Ош: Бир депутаттын орун алмашуусу жаңы коалицияны жаратты

Ош шаардык кеңешинде жаңы башкаруучу коалиция түзүлдү. Курамында 23 депутаты менен ага “Ата-Мекен”, “КСДП”, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары бирикти. Ал эми оппозициялык блокто “Улуттар биримдиги” жана “КЭДП” (НДПК) партиялары калды. Мунун баары шаардык кеңештин 13-чү сессиясында белгилүү болду. Буга чейин шаардык кенештин көпчүлүгү мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду колдоп келишкен эле. Жаңы түзүлгөн коалиция жаңы шаар башчыны шайлаганда бирдей добуш береби деген суроо али ачык бойдон калып жатат.

Сессия башталаары менен эле КСДП партиясынын депутаты Каныбек Исаков дароо эле борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин угузуп, “Замандаш” партиясынын депутатын сессиядан чыгып кетүүсүн талап кылды:

“Мыйзам жакшыбы, жаманбы биз аны аткарышыбыз керек. Мына биздин колубузда 2013-жылдын 20-декабрындагы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясыны чечимин бекитүү жөнүндөгү борбордук шайлоо комиссиясынын токтому бар. Ошонун негизинде Ош шаардык кеңешинин депутаты  Жолдошев Нурадил Калбаевичтин күбөлүгү бул токтом жарык көргөн күндөн баштап жараксыз деп табылсын. “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Мамбетов Камчыбек Айтматович шаардык кеңештин дупататы болуп табылсын деген кагаз биздин колубузда. Ошону үчүн биздин мурдагы депутатыбыз Жолдошевдин сессияда катышып олтурушу мыйзамсыз деп ойлойбуз”.

IMG_2246

Шаардык кеңештин төрагасы Таалайбек Сабиров болсо, ага БШКдан расмий документ келбегенин айтып, депутат Жолдошевди чыгарууга макул болгон жок:

“Биринчиден бизге эч кандай билдирүү келген жок. БШКдан келген бир дагы мындай буйрук бизде каттоого алынган эмес. Алар бизге расмий кайрылуу кылышы керек. Алардын сайтына, интернетке чыккан буйругу боюнча ишти алып барганыбыз туура эмес. Анан экинчиден биз азыр депутат Нурадил Жолдошевдин мандатып алып салуу боюнча токтомду кабыл ала элекпиз”.

“Улуттар биримдиги” партиясынын депутаты Рустам Мирзаматов да депутат Нурадил Жолдошевдин мандатын алып, чыгарып жиберүү мыйзамсыз экенин айтып жатты:

“Шайлоо комиссиясы жаңы кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-пунктуна таянып ушундай чечим кабыл алышкан. Бирок ушул эле мыйзамда 10-пунктунда жазылып турат “саясий партия депутатты чакыртып алган учурда тиешелүү фракциянын сунушу менен депутатты мандатынан ажыратууга мүмкүн” деп жазылып турат. Булар мыйзамга таянып атышат дагы бирок фракциянын сунушун эске албай атышат. Ал бул жерде бир партиядан депутат болуп олтургандан кийин фракциянын да укугуна ээ болушу керек. Кыскасы бул буйрук таптакыр мыйзамсыз болуп калган. Азыр Жолдошев БШКны сотко берди. Ошол соттун чечими бир жактуу болгондон кийин гана анын мандаты алынат”,-дейт ал.

IMG_2169

Депутаттардын дагы бири Жапар Ормонов болсо маселенин баарын укук коргоо органдарынын тастыктап беришин талап кылды:

“Азыр биз мурдагы мыйзам менен иштебей калганбыз. Жаңы мыйзамды эске алыңыздар урматтуу депутаттар. Баарын мыйзам чегинде кылалы. Баардык депутаттарга мандатты ошол БШК берген. Ошо жаңы мыйзамга ылайык, алар депутаттын мандатын партиянын сунушу менен чакыртып алып атышат. Эгер мындан күмөн санасак укук коргоо орандарынан бирөө жарым келип, бул ишке комментарий берсин. Антпесек Нурадил Жолдошев бул жерде мыйзамсыз депутат олтурган болот. Ал мыйзамсыз олтурса демек, биздин кабыл алган чечимдерибиздин баары мыйзамсыз болуп калат”,-деп белгиледи.

Ушундан кийин прокуратура өкүлдөрү да чыгып маселеге комментарий берди. Ош шаардык прокуратурасынын башчысы Атай Шакир уулу соттун чечими чыккыча БШКнын чечими күчүндө болоорун эскертти.

Бирок ошого карабай “Улуттар биримдиги”, “Замандаш” жана “КЭДП” партиялары мындай пикирге макул болбогондуктарын билдирип залдан чыгып кетишти. Ал арада сессия калган эл өкүлдөрү “Замандаштын” мүчөсү Камчыбек Мамбетовду жаңы депутат катары тааныштырып жиберишти.

Мамбетов өзү болсо мындай деди:

“Мен “Замандаш-Современник” партиясынын атынан бул жерге депутат болуп келдим. Колумда мандатып бар. Бул мандат жөндөн жөн берилбейт. БШКнын чечими, буйругу да мында турат. Ал интернеттен дагы, “Эркин-Тоо” гезитинен дагы чыкты. Мандатымды бир гана сот алып ала алат. Соттун чечими чыкса мандатымды тапшырып берүүгө даярмын. Ага чейин мен бул сессияда дагы, башка маселелерде дагы толук кандуу депутат катары добуш бере алам. Мен аны ишенимдүү түрдө айтам”.

IMG_2194

Андан кийин эле азчылык түзгөн коалициянын өкүлдөрү “Замандаш” партиясынын жаңы депутатын кошуп, жаңы коалиция түзгөндүгүн жар салышты. “Республика” фракциясынын депутаты Арфидин Аланов:

“Адилеттүү Кыргызстан”, “Ата-Мекен”,  “Замандаш-Современник”, КСДП жана “Республика партияларынын депутаттары жаңы коалиция түздүк. Коалициянын аты “Акыйкат жана Ынтымак” деп аталат. 3-чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинде көпчүлүктүн коалициясы түзүлгондүгүн мен жарыялаймын. Бул келишимге баардык беш партиянын депутаттары кол коюшту. Эми биз мыйзам чегинде иш кылабыз”,-деди Аланов.

Шаар кеңеште жалпы 45 орун бар. Мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясынын 21 депутаты, ЭДПКнын 1 өкүлү жана "Замандаштын" 1 депутаты буга чейин 23 болуп, башкаруучу көпчүлүктү түзүп келген. Анын катарындагы "Замандаштын" өкүлү Нурадил Жолдошов партиянын сунушунун негизинде БШКнын чечими менен мандатынан 20-декабрда ажырап калган. Ал өзү сессиядан чыгып кеткен боюнча кайра кирген жок.

Бирок ал буга чейин Мырзакматовду колдоп келгени үчүн куугунтук жеп атканын айтып чыккан.

Нурадил Жолдошев
Нурадил Жолдошев

“Мени менен макулдашпай туруп эле “Замандаш” партиясынын полит кеңеши чечим чыгарып, аймактык шайлоо комиссиясына кат жөнөтүптүр. Анан алар чечимди БШКга жөнөтүшүптүр. А БШК мынтип өз билгенин кылды. Бирок бул жеке мага эмес, Мырзакматовдун партиясына “Улуттар биримдигине” карата кодулоо катары кабылдасак болот. Анткени мен аларга кошулуп турсам, алар көпчүлүктү түзгөн партия болуп турат. Ошону алар көрө албай атышат”,-деген эле.

Ошого карабай эми “Улуттар биримдиги” партиясы шаардык кеңеште азчылыкты түзүп калды.

Башкаруучулук миссияны колго алган коалицияда КСДПдан 11, “Республикадан” 8, “Ата-Мекенден” 1, “Адилеттүү Кыргызстандан” 2 жана "Замандаштан" 1 депутат бар. Жалпы 23.

“Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын лидери Абдувахаб Нурбаев буларга токтолду:

“Жаңы көпчүлүк коалиция түзүлөөрү менен анын келишимин шаардык кеңешке берип, каттап мыйзам түрүндө бекитип алдык. Эми кудай буюрса биздин келишим мыйзам чегинде күчүнө кирди. Биз эми ошол коалициянын ичиндеги фракциялардын жетекчилери биригип туруп алдыда кадамдарыбызды талкуулап, кандай иштерди аткарабыз кеңешип аныктайбыз. Логикалык жактан алганда эми дароо эле шаардык кеңештин төрагасы алмашыш керек болот. Төрагалыкка жаңы талапкерди, мэрликке жаңы талапкерди чогуу чаран чечебиз, анан ошого карап иш тутабыз”.

DSC_0910

“Улуттар биримдиги” жана “КЭДП” партиялары кирээри менен сессия кайрадан уланып күн тартибиндеги маселелер каралды. Бирок шаардык кеңештин депутаттары мэриянын 9 айлык отчетун канааттандыраарлык эмес деп тапты. Алар муну шаардагы мыйзамсыз башталган курулуштар, алардын жыйынтыгынын жоктугу жана айрым социалдык-экономикалык маселелердин аткарылбай калганы менен түшүндүрүштү.

Сессияда мындан башка дагы 10 чакты маселелер каралды.

Учурда калаа мэринин милдетин аткаруучу катары Алымжан Байгазаков иштеп атат.

 

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов тарапкерлери менен жолугушууда. Ош, 7-декабрь.
Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов тарапкерлери менен жолугушууда. Ош, 7-декабрь.

 

Эксперт эмне дейт?

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев эми саясий кырдаал таптакыр башка нукта жүрүп, түрдүү окуялар орун алышы мүмкүндүгүн болгоолоодо. Аны kloop.kg кепке тарткан.

kloop.kg:

-Айтсаңыз, азыр кырдаал таптакыр өзгөрүп кетти. Эми саясий жүрүш кайсы жакка өрүш алат?

Төлөгөн Келдибаев:

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

-Негизи жанагы “Замандашчы” депутат Нурадил Жолдошев ортодо чечүүчү роль болуп келгендиктен ал буга чейин оюн бала, же алтын бала болуп келген. Анын окуясы чечилди. Эми оппозиция менен башкаруучулар алмашып калды. Мындай алып караганда шаар мэрин дайындоодо жаңы башкаруучу коалиция утат деп алдын ала жыйынтык чыгарып койсок деле болот. Анткени алар 45 орундун 23үнө ээ болуп турат. Бирок ошол эле кезде Мелис Мырзакматов да жөн жатпайт. Ал азыр түрдүү жолдорду ойлонуп, ар кандай маселелерди пландап жатат. Ал балким шайлоого “Улуттар биримдигин” катыштырбай коюп, кворум жаратпай коюшу мүмкүн. Же ошол эле КСДП, “Республика” же дагы башка партиялардан депутаттарды сатып алат.

kloop.kg:

-А эгер Мырзакматов уттуруп койсочу? Анда кырдаал тынч бойдон эле кала береби?

Төлөгөн Келдибаев:

-Жок. Тынч турат деп айтыш кыйын. Мырзакматов утулуп калса, оппозицияда калып, элди көтөрүп чыгып тополоң чыгарат. Анын колдоочулары мурдагыдай өтө көп эмес. Бирок баары тим туруп беришпейт.

Калктын пикири кандай?

Адылбек Турдубаев, Ош шаарынын тургуну:

-Шаар мэрлигине кээ бир талапкерлерди даярдап жатат экен деп угуп жатабыз. Жаңы мэр келет экен, башка адам шайланат экен деген сөз элдин оозунда жүрүп атат. Бирок шаардыктарга башка мэрдин кереги жок. Коррупционерлерден Оштун эли тоюп бүткөн эбак. Дагы коррупционер келишин каалабайт. А Мырзакматов келсе, иш жаңы нукта, өнүгүү жолунда жүрөт. Чынын айтканда Мырзакматов менен менин, кайнаса каным кошулбайт, досу же тууганы эмесмин. Же мага акча берген эмес, берсе да албайм. Бирок ал келсин, кайрадан мэр болсун, биз ошону талап кылабыз.

Салима Бекболотова, Оштун тургуну:

-Азыр жаңы коалиция түзүлгөнү менен деле бекер. Мырзакматов баары бир жеңип чыгат деп ишенип атабыз. Ал дагы жөн жатпаса керек эми ушунча болуп калды. Негизи калкка тынчтык эле керек.

Эрнияз Маматов, Кара-Суу районуну тургуну:

-Эмнеси болсо да депутаттар акыл токтотуп иш тутканы болсун. Дагы бир балакет чыгып кетсе элдин эле шору. Баары мыйзам чегинде болгону жакшы. А жанагы “Замандашчы” депутат Нурадил Жолдошев боюнча айта турган болсом, ал негизи партиянын аты менен баргандан кийин ошол партиянын ырын ырдашы керек эле. Анан депутат болуп алгандан кийин алардын сөзүн укпай койгону жакшы нерсе эмес. Акыры мына ошонун азабын тартып олтурат.

Мээргүл Султанмамат кызы, Оштун жашоочусу:

 -Менимче карапайым жашоочуларга кимдин мэр болгону мааниге деле ээ эмес. Башкысы элге пайда алып келе турган киши келсе болгону. Анан эми ушул саясий окуялардын баары бир чоң саясий таймашка алып келип аткансыйт. Аны да жаңы жылдын башында болот деп атышат. Жаңы жылга тынч аман кирип барып алсак жакшы болмок.

Эрнист Нурматов.

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды.

Сүрөттөр автордуку.