Ош: Официанттардын укугу коргоо демилгеси көтөрүлүүдө

Ош шаарында  жаш официанттардын саны 3000ден ашты. Алардын укуктары корголбогондуктан жана картайганда «пенсия» албай  калбашы үчүн,  учурда юридикалык  иш чара иштелип чыгууда. Жаштар болсо, бул иште убактылуу иштеп жаткандыгын айтышат.

 

Ош шаардык Жаштар комитети жыл соңуна чейин ресторан, кафе жана чайханаларда официант болуп иштеген студенттердин укуктарын коргоо боюнча шаардык бийликке расмий сунуш менен чыгууда. Комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев:

«Шаардык кеңешке официалдуу түрдө официанттар жөнүндө демилге көтөрүүнү  кабар кылдык жана  депутаттар бул ишти  колдоду. Себеби, бүгүнкү күндө 3000 ден ашуун жаштар официант болуп иштешет. Бирок алардын укугун эч ким коргобойт. Мисалы, колун кесип алса же башка нерсе болсо, эч бир кафенин ээси ага кепилдик бербейт. Экинчиден, буларды кафенин ээси каалагандай пайдаланат, жада калса жаман жолго тарткандар да бар, бул жашыруун эмес. Ошол себептен биз жакында рейд жүргүзөбүз”,-дейт ал.

Сонун

Жунусбаев бул иш укуктук жактан да кошо алып барылат дейт:

“Учурда юристтер менен биргеликте иш чара иштеп жатабыз. Анткени дагы бир мисал катары 40-50гө чыгып калган официант  эжелер бар. Алар социалдык фондго акча төлөбөсө, эртең ким аларга пенсия берет? Мына ошол демилге менен иш алып баруудабыз. Буйруса официантттардын маданияты жөнүндө окуу курстары ачылат. Анда, алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө окутулуп, соцфондго акча төлөө жолдору да каралат»,-деди Жунусбаев.

Бирок кафелердин жетекчилери, официанттарга эч кандай начар мамиле көрсөтүлбөстүгүн жана аларды коргоочулары бар экендигин айтышат.

“Ак-Ордо” ресторанынын администратору Нургазы Наркозу уулу мындай дейт:

«Бизде иштеген  официанттар 18 жаштан жогоркулар. Алар баары студенттер, өз каалоолору менен келип иштешип, күнүмдүк акысын алышат. Бизде алардын укутары жакшы каралат. Анткени, келген кардарлардын ичинен чектен чыгып тартип бузгандары болсо, атайын дайындалган сакчылар бар. Ошондой эле идиш-аяк сынганда да, анын акысы той ээсинен алынат. Бизде баары 50 дөн ашуун улан кыздар иштешет. Ал эми иштөө убактысы таңкы 10:00 дөн түнкү 2:00 гө чейин болот»,-дейт Нургазы  Наркозу уулу.

Ал эми ресторанда иштеген студенттер аларга эч кандай зордук көрсөтүлбөгөндүгү, кардарлар жакшы мамиледе болгондугу жана алар күнүмдүк жашоосуна керектелүүчү акчаны ушул жерден тапкандыгы тууралуу белгилешет.

“Ак-Ордо” ресторанынын официанттарынын бири Жаңылай Шакирова:

«Кардарлар бизге жакшы мамиледе болушат жана алар сындырган идиш-аяктарга,  биз жооп бербейбиз. Мен 3 айдан бери эле ушул жерде иштейм. Күнүнө 300 сомдон акча алабыз. Анткени, мен студент болгондуктан күнүмдүк жеген ичкениме акча керек болот»,-деп билдирди Шакирова.

Ошондой эле дагы бир жаш официанттардын бири да бул жерге аз күн мурда келгендигин жана кээ бир учурд универсалдуу официант болуп иштегендигин  айтты.

Официань (1)

Шаардагы ресторандардын биринде иштеген Уулжан Тураева:

«Стажировкадан өтүп келгениме 1 күн болду. Келгенимен бери жаман кардарларды жолуктурбадым. Жумуш жакшы бирок, кээ бир учурда универсал да  болуп иштейбиз. Мисалы: тамак даярдап же картошка, пияз аарчып дегендей. Ал эми кечелер башталгандан тарта, классикалык форма кийип иштейбиз»,-деди Тураева.

Бирок баардык эле ресторандарда мамиле мындай боло бербейт. Атын атабоону өтүнгөн шаардагы ресторандардын биринин официанты өз башына туш келген окуясын мындайча баяндайт:

«Биз иштеген ресторанда башында баары эле жакшы болчу. Кийин 20 кыздын ордуна онубузду иштетип абдан кыйнай баштады. Биздин милдеттерге кирбеген жумуштарды тапшырып коюшат. Администратор болсо бир жолу биздин кыздардын бирөөсүн төшөккө да тартканга аракет жасап көрдү. Бирок ал кыз ошол боюнча ал жерге келген жок. Бир жолу болсо, бизди ресторанга түнү менен камап коюп кетип калышкан»,-деди ал.

Маалым болгондой, Ош шаарында 100 миңден ашык жаштар бар. Алардын 60 миңдейи студент катары ЖОЖдордо билим алышат.

 

Автор: Мукадам Маткалыкова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.