Оңкошева
Гулнара Оңкошева

Мага Миргүл деген кыз июнь айынан баштап келет. Ал түнт жабык эч ким менен сүйлөшчү эмес. Атайын психологиялык программалардан өткөндөн кийин ал кыз окуяны эстеди. 4 жашында кыздар менен ойноп жатса бир тууган агасы үйдө эч ким жок мезгилде бөлмөсүнө алып кирип зордоп койгон экен.

Дагы Жазгүл деген  кыз кайрылды. Дос кызы шаар четине туулган күн белгилегени чакырат. Спирт ичимдиктерин ичип мас болуп калат. Бир убакта 50 жаштын тегерегиндеги кишилер джип машиналарда келет.  Жазгүлдү зордуктап коет. Кыздык белгиӊ бар экен деп чоӊ суммадагы акча Жазгүлгө жана дос кызына таштап кетет. Жазгүлдүн айтымында дос кызы ошентип ортомчу болуп иштегенине көп болуптур»-, дейт психолог.

Йоко Марута, БУУнун гендердик теӊчилик боюнча адисинин айтымында зордук-зомбулуктун азайбай келүүсүнүн бир нече себептери бар.

«Көбүнчө келиндер куйөөсүнөн, кайненесинен корккондугуна байланыштуу жардам сурап  кайрылбайт.Бул  менталитетке байланыштуу деп ойлойм. Жолдошун сотко бергенди да каалабайт себеби балдарымдын жумушка орношуусу кыйын болуп калат деп ойлошот. Ажырашып кете албайт эл эмне дейт. Туугандар кантип кабыл алат деп да чочулашат.Ошентип өмүр бою күйөөсүнүн таягын жеп өткөндөр да жок эмес.

Мен ойлойм аялдарга юридикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Себеби аялдар өз укуктарын билбейт. Үй-бүлөдө зордук-зомбулук көргөзгөн кишилерге мыйзам кабыл алып катуу жаза колдонуш керек. Кыз-келиндерди турмушка психолологиялык жактан даярдоо абзел»-, дейт Йоко.

Йоко Марута
Йоко Марута

Ошол эле кризистик борбордун юристи Марина Гайнанованын айтымында көпчулүк аялдар юридикалык жактан сабатсыз. Кай жерге кимге кайрылууну билбейт.

«Мен бул  кризистик борбордо 2010-жылдан бери иштейм. Мага аялдар ажырашуу, алимент , ортодогу балдарды бөлүштүрүү боюнча кайрылышат. Биз юридикалык кеӊеш беребиз. Арызды кантип туура жазыш керек. Тергөөчүгө же сотко кат менен кантип кайрылуунун жол жобосун айтабыз. Көбүнчө жарандар өз укуктарын билбейт. Айрыкча кайнене келиндин ортосунда чыр-чатак көп кездешет. Келинди көчөгө кууп чыгып сага бир сом да бербейм, балдар да меники деген кайненелер кездешет»-, дейт укук коргоочу.

Марина Гайнанова мында келгендер менен
Марина Гайнанова мында келгендер менен

Социалдык маданий өнүгүү бөлүмүнүн  жетекчиси Сайбидинов Асандын айтымында кризистик борборлордун ишмердүүлүгү канааттандырарлык.

«Биз менен иштешкен кризистик борборлор үчөө. «Ак жүрөк» , «Мээрбан» , «Аруулан». Буларга көбүнчө үй-бүлөдө зордук-зомбулукка  учураган аялдар кайрылат. Бул борборлордо каржылоо жетишсиз. Биз булардан отчет алып турабыз. Ошол отчетко таянсак 1 жылда 700-800 кыз-келинди кабыл алышат. Бул борборлордо психологиялык укуктук социалдык жардам көргөзүшөт. Ош шаардык мэрияга бир үй-бүлө кайрылды. Алар Казакстанда тамекиде иштеп акчасын ала албай келишкен. Биздин үйүбүз акчабыз кийимибиз жок деп бизге келишкен. Биз аларды кризистик борборго жөнөттүк. Мэриянын резервдик  борборунан 5000 сом бөлүп  бердик. Ошто селсаяктарды  карай турган борбор ачылса жакшы болмок. Бишкекте  мындай боброр бар»-, дейт Асан.

Эл пикири

«Кризистик борборлор натыйжалуу иштеп жатабы же натыйжалуу эмеспи?» деген суроо менен    Kloop.kg карапайым элге  кайрылды.

 Ош шаарынын тургуну Эрнис Чокоев:

2006 жылдары  кризистик борборлор өрчүп жанданып турган мезгил болгон. Ошол жылдары аябай жакшы иштешкен. Ал эми азыр болсо саны бар сапаты жок. Кээ бир кризистик борборлор  бизнес катары гана жумуш алып барышат. Менин карамагымда баланча зордук-зомбулукка  учураган аял, бараарга жери жок  адамдар бар деп, ар кандай уюмдардан акча алышат. Кризистик борборлордун саны көбөйгөнү менен зордук зомбулукка кабылган аялдардын саны азайган жок.

Ош шаарынын тургуну Мээрим Бооронова:

Менин оюмча Кризистик Борборлордун бар болгону жакшы. Себеби бараар жери жок жараандар кайрылса болот. Бирок алар канчалык деӊгээлде эффективдүү иштеп жатат мен билбейм. Аны билиш үчүн атайын мониторинг жүргүзүш керек. Менин билишимче кээ бир борборлордо аялдарды тигүүгө сайма саюга үйрөтөт экен.  Эркектер, балдар кайрыла турган кризистик борборлор болууга тийиш.

Швециянын тургуну психотерапевт   Kerstin  Palmer:

Биздин өлкөдө Кризистик Борборлор бар. Борбордун дарегин эч ким билбейт жашыруун. Себеби зордук-зомбулукка кабылган аялдын жолдошу билсе келип зыян жеткириши мүмкүн. Эркектер үчүн атайын борборлор бар. Ал жакта аялына кандай мамиле жасоону үйрөтөт. Ар кандай терапиялар бар. Мисалы музыкалык психологиялык  жана башка. Борбордо 2 айга чейин жашаса болот.

Ош шаарынын тургуну Бурулай Чекешова:

Мен ар кандай бей өкмөт уюмдарды жек көрөм. Булар адамдарды алдайт көз боемочулук кылат. Ар кандай мекемелерди ачып алып башка динге да өткөзүп жатышат. Жаштарды жарым жылаӊач кийингенге аборт жасаганга үйрөтүп жатат. Кыргыздар илгертеден көп бала төрөшкөн. Үй-бүлөнү пландаштыруу деген балеени үйрөтүштү. Себеби булар бала төрөшпөйт. Жумуш деп жүрө беришет.

Автор: Элиза Таштанова

Сүрөттөр автордуку.

 Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.