Чаткал: Борбордук мечитти жаштар оңдошууда

Чаткалдын Каныш-Кыя айылындагы мечит оңдолууда. Бул райондун борбордук мечити катары саналат. Эл буга чейин бийликтер жардам бербей келгенин айтышса, жергиликтүү органдар каражаттын жетишсиздигинен эми гана акча бөлүнгөнүн айтышууда. 

Авариялык абалда турган Чаткалдын борбордук мечитине 5-10 жылдан бери эч ким көңүл бурган эмес. Бул имарат дүкөн болот деп салынып, белгисиз себептен кийин мечитке айланып калган. Магазин деп салынгандыктанбы, айтор оңдолбой, соңку күндөрү баг эч ким каттабай деле калган болчу.

SONY DSC

“Азыркы учурда жаштардын демилгеси менен оңдолуп жатканын” айтат  Чаткал райондук жаштар кеңешинин төрагасы Алтын Орозов:

«Бул Мечит Чаткал районун борбордук мечити. Эскилиги жетип чатырчасынан суу өтүп келген. Быйылкы жылы жаштар  мечитти оңдоо үчүн айыл өкмөткө кайрылуу жазганбыз. Кийин  айыл өкмөт бул демилгени колдоп 300 миң сом бөлүп берди. Азыркы учурда ичин оңдоп жатабыз. Биздин бул демилге акимге да жакты. Кийинки жылы чатырчасына да бюджеттен акча бөлүп бере турган  болду»,-дейт Орозов.

Алтын Орозов
Алтын Орозов

Мечит курулгандан бери оңдоо түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн абалы оор болгон. Чатырчасынан суу да өтүп келген. Мечиттин абалынын жамандыгынан убактылуу  жабылып калган. Оңдоо түзөө иштеринен кийин абалы жакшырууда. “Жакынкы күндөрдө кайрадан  колдонууга берилет деген оюн айтат” Канат Мамакеев.

«Биздин борбордук иечиттин абалы абдан оор эле. Жаштар демилге көтөрүп оңдошууда. Оңдоо түзөө иштери бүтсө колдонууга берилет. Мечитти таза кармоо ар бир мусулмандын парзы. Алланын үйү деп айтылат. Бирок азыркы күндө Алланын үйү эмес дааватчылардын үйү болуп жатат. Келип алышып өзүлөрү каалагандай жашашып жатат»,-деп билдирди Мамакеев.

SONY DSC

“Анткен менен мечит дааватчылырдын үйү” деген пикирди имамдар четке кагат. “Мечит Алланын үйү болуп айтылат” дейт имам Акматбек Нышанов:

«Мечит мусулмандардын сыйына турган жери болуп эсептелет. Бул башта чайкана болуп салынган. Кийин гана мечит болгон. Курулгандан бери бир да жолу ремонт болгон эмес. Азыр айыл жаштарынын демилгеси менен оңдолуп жатат. Ушул убакка чейин бийликтен эч кандай жардамдар берилбей келген эле. Жаштарга рахмат айтышыбыз керек.  Мечитке дааватчылар келип турушат. Алардын жатканга жайы жок. Ошондуктан мечиттин өзүндө калышат»,-деп билдирди Нышанов.

Акматбек Нышанов
Акматбек Нышанов

Ал эми бийликтер болсо бюджеттин тартыштыгын   айтышып курулуш иштерине болушунча жардам берип жатканын айтат. Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары  Жуманалы Накетаев мынтет:

«Биз бюджеттин тартыштыгынан бир жыл ичинде баарына тегиз жардам бере албайбыз. Быйылкы жылы мечитке деп 300 миң сом акча бөлүндү. Мен жакынкы күндөрдө эле бул кызматка келдим. Мурдагы жетекчилик эмнеге жардам бербеген, бизде ал жөнүндө толук маалымат жок»,-дейт Накетаев.

SONY DSC

Бирок адистер соңку жылдары айыл жерлеринде мечиттердин көбөйүп жатканын айтып келишет. Алар мечиттер мектептерден да көп салынып жатканына белгилешүүдө.

Чаткал району боюнча  учурда жалпы 12 мечит бар, анын алтоо намазкана деп саналат.

Жалал-Абад облус аймагында 616 мечит болсо, анын ичинен 448и гана мамлекеттик каттодон өткөн. Мындан улам 150дөн ашуун мечит эч кандай каттоосу жок иш алып барып келет.

 

Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.       

Сүрөттөр автордуку.