“Ош шейиттери” уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева үй камагына чыгарылды

26-ноябрь күнү  ички иштер кызматкерлери тарабынан кармалган Тургунайым Айтиева кечээ кайрадан үй камагына чыгарылды. Бирок тергөө иштери улантыла бермекчи. Ал Ош шаарынын тургунун сабап салды деп айыпталууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков:

“Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева, 26-ноябрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Буга чейин анын үстүнөн бизге бир  нече ирет  келип түшкөн. Бирок алар мурда Тургунайым  менен өз ара  келишип  алгандыктан, сот иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул жолу Ош шаарынын жашоочусунан арыз келип түшкөн.  Анда аны уруп, денесине залал келтирилгендиги тууралуу жазылган.  Ал боюнча кылмыш иши козголуп, КРнын кылмыш кодексинин 105-беренесинин негизинде айыпталып кармалган болчу»-деди,  Сыдыков.

“Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева үй камагына бошотулду. Ош шаардык соту 28-ноябрь күнү кечинде ушундай чечим чыгарганын шаар милициясынан тастыкташты. Козголгон лмыш иши боюнча териштирүүлөр уланып жатат.

Шектүү делген айымдан жабыр тарткан аял, андан чоң суммадагы акчаны жардам катары алып, аны пайыз түрүндө төлөп бергендигин, ошондой эле  акчаны төлөбөгөн  адам  катарында, бир канча ирет Айтиева аны сабап, сот башкармалыгына арыз жазууга мажбур болгондугун билдирди.

Кочконова жана Дилабза Мырзакаримова

Ош шаарынын жашоочусу Дилабза Мирзакаримова:

“Тургунайым  Айтиева мага жардам катарында 100 000 акча берген. Мен аны пайыз түрүндө алганым үчүн алтындарымды күрөөгө койгом. Кийин мен ага 240 000 акча төлөп бердим. Бирок ага деле болбой, дагы сурай берип акчам түгөндү десем, мени үйгө алып кирип балдарымдын, жада калса ээрчитип келген милициялардын көзүнчө уруп сабады. Анан болбой арыз жазууга мажбур болдум. Күйөөм  2010-жылы  коогалаңда каза болгон. 4 балам менен жесир калгам. Карыган атама да менин карыздыгымы айтып бакырды эле, атам да ооруп калды»,-дейт Мирзакаримова.

Июнь окуясында уулу каза болгон Дилбар Көчкөнова да шектүү  делген аялдын, Ош коогалаңында  жабыр тарткандардын үстүнөн, бөлүнгөн акчаны жеп койгондугун жана ага кылмыш иши козголбой, эми гана  кылмыш ачыкка чыккандыгын  билдирди:

«Мен анын үстүнөн канча фактыларды таап бердим. ИИМ кызматкерлери билет. Тургунайым Ош окуясынан пайдаланып, шейиттердин үстүнөн акча жеп отурат. Канча жолу бийликтегилерге барды, биздин үстүбүздөн акча сурап. Бөлүнгөн акчаны кээ бир шейиттердин үй-бүлөсүнө  гана берип, калганын өзү жеп жүрөт. Мен болбой, акыры ички иштер башкармалыгына чыр салып жатып, бул ишти араң караттым. Жада калса, “жабыркагандарды курортко барсын” деп бөлүнгөн акчаны да, көрсөтпөй жок кылды”,-дейт Көчкөнова.

Дилбар Кочконова

Айтиеванын өзүнөн маек алууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бирок ал буга чейинки ММКларга берген маегинде июнь окуясына деп курулган үйлөр ээсин таппай жатканын айтып, муну көпчүлүгү акча менен алып жатканын айтып келчү.

“Ош шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева:

«Мыйзам боюнча айтканда, «бир гана каза болгондордун  үй-бүлөсүнө жана үйү өрттөлгөндөргө батир берилсин»,-деген токтом бар. Бирок, мурда бир бүлөдө жашап туруп, кийин 2-3кө бөлүнүп батир алып алгандар боюнча фактылар  бар. Менин өзүмдүн эле жанымдагы 50 батирлүү курулган үйдөң биздин уюмга 18 гана адам мүчө болуп өттү. Калгандарынын документтерин да бербей качып жүрүшөт. Себеби коррупция жолу менен үй алгандыгы көрүнүп турат»,-дейт Айтиева.

Тургунайым Айтиева Ош окуясынан соң “Ош шейиттери” коомдук уюмун ачып, 2010-жылкы коогада жабыркагандарга батир, компенсация алуу боюнча жардам берип жүргөн.

Автор: Мукадам Маткалыкова.

Редактор: Эрнист Нурматов.

Сүрөттөр автордуку.