Учар аймагындагы Дача тилкесинин азабы

Учар аймагындагы Дача тилкесинде суу, оорукана, мектеп жок . Ош шаардык бийлиги көйгөйлөрдү чечип берем деп убадасын берип келген. Ал эми жашоочулардын айтымында көп маселе ушул күнгө дейре чечилбей келет. Адистер 2014-жылкы бюджеттен каражат бөлүнөөрүн билдиришүүдө.

Дачанын тургуну Абдыразак Таштанбеков аймакта таза суунун жоктугу жанга батканын «Биздин айылда эӊ керектүү таза суу, мектеп, балдар бакчасы, медициналык пункт, дамба, мечит жок. Сууну каналдан ичебиз. Ал каналдан эшектин, иттин өлүгү, малдын тезеги агып келет. Ошонун баарын аралаштырып ичип жатабыз. Балдарыбыз мектепке шаардын булуӊ-бурчуна барып келип окушат. Дагы бир көйгөйлүү маселе бул дамба. Былтыркыдай дагы сел келсе үйлөрдү жууп кетет. Мурунку жылы сел келгенде үйлөрдү, гараждарды, тоок кана, мал каналарды жууп кеткен. Карапайым эл канча миӊдеген акчага күйдү. Азыркы күнгө чейин ошол дүнүйөбүздү ордуна келтире албай жатабыз. Эл дагы бир селди, көтөрө албайт. Айылда таштанды төгө турган контейнер жок. Сел ага турган канал бар. Ошол күндөн-күнгө таштандыга толууда»-, дейт Абдыразак.

Дача (3)

Учар аймагындагы Дача тилкесинин дагы бир тургуну Нуржамал Эркулованын айтымында көйгөйлөрдү, эл өз алдынча чечкенге аракеттенүүдө.

«2012-жылы биздин айылга сел келгенде көпүрөнү, көчөнү, үйдүн дубалдарын, тосмолорду жууп кеткен. Көчөнү сел алып кеткендиктен автоунаа өтө албай калган. Ар бир үй-бүлө 5миӊ сомдон топтоп жол ачтык. Көпүрө салдык. Жалпы сумма 200 миӊ сомду түздү. Эми мындан сырткары дагы 4 көпүрө курулуш керек. 2012-жылы мэрибиз Мырзакматов өзү келип, силерге дамба, мектеп куруп беребиз деп убадасын берип кеткен. Бирок тилекке каршы убадасын аткарган жок. Менин угушум боюнча шаардык депутаттар сен акчаны туура эмес бөлүштүрдүӊ, Дача тилкеси Ош шаарына караштуу эмес деп ызы-чуу чыгарышкан экен»-, деп айтат Эркулова.

 

Кварталдык комитеттин төрагасы Ысак Ормоновдун айтымында айылдын көйгөйлөрүн Ош шаардык мэрия чечип бериш керек.

«Биздин айылда 2673 адам жашайт. 528 үй курулган. 70% сырттан келгендер. Биз Кара-Суу шаарына карачубуз. 2013-жылдын сентябрь айынан баштап Ош шаардык мэриядан токтом чыкты. Ошол токтомдун негизинде, биз Ош шаарынын карамагына өттүк. Кара-Суунун мэриясы биздин көйгөйлөрдү уккан да жок, чечкен да жок. Эл аларга нааразы. Азыркы күндөгү Дача тилкесинин аталышы №12 Курманжан-Датка2 аймактык кеӊеш.

Дамба, мектеп, медициналык пункт жана башка курулушка кетчү каражатты 2014-жылкы бюджетке киргизип бериниздер деп Ош шаардык мэрияга кат жаздык. Мэр өзү убада бергенден кийин, кийинки жылы чечип бериш керек»-, дейт Ысак.

Дача (2)

№12 Курманжан-Датка2 аймактык кеӊештин төрайымы Нурила Кочкорбаевага Клооп.кж суроо менен кайрылды.

Клооп.кж: Дача тилкесиндеги көйгөйлөр чечилеби?

Нурила Кочкорбаева:

-Биз жөн отурган жокпуз, иштеп жатабыз. Шаардык кеӊештен токтом чыкты. Токтомдун номери №118, 4-июль, 2013-жыл. Токтомдун негизинде, шаардык макамга ээ болду. Бюджет бир жылда бир эле жолу каралат. 2014-жылдын бюджетинен акча бөлүнөт. Мектеп, садик, мечит курулат. Трансформатор орнотулат. Таза суу киргизебиз. Электр кыймылдаткыч, насос, суу тунуткуч буларга жалпы чыгым 5млрд. сом бөлүнөт. «Арис» деген бей өкмөт уюмга долбоор жаздык. Алар 2 млн.545миӊ сом бөлүп берет, буйруса ФАП салынат»-, дейт ал.

Адам укугун коргоо «Advocacy» борборунун юристи Улан Бекмуратовдун айтымында көйгөйлөр чечилет.

«Биз бул Дача тилкесинде 2012-жылдын август айынан бери иштеп келебиз. Биздин максат Ош шаарынын карамагына өткөзүү болгон. Максатыбыз ишке ашты. Ош шаардын Баш планы иштелип чыкты. Баш планга мектеп ,ФАП, бала-бакча киргизилди. Баш планда көрсөтүлдү деген сөз, көп өтпөй ишке ашат дегенди билдирет. Мына аймактык кеӊеш ачылды. Такай иштеп чуркай турган адам Нурила эже, төрайым болуп дайындалды.

Ушул жылдын декабрь айында кийинки жылдын бюджетинин угуусу болот. Ошол жерде төрайым сиздердин көйгөйдү көтөрөт. Ош шаарынын мэриясына рахмат. Силерге жардам берүүгө колдон келишинче аракет кылууда. Мэр өзү мисалы көпүрө куруп берем деген күндө да, ал шаардын депутаттары менен макулдашуусу зарыл. Ансыз маселе чечилбейт.

Дача (4)

Kloop.kg Учар аймагындагы Дача тилкесинин көйгөйлөрүн чечүүгө болобу?-деген суроо менен карапайым элге кайрылды.

Манап Ысманов, Дача тилкесинин тургуну:

Айылдын ички резервин колдонсо болот. Дача тилкесинде түштүк академиянын имараты бар. Азыркы убакта ал иштебейт. Союз мезгилинде курулган. 3 кабаттуу эски имарат. Түз жерде жайгашкан, короосу чоӊ. Ушул имаратты оӊдоп түздөп мектеп кылса болот. Же болбосо бала-бакча катары иштетсе болчудай.

Асида Кыпчакова, Ош шаарынын тургуну:

Биздин мэрибиз Мырзакматов өзү жакшы киши. Эӊ мыкты иштейт. 2010-жылкы тополоӊдон кийин шаар күйүк жыттанган. Мына азыр эми жаркыратып оӊдоп койду. Бул киши өзү, элге жардам берейин эле дейт. Бирок көрө албаган душмандары да жок эмес. Ушундай эр азаматтарыбыз көп болсо Кыргызстаныбыз өнүгүп кетмек.

Манап Таабалдиев, Ош шаарынын жашоочусу:

Учар аймагындагы Дача тилкеси негизи калктуу конушка ылайыкташкан эмес. Ал жер союз убагында дача болгон. Шаардыктар алтынчы базар күндөрү барып эс алышкан. Азыр эми беш кошкондун баары ошол жака толуп алды.

Мээрим Балтабаева , Ош шаарынын тургуну:

Көйгөйдү чечсе болот. Эл оозун ачып отура бербей өзү да аракет жасаш керек. Жергиликтүү бийлик да каражат бөлүп берүүгө тийиш. Маселенин баары акчада болуп жатпайбы. Каражат жетиштүү болсо эле көп көйгөйдү чечсе болот. Мен ойлойм эӊ биринчи дамба куруу зарыл.

Автор: Элиза Таштанова

Сүрөттөр: Автордуку

 Макала «Кабар Ордо» долбоорунун алкагында жарыяланды