Ош: Медресенин тикененек зым менен тосуу талаш жаратты

 Черемушка кичи районунун жашоочулары алардын маңдайында жайгашкан медресенин тикенек зым менен тосулушуна нааразы болушууда. Тургундар кокустан дубалга асыла калган балдар беттерин, колдорун тытып алууда дешет. Ошондой эле алар, медресе бала бакча болсо деген пикирлерин жана алардын бир нече ирет жазган арызынын жыйынтыгы жоктугун айтышууда. Медресенин жетекчилери болсо, кашаанын илгертен эле болгондугун билдирет.

Черемушка кичи районунун “Гостелло” көчөсүндө жайгашкан №1-көп кабаттуу үйүндөгүлөр медресе жетекчилигине муну бир канча жолу айтышкан. Бирок жыйынтык болгон эмес. Кадимки эле диний билим берүүчү мекеме мынтип өзүнүн короосун тикенек зым менен тосуп жатканына тургундар эч эле түшүнбөй келишет. Мындагылардын бири Алтынай Усманова:

“Эмне үчүн бул жер медресе болуп туруп, түрмөгө окшотуп айланасын тосуп алганына түшүнбөйм. Биз мунун медресе экендигин билебиз бирок, сырттан келген туугандарыбыз болсо, бул жер “түрмөбү” деп айтат. Анан биз мында жашагандан кийин той өткөрөбүз дегендей алар “түрмөнүн жанындагы үйбү?” деген сөздү айтса туура келбей калат. Жаш балдарыбыз ал жерде ойноп бети колун тытып алып жатышат. Эми 10 балабыз болсо, ошолор жараат албасын деп, аларды карап үйдө иштебей отуруш керекпи? Мейли тосуп кое берсин, бирок зым менен эмес жок дегенде дубал уруп койсун”,- деди Усманова.

Алтынай Усманова
Алтынай Усманова

Ошол эле жердин дагы бир жашоочусу Узаркан Кадымаева бул жайдын медресе экендигин билдире турган, эч кандай белгиси жок экендигин, арыз жазылган тийиштүү мекемелерден эч кандай жыйынтык жоктугун жана ушул жер мурдагыдай бала бакча болуп, кайра жаңырса болот деген оюн айтты:

“Медресенин ордуна, коомго пайда тийгизе турган, жеке менчик болсо да бала бакча болгону жакшы. Азыр балдар ойногонго да жер жок, бала бакчага барышпайт, унаа коюлган жерлерде ойношот. Ошондой эле мунун билим алуучу жай экендигин билдире турган, жазуусу деле жок. Көргөн адамдар “бул жерде зектер жашайбы?- дешет”. Биз деле атагы бар имараттын жанында болсок унчукпайбыз, бул жердин эл ичинде аталган ысымынан уялып да калдык. Маселени чечүү үчүн ушул жерде жашаган 100 дөн ашуун үй-бүлө чогулуп, мэрияга, прокуратурага тийиштүү органдардын баарына арыз жаздык. Бир дагы жыйынтык болбоду”,-деди.

Узаркан Кадымаева
Узаркан Кадымаева

А медресенин жетекчилери болсо, бул жердин бала бакчадай эле элге пайдасы бар мекеме экендигин, ошондой эле тикен зымдарынын тосулгандыгы эч кандай зыян жаратпастыгын  жана  кашаанын буга чейин эле болуп келгендигин айтышты. Медресе жетекчисинин орун басары Анара Бекиева буларга токтолду:

“Бала бакчанын медресеге айланышында муфтияттын же биздин тиешебиз жок. Анткени Акаевдин мезгилинде, бакчаларды “тап” катары жоюшкан. Ошол бакчалар азыр склад, институт жана жеке менчиктеги ишканаларга айланган. А биз болсо, медресени коомго пайдасын тийгизе турган жер катары кармап турабыз. Биздин медресе, бала бакчадай эле элге пайдасы бар жер. Себеби, биз бул жерде  бир гана дин таануу эмес, компьютер, тигүүчүлүк курстарынан, анлис тили, тарых сабактарынан да билим беребиз”,-деди.

Бекиеванын айтымында бул медресе жеке менчик катары Жанара Максутова аттуу жаранга таандык:

“Максутова  Жанара деген айымдын эмгеги менен түзүлгөн жана башка медреселерден өзгөчөлөнүп турат. Бул жерде 20 жашка чейинки, 200дөн ашуун окуучулар билим алышат. Биз аларды 3-4 жыл окутабыз. Жалаң гана кыздар окугандыктан тартип күчтүү бирок, зым тоскончолук эмес. Биздин коргонуубуз тикенек зымда эмес, көкүрөктө. Кашаа болсо, бизге чейин эле болуп келген. Мисалы анын каптал жагы ачык эле турат, медресенин ачылганына 7-8 жыл болду, бирок тоскон жокпуз, ага ашкан байлыгыбыз да жок”-дейт, медресенин жетекчисинин орун басары Бекиева Анара.

Копия Медресе

Бийликтер болсо бул маселени аз күндөрдө эки тараптуу кылып чечип беребиз деген ойдо. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алымбай Кадыров мынтет:

“Негизи бул медресе боюнча иш менен тааныш эмес экемин. Эми биз карап көрүп, эки тарап тең нааразы болбой турган абалда чечип берүүгө аракет кылабыз. Анын менчик укугуна байланыштуу болот баары. Негизи бул ишти шаардык архитектура кызматы карашы керек”,-дейт Кадыров.

 

Автор: Мукадам Маткалыкова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр редактордуку.