Чаткал: Жолдун начардыгынан товарлар кымбат келүүдө

Чаткал районуна азык түлүктүн кымбат келип жатканына эл нааразы болууда. Башка райондорго салыштырмалуу баанын жогору болушу көйгөй жаратып келет. Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жолдун жамандыгын айтышса. Ал эми бийлик жол маселесин карап жаткандыгын билдиришүүдө.

SONY DSC

Жалал-Абад областынын борборунан Чаткал районуна чейин 380 кило метр жолду түзөт. Жолдун жарымынан баштап, тагыраагы Ала-Бука менен Чаткалды байланыштырып турган 150 кило метр жерде асфальт жок. Жолдун жамандыгы элге кыйынчылыктарды жаратууда. “Элдин көйгөйүн чечкен бир да чиновник жок экенин” айтат жергиликтүү тургун Канат Мамакеев:

«Чынын айтканда Чаткал элинде арман көп. Себеби элдин үнүн уккан эч ким жок. Ар ким өзү үчүн иштеп жатат. Башка районго салыштырмалуу баалар кымбат. Бул маселе боюнча бир канча жолу жогору жактагылырга кайрылдык. Ушул күнгө келип эч кандай тыянак чыккан жок. Өткөн жылы Жантөрө Сатыбалдиев келгенде жол маселеси курч коюлган. Чаткалдын жолу стратегиялык мааниге ээ эмес деп айткан. Андан кийин жаштар көтөрүлүп, талаптарды коюшуп келет. Жолдордун жамандыгынан эл кыйналып жатат»,-дейт Мамакеев.

SONY DSC
Канат Мамакеев

 

Жолдун катаалдыгынан мында келген товарлар да кымбат. Башка райондорго салыштырмалуу баа эки эсе кымбат келет. Маселен, бир кап ун Ала-Бука районунда 1200 сомду түзсө, ошол эле товар Чаткалда 1600 сомго келет. Чаткалда жолдун жамандыгынан унаалар да аз каттайт. “Унаалардын жоктугунан элге кыйынчылыктар жаралып жатканын” айтат тургундардын бири Алтын Орозов:

«Эл жол маселесинен абдан кыйналууда. Бизде жол акы да абдан кымбат. Коңшу райондорго салыштырмалуу бизде баа жогору. 1 кг жүк 4 сомдон келип карапайым калкты кыйнап келет. Ала-Бука районунда 1 кг сахар 50 сом болсо ал эми бизде 60-65 сом болуп, ал эми 1 литр май 120-130 сомду түзүүдө. Себеби жолдор жаман. Соодагерлерди да көзөмөл кылган эч ким жок. Бул мамлекеттин кайдыгерлиги»,-деген оюн айтат Орозов.

Алтын Орозов
Алтын Орозов

Азыркы учурда Чаткалга 1 кг жүк 4 сомдон келип жатса кышкысын дагы кымбаттап кетет. Себеби айдоочулар күйүүчү майдын көп кетерин айтышып бааны жогорулатып коюшат. “Жол акынын кымбатташына карап азык түлүккө да баа кошулаарын” айтат соодагерлердин бири  Нурайым Чоңатаева:

Нурайым Чоңатаева
Нурайым Чоңатаева

«Бизде жол маселеси өтө татаал. Ала-Бука районунан 1 кг жүк Чаткалга 4 сомдон келип жатат. Ал эми ошол эле 1 кг жүк Бишкектен Ала-Бука районуна 2 сомго келет. Анан бул жакка келгенде кымбаттап кетип жатат. Кышкысын баа көтөрүлүп да кетет. Себеби жолдор татаалдашып, күйүүчү май көп кетет деп айдоочулар бааны көтөрүшөт»,-деген оюн айтат Чоңатаева.

SONY DSC

Бийликтер болсо жолдорду мамлекетик деңгээлдеги маселе экенин айтышып, азыркы учурда соодагерлер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатканын айтат акимдин биринчи орун басары Жуманалы Накетаев:

«Биздин район Ала-Бука району менен чектешип турат. Ортодогу 150 кило метр жолдо асфальт кура албай келебиз. Бул маселе мамлекеттик деңгээлдеги маселе. Биздин райондун өзүнүн бюджети жок болгондон кийин, антип-мынтип эле жолду асфальттап сала албайт экенбиз. Бирок мүмкүн болушунча товарларды арзандатууга аракеттенип жатабыз. Азык-түлүк ташыган соодагерлер жол акы кымбат экенин айтышкан. Азыркы күндө унаа айдоочулар менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатабыз»,-деп билдирди Накетаев.

Жуманалы Накетаев
Жуманалы Накетаев

Монополияга каршы күрөшүү кызматы бааны көзөмөл кыла алышпайт. Анткен менен жергиликтүү тургундар баанын кымбатташына нааразы. Бийликтер жолду качан оңдойт ал белгисиз бойдон калууда.

SONY DSC

Чаткал районунда 25 миңден ашык калк жашайт. Аталган район Жалал-Абад областынын катаал шарттагы толуу райондордуна кирет.

 

Автор: Бекмамат Абдумалик уулу.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.