Ош: Жаш журналисттер социалдык ролик тартуу боюнча окуудан өтүштү

Ош шаарында “Социалдык реклама” боюнча тренингдин алкагында 5 ролик тартылды. “Youth of osh”  коомдук бирикмеси уюштурган тренингди Москвадагы социалдык реклама лабароториясынын директору Гюзелла Никалашвили өттү. Бул тренингге Ош шаарынын журналисттери жана  интернет журналистика мектебинин окуучулары катышты.

 

Өтүлгөн төрт күндүн ичинде тренингге катышуучулар социалдык ролик кандай болоорун жана кандай тартылышы керектиги менен танышышты. Андан кийин топ-топторго бөлүнүп бөлүнүп өздөрү да социалдык роликтерди даярдашты.

Социалдык реклама (2)

Бул тренингдин катышучусу интернет журналистика мектебинин студенти Сулайман Эралиев мындай дейт:

«Мен бул тренингден көп нерсени үйрөндүм. Ролик тартуу оңой деп ойлогом, бирок практика жүзүндө көрүп кыйын экенин түшүндүм. Бул окууда ролик  кандай тартылышын эмнелерге көңүл буруш керек экенин үйрөндүм. Мында бир гана кыйынчылык эмес кулкүлүү окуялар да болду»,-дейт Эралиев.

Гюзелла Николашвили
Гюзелла Николашвили

Бул тренингди өткөрүү үчүн Орусиядан келген эл аралык тренер Гюзелла Николашвили төмөндөгүлөрдү айтты:

«Биз Ош шаарында төрт күн болдук. Төрт күн ичинде биз алып барган тренингде окуучулар, студенттер жана журналистер келип катышты. Алар Орусиянын, АКШынын, Европанын роликтери кандай болушу менен гана танышып тим болбостон өздөрү да социалдык ролик даярдашты. Бул тренингге катышуучулар даярдаган беш социалдык роликтерди түз эле ТВдан эвирге берүгө болот деп ойлойм»,-деп өз оюн айтты.

Социалдык реклама (3)

Окуулукка Оштогу «Башат ТВ», "Ынтымак" телеканалдарынын өкүлдөрү да катышты. "Башат" телеканалынын жарнак боюнча адиси Байгазы Мамаев тренинг боюнча мындай сезимде калды:

«Биз мында эң негизгиси роликти тартып, тартылып, башкача айтканда өз көзүбүз менен көрүп, өзүбүз аралаштык. Практика жүзүндө аны жасадык. Мен бул жерден ролик тартуу боюнча көптөгөн малыматтарга  ээ болдум, ушундай тренингдер бат-баттан болуп турса, жаштарга эң эле жакшы болмок»,-дейт Байгазы.

Социалдык реклама

Бул окуу Оштогу “Интернет Журналистика” долбоорунун алкагында уюшулган. Долбоорду алып баруучу “Youth of Оsh” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Айжан Токтошева буларга токтолду:

«Бул тренинг “Интернет журналистика” курсунун негизинде болуп жатат. Атайын эл аралык тренерлерди чакырганбыз. Биздин максат социалдык реклама аркылу комчулукта адам баласынын жүрүм-турумун жакшы жакка өзгөртүү. Бул тренинг “Youth of Оsh” тарабынынан каржыланды, негизи “Интернет журналистика” долбору эл аралык DVV International уюмунун колдоосунда ишке ашырылып келет»,-дейт Токтошева.

Социалдык реклама (5)

Төрт күндүк окууда жыйырма беш адам катышты. Тренингдин соңунда катышуучулар сертификаткаттарга  ээ болушту.

Сабак 14 –ноябрдан баштап 17-ноябрга чейин, Оштогу “Эко Дом” мейманканасында өттү.

 

Автор: Тойчубек Артык уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку жана айрымдары “Youth of Оsh” коомдук бирикмесинин Фейсбуктагы расмий баракчасынан алынды.