Ош жана Токмок шаарларынын жаштары чогуу иштерди жасай башташты

Ош шаары менен Токмок шаары биргеликте, Кыргызстандын түндүк жана  түштүк элдерин  биримдикке үндөө максатында иш алып барышууда. Алар ар кандай долбоорлордун үстүндө чогуу иштешмекмекчи. Алардын алгачкы иш чаралары уюштурулуп өттү. 

Мындан мурдагы жылдарда эки шаардын ортосунда эч кандай байланыш жок болсо, азыр бул долбоорду алып барган жаштар тескеринче жакшы мамиле куруу менен бирге, эки шаардын жаштарынын көйгөйлөрүн бирге чечип иш жүргүзүүдө.

Ош шаарынын жаштар комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев мынтет:

«Мындан 2 жыл мурда эки шаардын ортосунда такыр байланыш жок болсо, азыр алар жеке мамилеге келишти. Бул дагы шаарлардын  ынтымакка келүүсүнүн бир бөлүгүн көрсөтүп турат. Эки шаардын жаштары биргеликте ЕККУнун жардамында ар кандай долбоорлор менен иштөөдө. Мындан ары да бул нерсе өнүгөт деп ишенем. Кыргызстанда канчалаган мамлекеттик эмес уюмдар иштейт, бирок алардын эмне иш кылганы белгисиз бойдон калууда.  «ИРЭТ» коомдук фондуна да ыраазычылык билдире. Себеби алар ар дайым  жаштар менен иштешет»,-дейт Жунусбаев.

Токмок шаарынан келген жаштар да бул иш чараны өнүктүрүү максатында Ош жаштары менен биргелешип бир канча спорттук, маданий жана башка иш чаралар өткөрүлгөндүгүн билдирди:

Токмок шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча адиси Нурбек Исаев:

«Биз лидер жаштарыбыз менен биргеликте, Ош шаарына келдик.  Аябай жакшы иш чаралар болду. Эки шаардын жаштары биргеликте көптөгөн маселелерди чечип, долбоорлорду ишке ашырдык. Мындан ары да пландарды түзүп  жатабыз, буйруса ишке ашырабыз. Токмок жаштары менен Оштук жаштардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча да салыштырууларды жүргүзүп, маселелерди чечтик»,-деди ал.

405

Эки тараптагы жаштардын биримдикке келүүсү боюнча жана алардын кызыктуу жана коомго жагымдуу болгон, бир топ иш чаралары өткөзүлгөндүгү айтылды. Ошондой эле бул  долбоор дагы да ишин улантуу менен бирге  республикалык деңгээлге жетүүнү көздөйт.

айжамал, токмоктун жашы айбек дидер

Токмокутук дагы бир лидер Айбек да өзүнүн кесиптештерине кошулат:

«Ош шаарынын жаштары менен иштешкенибизге эки жылдын жүзү болду. Биз алгач эле бир долбоорду ишке ашырганбыз ал, Ош шаарынын күнүн  Токмокто өткөрүү болду. Бул албетте баарына жакты. Себеби, ал азыркы учурда эл түндүк түштүк болуп, жада калса бийликтегилер да эки тарапка бөлүнгөн түйшүктөрдөн арыла албай келе жаткан маселени басаңдатып, элди ынтымакка үгүттөөчү иш чара болуп эсептелинет. Мына жакында эле ОшМУнун жаштары менен да жолугуштук, эки аймактын түйшүктөрүн кароо сунуштары боюнча.  Биздин  девиз: «Өзгөрөлү, өзгөртөлү»,- деп аталып, азыр ошонун негизинде иш жүргүзүп келатабыз. Буйруса бул долбоорду республикалык деңгээлге чейин жеткиргенге аракеттер жасалууда»,-деди Айбек.

Ош

Ош областы боюнча көптөгөн кызуу иш чаралар өтүп, аларга эл активдүү катышкандыгы дагы бир ирет белгиленип жана ошондой эле ал жерде, Ош менен иштешип жаткан райондордун жаштары да долбоорго катышкандыгы айтылды.

Керме-Тоо аймактык жаштар кеңешинин төрайымы Айжамал Абдылдаева:

«Долбоор Ош шааардык жаштар комитетинин союзу жана ЕККУнун каржылоосунда ишке ашырылып, 12 аймактык жаштар кеңеши иштеп жатат. Бул долбоорго Ош областындагы: Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондорунун жаштары да тартылды. Максат, жаштар арасындагы толеранттуулукту жогорулатуу болчу. Ошондуктан жаштарыбыз, спорттук, маданий иш чараларды, тренингдерди  өткөрүштү жана Ош шаарынын жаштары да Токмокко барып келишти. Бул боюнча 31-октябрда форум да өткөрдүк»,-деди Айжамал Абдылдаева.

 

Автор: Мукадам Маткалыкова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.