"Жамгырдай жааган" Ала-Букадагы алма бак

Ала-Бука районунунда 3 гектар жерди алма бакка айланткан багбан бар. Садыралы  Мамбеталиев багбанчылык менен эле алектенбей мал чарбачылыгын да мыкты өздөштүргөн. Мындайча айтканда ал билбеген өнөр жок.

SONY DSC

SONY DSC

Жалал Абад областынын Ала-Бука районун Жойбелент айылынын тургуну 3 гектар жерге алма бак кылууда.  Азыркы учурда алмаларынын асты мөмөгө кирип, сатыкка чыгарууда. Жаш кезинен эмгектенип жүрүп алма бакты жетилткенин айтат Садыралы  Мамбеталиев:

«1999-жылы бул жерди менчиктештирип үч жарым гектарды өзүмө өткөрүп алгам. Андан кийин королоп, ташын терип тазалап баштадым. Алгач 100 түп алма тиккем. Алар азыркы учурда мөмө берип жатат. Мен алгач көчөттөрдү төрт сомдон алып тиккем. Бүгүнкү күндө 150 сомдон алып тигип жатам. Жыл өткөн сайын баа көтөрүлүп жатат. Баанын көтөрүлүп баратышы бизге кыйынчылыктар жаралып жатат. Биз алган көчөттөр Кербен шаарынан алынып келинет»,-дейт Мамбеталиев.

Садыралы  Мамбеталиев
Садыралы Мамбеталиев

SONY DSC

Анткен менен короосунун ичине түрлүү мөмө жемиштерин тигип жатканын айтып каарманыбыз мынтет:

«Азыркы күндө мен бир гана алма менен токтоп калбай бадам, гиларс, шабдалы, өрүк мөмө жемиштерди өстүрүп жатам. Быйылкы жылы алма 175 миң сомду түзүп жатат. Кийинки жылга 350-400 миң сомдук алма өстүрүүнү пландап жатабыз. Дыйканчылык менен эле чектелип калбастан, мал чарбасын да чоогу алып баратам. 12 баш жылкы, 15 баш уй, 200 баш коюм бар. Биздин ата бабаларыбыз малдын таза кандуусун өстүрүшкөн. Жакынкы эле жылдарда таза кандуу кыргыз малдары жоголуп кетти. Таза кандуу кыргыз малын кайра калыбына келтирсем деп алдыга максат коюп жатам»,-дейт багбан.  Мамбеталиев.

SONY DSC

SONY DSC

Жубайынын жумушуна жардамдашып бакты өстүрүшүп келе жатканын айтат Алима Мамбеталиева:

«Бул алма бакты өстүрүүдө  кыйынчылыктар көп болду. Жерди 80 миң сомго сатып алдык. Андан кийин документ колубузга толук тийгенден кийин алма тиге баштадык. Биз бакты өстүрүп жатканда бизге эч ким жардам берген жок. Өзүбүздүн күчүбүз менен эле өстүрүп келе жатабыз. Канчалык эмгек кылсаң ошончолук пайдасы тиет»,-деген оюн айтты Алима айым.

SONY DSC

SONY DSC

Жаш кезинен эле атасына жардам берип, атасынын жолун улайм деген Кенжаалы Мамбеталиев мындай дейт:

«Мен жети жашымдан бери ушул жерде чоңойдум. Жаш кезимден эле ишти жакшы кылып, атама көмөктөшүп келгем. Азыркы мезгилде бакты чоңойтууга аракеттенип жатабыз. Менин негизги максатым атамдын жолун татыктуу улоо. Эң кичүү баласы болгондуктан ата энемди жакшылап кароо менин милдетим»,-дейт Кенжаалы.

Кенжаалы Мамбеталиев
Кенжаалы Мамбеталиев

SONY DSC

Бул инсан мээнет кылып эң таза алмаларды өстүруп келе жатаканын айтат багбандын кардарларынын бири Жалалдин Дыйканбаев:

«Мен бул агамды көп жылдан бери тааныйм. Мээнетти сүйгөн адам десек болот. Алмасы  эң таза жана сапаттуу. Багы эми жетилгендиктен таза жана тунук мөмө берип жатат. Келечекте көптөгөн мөмөлөрдү берет деп үмүтөнүп жатабыз. Азыр эле көрсөңөр, алмасы ушунчалык көп мөмө алган. Бир күүп жиберсең, тим эле жамгыр жаагандай боло түшөт»,-деген оюн айтат Дыйканбаев.

Жалалдин Дыйканбаев
Жалалдин Дыйканбаев

SONY DSC

Багбандын азыркы учурда 7 баласы, 13  небереси бар. Жубайы менен баш кошуп жашаганына 44 жылдын жүзү болгон. Учурда 68 жашта.

 

Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.       

Сүрөттөр автордуку.