Ош Эл аралык аэропорту өзүнүн тарыхында биринчи жолу 1 жыл ичинде миллионунчу авиа жүргүнчүсүн кабыл алды. Буга чейин аба майданы жылына 800-900 миң адамды гана тейлеп келчү. Бул саамалык аба майдандын өнүгүп баратканынан кабар берет дешет аэропорт жетекчилери. Бирок адистер жүргүнчүнүн саны көбөйгөнү менен тейлөө эски бойдон калып жатканына токтолушууда. Өзгөчө жер кеңейбесе, эл тыгылып атат дешет серепчилер.
Миллионунчу жүргүнчүнү аныктоо үчүн атайы Ошко келген “Манас” аэропортунунун директор орун басары Кирилл Шевченко аба майдан жаңы бир ийгиликтерге жол алганын белгиледи. Анын пикиринде, бул иш Ош аба майданынын өнүгүп баратканынан кабар берип турат:
“Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик. Буга чейин биз “Манас” Эл аралык аэропортунунун 2 млнчу жүргүнчүсүн кабыл алдык эле. Эми болсо мынтип, Ош Эл аралык аэропорту жаңы баскычка көтөрүлүп турат”,-дейт Шевченко.
24-декабрь түшкү саат 13:00дөн кийин автоматтык түрдө миллионунчу болуп катталган 64 жаштагы Калыскан Мурзубраимова атайын сертификатка ээ болду. Миллионунчу жүргүнчүнү тейлеп жаткан “Эйр Кыргызстан” авикомпаниясы да жүргүнчүгө бир жолу каалаган багытка бекер учуп барып-келүүнү убада кылды.
Бул мүмкүнчүлүккө ээ болгон Ош-Бишкек каттамынынын жүргүнчүсү Калыскан Мурзубраимова аба майдандын тейлөөсүнө ыраазы экенин айтты:
“Ушундай бир бактыга туш келгеним үчүн мен абдан кубанычтамын. Ошто жакшы бир иш орун алып жатат десем жаңылышпасам керек. Мен негизи эле аябай көп каттайм. Ушул эле Ош аба майданынан Дубайга учтум, Түркияга каттап турам тынбай. Анан ушул Ош-Бишкек да тынбай учуп турам. Анткени биз чалым экөөбүз Бишкекте, а балдарым бул жакта Ошто турушат. Анан ар эки ай сайын, же кээде ар бир ай сайын деле учуп келип турам. Негизи барган сайын жүргүнчүлөрдү тейлөө абдан жакшырып баратат. Буга чейинки жылдары Ош эл аралык аэропорту жылына 800-900 миң жүргүнчүнү тейлеп келчү. Аба майдан аркылуу учкандардын саны млнго жеткен учур аэропорттун тарыхындагы биринчи саамалык”,-дейт.
Ош эл аралык аэропортунун жетекчи орун басары Өсөр Мадыбаев:
“2013-жылдын жыйынтыгы менен биздин жүргүнчүлөрдүн саны 1 млнго жетти. Биз бул санга мурдараак эле жетмек элек. Бирок мобу Орусиянын депортация кылуу аракеттеринен кийин Оштон ал жакка учкандардын саны кескин азайып кеткен. Бирок эми мынтип биздин өсүү көрсөткүчүбүз ушул күнгө 24-декабрга келип 1 млнго жетти. Ош эл аралык аэропортунан күнүнө 35 эл аралык каттам бар, а жергиликтүү каттамдардан 50-60 учуу бар”.
Оштон Орусиянын өзүнө аптасына 50-60 рейс каттайт. Москва, Санкт-Петергбург, Новосибирск, Екатерингбург, Красноярск жана Сургут сыяктуу чоң шаарларга күн сайын каттам бар. Мындан башка Оштон Түркия, Кытай жана Бириккен Араб эмираттарына түз каттам учат.
Учурда Ош аба майданы 167 гектар аянтты түзөт. Бирок адистер бул жерди мындан эки эсеге кеңейтүү керек деп келатышат. Ошого карабай аба майдан кошумча жерлерди өзүнө өткөрө албай келет. “Бул маселе азырынча чечилүү стадиясында турат. Өкмөткө кагаздардын баарын жөнөткөнбүз. Ал жак чечип берсе эле биздин жерлер кеңейиши керек. Азырынча аэропорттун оң жак капталынан 7 гектар жерди Кара-Суу районунан өткөрүп алдык. Ал жерге азыр учактар токтой турган аянтча курулганы турат. Өкмөт бизди колдоп берет деп ишенип турабыз. Анан кошумча аба майдандын капталына дагы бир терминалды куруп алсак абдан жакшы болот эле. Бийликтер бул маселени да чечип берет деп үмүттөнүп атабыз. Жыл башынан бери “Манас” аэропортунун жардамы менен аба майдандын сыртын бир топко эле оңдодук. Кыйла кооз болуп калды”,-деп кошумчалайт Мадыбаев.
Ош Эл аралык Аэропортунун имараты 1974-жылы курулган. Аэропорт “Манас Эл аралык Аэропортунун” Оштогу филиалы болуп саналат.
Жүргүнчүлөр барган сайын коңшу Тажикстандан жана Өзбекстандан көбөйүп барат. Аларга бул жак ыңгайлуу жана жакын болоорун айтышат адистер. Ошол себептүү да аэропорттун жүргүнчүлөрүнүн саны миллионго жеткен сыяктуу. Бирок байкоочулар аэропорттун азыркы абалына бул сан 2-3 эсе көптүк кылаарын белгилешет.
Оштук серепчи Арстан Жүдөмүшовду kloop.kg маекке тарткан.
kloop.kg:
-Айтсаңыз, Ош аба майданы 1 млн жүргүнчүнү кабыл алдык деп атышат. Негизи ошончо адамды тейлөөгө аэропорттун техникалык абалы толук эле жетиштүү деп ойлойсузбу?
-Ош аба майданы Эл аралык деген макамды алганына эч канча болгон жок. Сыртын, фойелерди оңдоп, чоңойтуп жана башкаларын жакшыртып койгону гана болбосо аэропорт ошо мурдагыдай тар жана эски бойдон калды. Азыр төрт секция кылып коюшту. Ага Орусиянын чоң шаарларына маселен, Москва, Красноярск, Новосибирск, Питер же Тюмен жактарга учкан рейстер туура келип калса, учуп келгендер, узатып чыккандар же тосуп алган адамдар чогула келсе, анын ичине турмак сыртына батпай калып атат. Кыскасы тыгыласың. Миллион адамды тейлөө үчүн бул жердин ичин дагы, сыртын дагы кеңейтиш керек.
kloop.kg:
-Көп мезгилде сыртында да тыгын көп экенин көрүп калабыз...
Арстан Жүдөмүшов:
-Туура. Ошол эл көп болгон күндөрү аэрпорттун сыртында машине тыгылып калат. Жанагы айланмасынан тегеренип өтүү үчүн эле 3-4 саат жумшалат. Ошо күндөрү унаалар менен элдердин тыгыны базардан айырмасы жок болуп калат. Машинени бир жерге коеюн десең же жер жок. Берки жактагы оруну болсо толуп калат. Өзгөчө ажыга бара турган күндөрү эми ий, жер толо эле, жер толо машине болуп кетет. Менимче эң башкы кезекте ушул жактарын дагы эске алышы керек. Учактардын конушуна жер бөлүп алышсын, анан унааларга да токтой турган жай курсун.
-Тейлөөсү канчалык деңгээлде өзгөрдү?
Арстан Жүдөмүшов:
-Тейлөөсү таптакыр оңолбой жатат. Муну дагы өзгөртүш керек. Мына жөнөкөй эле мисал, жүк ташуусу дагы деле эски бойдон. Башка өлкөлөрдө жүктөрдү атайын баягыдай эскалатор менен алып келип, алдыңа салып коет. А буларчы. Оор жүк ташуучу унаалар менен алып келип ыргытып жиберет. Бир эле бул эмес аэропорт кызматкерлерин адамдарга мамиле кылганды, кантип сервис көрсөткөндү окутуш керек. Буларда азыр акча менен же, тааныш билиш менен эле жумушка кирип атышат. Мындай бир окуп келип, анан иштеп аткандар аз эле болуш керек.
Жүргүнчүлөр эмне дешет?
Бекмамат Абдумалик, авиажүргүнчү:
-Сыртта го айып жок, тейлөө баягы эле бойдон, кыргызча калып калды. Жүргүнчүлөргө ороңдошуп, дүңк-дүңк этишип мамиле кылышат. А башка өлкөлөрдүн аэропортторун көрсөң сый мамиледе болушат. Биздикилер тейлөө жагын да ошо башка өлкөлөрдөгүдөй деңгээлге жеткиришсе жакшы болот эле. Жөнөкөй эле жүктөрдү ташып аткан мезгилде деле сумкаларды ыргытып жиберишет. Ушунча жерди басып келген нерсе бир жа жерде талкаланбай, анан ушу Ошто сынып, же жараксыз болуп чыгат.
Акмүрөк Абдыманап кызы, студент:
-Мен эми чет өлкөлөргө чыккан эмесмин. Бирок биздин аэропорт абдан эле жакшыдай эле сезилет. Тейлөөсү деле менимче жакшы эле. Мага баары эле жагат. Тескерисинче сырты кооз болуп, башка жактарга уят болбогудай эле болуп калды го. Анан жүргүнчүлөрдүн көбөйүп жатканы да ушундандыр балким.
Халил Тажибай уулу, Оштун тургуну:
-Аэропортто чек арадан өтүп аткан кезде жок эле бир нерселерди сурай беришет. Мисалы, «аскердик аныктамаң жок экен, соттолгон эмес деген тактамаң жок экен» деген сыяктуу. Анан мамиле кылып жатканда дагы мал менен мамиле кылып аткансып, өтө орой, олдоксон мамиле жасашат. Айрыкча, Орусиядан келаткан мезгилде сумкаларыңды текшерип, бир нерселерди үмүт кылышат. Кээде ачык эле айтып «бизге бир нерсе ала келдиңби? Же бир нерсе таштап өтчү» дешет. Биз аларга алып келишке милдеттүү болгонсуп, уялбай ушинтип айтышат. Эптеп бир проблема табышат да, акча алышат.
Курманбек Сооронов, мигрант:
-Орусияга учуп кетип атсаң текшербейт, учуп келе жатканыңда ал жактан наркотик ташып келе жаткансып текшеришет. Сумканын түбүнө чейин колдорун тыккылап карашат. Өзүңдүн жериңде ушундай мамилеге кабылып жатканыңа бир чети арданып кетесиң. Менимче, ал жердеги кызматкерлерди бир топ алмаштырыш керек. Бирок кийинки келгендери деле ошолордун эле кылгандарын кайталабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Аларды тазалоо үчүн түпкү системанын өзүн, чоңдорун тазалаш керек.
Эрнист Нурматов.
Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.
Сүрөттөр автордуку.