Мырзакматов Оштун мэрин шайлоодо талапкерлигин кое тургандыгын билдирди

Оштун мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулган Мелис Мырзакматов алдыдагы түштүк борбордун башчысын шайлоодо талапкерлигин кое тургандыгын билдирди — бул тууралуу ал Би-би-си кыргыз кызматына берген маегинде билдирген.

Мырзакматов мэрлик кызматтан 5-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен бошотулган. Бийликтегилер муну алдыдагы Оштун мэрин шайлоо менен байланыштырып жатышат.

Мырзакматовдун өзү Би-би-синин кыргыз кызматына берген маегинде дээрлик төрт жылдан бери башкарып келе жаткан түштүк борбордун мэри кызматына талапкерлигин кое тургандыгын билдирген.

«Эл колдоп турса, кудай буюруса сөзсүз шайлоого барабыз. Жакынкы күндөрү мен жетектеп турган “Улуттар биримдиги” партиясы саясий кеңешинде  алдыдагы шайлоо боюнча позициясын билдирет.», — деген ал Би-би-синин кыргыз кызматына берген маегинде.

Саясатчынын айтымында, ал премьердин кызматтан алуу жөнүндөгү буйругун «түшүнүү менен» кабыл алган. Мырзакматов быйыл жыл башында мөөнөтү аяктагандан бери мэрдин милдетин аткаруучу статусу менен иштеп келе жаткан.

Буга чейин укук коргоочу Гүлшайыр Абдурасулова Мырзакматовдун алынышы анын шайлоого катыша тургандыгына байланышкан формалдуулук экенин айткан болчу.

«Сыягы, ал өзү да мэрликке талапкерлигин коет болушу керек, мыйзамга ылайык, шайлоодо административдик ресурстун колдонулбашы үчүн ал кызматынан кетиши керек», — деп билдирген ал өз пикирин Facebook социалдык түйүнү аркылуу.

Бирок Социал-демократтар партиясынан (КСДП) депутат Абдыманап Кутушев «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде Мырзакматовдун кызматтан алынышы анын Ош шаарында өтүп жаткан оппозициянын митингиндеги «шайкеш келбеген» билдирүүлөрүнө байланыштуу экенин билдирген.

«Кандай гана баскычтагы мамлекеттик кызматкер болбосун анын өлкөнүн бөлүнүп-жарылышына алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү жасашына жол берүүгө болбойт», — деп жазган интернет-басылма депутаттын айткандарын.

Шайлоого чейин Ош мэринин милдетин Алимжан Байгазаков аткарат, бирок азырынча шайлоонун качан болоору белгисиз — аталган шаарлардын башчыларын шайлоо президент Атамбаев Бишкек жана Ош шаарларынын макамдары жөнүндөгү жаңы мыйзамга кол коймоюнча өткөрүлбөйт.

Былтыркы шайлоодон кийин шаардык кеңештин жаңы курамы дароо эле мэрди шайлоо менен алектенип башташы керек болчу, бирок Бишкек жана Ош шаарларынын макамдары жөнүндөгү мыйзам долбоорунун көпкө каралышынан улам шайлоо кийинкиге жылдырылып келүүдө.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса Ош шаарынын мэрлигине премьер-министр эле эмес парламенттин фракциялары да талапкер көрсөтө алышат.

Бийликтегилерди сындоо

Мырзакматов акыркы бир нече күндөн бери саясатчыларды коррупция үчүн камакка алууда «тандап мамиле кылуу болуп жатканын» айтып, борбордук бийликтин дарегине карата сындарды айып келген.

Ал коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары уюштурган митингде сөз сүйлөп, бийликтегилерди калыстык үчүн социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбековду lf камакка алууга чакырган.

Шейшемби күнү премьер-министр Сатыбалдиев Мырзакматовдун билдирүүлөрүнө нааразы экенин ачык эле айтып, аны «өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого» чакырган.

Аны менен катар апта башында Ош мэринин партиясы «Улуттар биримдиги» алдыдагы шаар башчысын шайлоонун алдында партиянын шаардык кеңештеги депутаттарына карата бийлик тараптан басым жасалып жатканын билдирип чыккан.

Мырзакматовдун партиясынын депутаттары Ош шаардык кеңешиндеги орундардын жарымынан бир аз көбүрөөгүн (45 орундун 23үн) ээлеп турат.

Автор: Эльдияр Арыкбаев

Сүрөттүн автору: Эрнист Нурматов