Сириядагы согуштан Кызыл-Кыяга суук кабар келди

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан жаз айларында Сирияга кеткен 14 баланын дайыны али күнгө дейре дайынсыз болууда. Алардын бири ошол жакта каза тапкан деген маалыматтар келген.

Турсунбай Исматиллаевдин  25 жаштагы уулу Бахрам эрте жазда Түркияга жөнөп кеткен:

"Андан бери алты ай өтсө деле дайыны жок. Кийинчерээк ал Туркия аркылуу Сирияга кеткени тууралуу кабар Кызыл-Кыяны каптаганда, атасы тынчсызданганын билдирди Анткени кошуналары уулуӊ Сирияга кеттиби-деп сурап, жудөтүшкөндө дүнүйөсү тарып, аябай катуу ооруп да калган. Жакында жети ай болгондо, уулунун ошол жакта каза тапканы тууралуу суук кабар угуп, кураан окутууга аргасыз болду. Анткени чоӊ уулу Туркияга барып, ошол жактан кенже уулу Бахрамдын сөөгүн жерге берүү зыйнатына катышып келгенин, уйундө кураан окутуп жатканда, кайдан-жайдан бейтааныш сакалчандар келгененин кошумчалады".

Турсунбай Исматилаев
Турсунбай Исматилаев

Атасынын айтуусунда Бахрам мектепти мыкты бутургөн сон, «Аррахман»  деген  мечитке барып беш убак намаз окуп, ыйман жолуна түшкөнүнө кубанган. Бирок анын уулун азгырып кеткендер жазаланбай эркин жүргөнүнө жаны кейийт. Анын айтымында бизде мыйзамдар бар. Бирок алар аткарылбайт деп, уулун алдап кеткен бир тууган кайнисин жоопко тартууну өтүндү.

Аким Камалов, Кызыл-Кыя шаардык аймактык кеӊештин төрагасы:

"Ал эми жергиликтүү эл аймакта дин агымдарына азгырылган жаштардын саны кескин  көбөйгөнгө  кооптонууда. Камаловдун билдирүүсүндө мындай балдар мечитке барганда да, намазды башкача окушат. Алардын ата-энелерине айтуудан майнап чыкпай калган."

Аким Камалов
Аким Камалов

"Дайынсыз болуп жаткан  балдардын жакындарынын айтымында алардын көпчүлүгү спорт менен машыккан, акыл-эстүү, үй-бүлөлүү балдар. Алардын  артынан бирден экиден наристеси бар. Бирок мечитке каттай баштагандан бери көз караштары өзгөрүлгөн. Капыстан баары айтпай-дебей чыгып кеткен. Айрымдары Туркияга жеткенин жакындарына кабарлаган. Андан бери жети ай өттү, эч бир баладан дайын жок. Балдардын көбү «Аррахман» аттуу    мечитке каттап, ыйман жолуна тушуп, беш убак намаз окуп жүрүшкөнүн дайынсыз болгон баланын апасы какшап айтты."

Мухаммед Абдыгулов, «Ар рахман»  мечитинин имамы:

"Дин өкүлүнүн айтымында балдар мечитке өз ыктыяры менен келип, намаз окуп жургөн. Бирок имам эч нерсеге таӊуулабаганын баса белгилейт. «Мен аларды машина менен ташып, намазга мажбурлап окутуп, башын айландырган эмесмин. Баары өз эрки менен каттап жургөн. Көпчүлүгүн тааныбаймын. Бир-экөөсүн билем. Эгерде мен мыйзамсыз иштерди жасасам, анда укук коргоо органдары эмне иш аткарып олтурат,  көзөмөлдөбөй. Мен ай сайын жетим-жесирлерге 500 сомдон жөлөк акча берем. Кийим-кечектер менен камсыздаймын. Ал тургай азыр кышка аялдарга өтүк берип жатамын. Мен кайрымдуулук, соопчулук иштерин жасайм»-дейт ал.

Мухаммед Абдыгулов
Мухаммед Абдыгулов

Жалалидин Рахматуллаев, Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри:

Эрте жазда он төрт бала Сирияга кетти деген кабар таркаганда эле, шаар бийлигинин тиешелүү  кызматкерлери,  түшүндүрүү  иштерин күчөткөнүн маалымдады. Бирок аймакта мечиттердин саны мектептерден эки эсеге көбөйгөн. Тымызын иш жүргүзгөн терс дин агымдарынын аракеттерине чогулуп чара көрүүгө  мыйзамдардын  чолоктугу бөгөт болуп жатканын билдирди.

Курбанаалы Узаков
Курбанаалы Узаков

Курбанаалы Узаков, КР президентинин алдындагы мамлекеттик дин комиссиясынын аймактар боюнча өкүлү.

"Ал арада Жалал-Абад облусунун, Сузак районунан да балдардын Сирияга кеткендиги тууралуу маалыматтар бар. Бирок алардын ата-энелери маалымат берүүдөн баш тартууда.Ушул жумада Баткен облусунун Кадамжай районунан Уч-Коргон айылынан дагы бир бала Сириядагы согушта  каза тапканы тууралуу кабарды жергиликтүү эл айтууда.  Бирок аны расмий булактар тактай элек. Мындай абалга өлкө аймагында терс радикалдык диний агымдардын саны кескин өскөнү таасир бергенин, дин комиссиясынын өкүлү тынчсызданат. Анткени оболу терс агымдар баракчаларын таркатса, эми иш мерчемдерин күчөтүп, интернет, скайп аркылуу жайылтып, тамырлашып кеткени, өлкөдөгү  диний кырдаалды курчутуп жатканга кейиди. Анын айтымында өлкө  аймагындагы мечиттердин саны үч миӊден ашты. Жада калса каттоого алынбаган мечиттер да үч жүзгө чукул. Мындай абалдан улам, азгырылгандар да көп болуп жатканын айтат. Аларды көзөмөлдөө кыйын болуп жатканына токтолду. Анткени алар баары эле Орусияга же Туркияга жумушка же окууга деп, чыгып кетишип жатат-дейт ал"

Орозбек Акимбаев, серепчи:

Ал эми  серепчинин талдоосунда бул багытта иш жүргүзгөн күч түзүмдөрү улам жаӊы мерчемдер менен иш алып баруусу зарыл. Жаш өспүрумдөр менен жаштар камыр сымал. Кандай жууруса ошондой калыптанат. Аларга сабатсыз молдокелер салттуу исламды, терс агымдардан айырмалап түшүндүрбөй, башын айлантып жатат.  Кээ бир мечиттерде каржылап, азгыруулар болуп жатканын байкоого болот. Сирияга кеткен балдар иштебесе, кайсы каражатка самолет менен кетти. Аларды көзөмөлгө алган эч ким жок. Буга дейре ондогон жаштар чет өлкөгө  чыгып, Пакистан, Бангладештен диний билим алып  келип, дамбал, көйнөк кийип, чет элдин динин таӊуулап жургөнүн коомчулук билип-көрүп журөт. Эмнеге алардын ар бирин тескеп, каттого албайт. Мындай баш-аламандык Туркия менен Кыргызстандын ортосундагы визасыз карым-катнаш күчүнө  киргенден кийин күч алды-дейт, ал.

Бирок Кыргызстандын Конситуциясында  дин эркиндиги  берилген.  Ар бир жараан  кайсыл динди кааласа ошону тутунса болот.  Эч ким эч кимге динди мажбурлап тандатпайт. Ар бир адамдын өз эрки.

Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарынан Сирияга барып согушуп жүргөн, өзүн Ахмаджон Хошимов деп тааныштырган адам  “Азаттыкка”  төмөндөгүчө интервью берди.

- Биз Сириядагы жихад тууралуу Орусияда, Кыргызстанда жүрүп атайын окууларда укканбыз. Молдокелер окутушат болчу. Алгач Иракка, Ооганстанга жихадга баруу тууралуу сабактар болгон. Бирок ал өлкөлөргө баруу үчүн жол таба алган эмеспиз. Алла жолубузду ачып, Сирияга келүү насип этти. Бул үчүн Түркиядагыларга ыраазычылык билдиребиз. Түркия өкмөтү өз өлкөсүнө кирүүгө тыюу салган эмес. Ал жакка барып, андан соң Сириядагы жихад аянтына келүү оңой болуп калды. Молдокелер бизге сабак өтүп жүргөн учурда пайгамбарыбыз Мухаммед саллоллоху алейхи вассаламдын хадистеринен айтып берчү. Ошондой хадистердин биринде пайгамбарыбыз “Сирияда жихад болот, Сирияда халифат орной баштайт”, - деп айткан экен. Ошондон улам келдик.

Эске салсак, мындан жети ай илгери Кызыл-Кыя шаарынан он төрт баланын Сирияга кеткени тууралуу оболу депутаттар коӊгуроо каккан. Жогорку Кенештин депутаты Омурбек Бакиров Туркияга чейин барып келген. Бирок жыйынтык жок. Балдар али күнгө дейре дайынсыз болууда.

 

Kloop.kg сайты бул көйгөйдү кантип чечсе болот деген суроо менен карапайым элге кайрылды.

Искендер Топчубаев, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну:

Мечит курууну токтотуу керек. Чек койсун бийлик. Мечиттер мектептерден эки эсеге көбөйдү. Мектептеги балдар мечитке кирбесин. Тыюу салуу керек.

Маматали Арапов, Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу:

Молдолорду аттестациялоо зарыл. Анткени көбу чала сабат. Андан улам ушундай көйгөйлөр жаралып жатат. Өздөрү эптеп кураан окуганды билбейт анан бирөөгө акыл үйрөтөт. Чала молдо дин бузар деп ушуларды айтса болот. Аны билбеген кишилер мусурмандар террорист, киллер деп чыгат. Ал эми чындыгында дин таптакыр башка. Ислам дини тилиӊ менен колуӊ менен башка бирөөгө зыян жеткизбе деп айтат. Ошондо гана сен чыныгы мусурмансыӊ.

 Айнура Асанова, Ош шаарынын тургуну:

Сакал коюп, иштебей-окубай же өлкөгө  пайда келтирбей жүргөндөр баарын жасап жатышат. Даабат деген биздин динде жок. Аталар даабатсыз эле жашап келген. Даабатты жоюу керек. Алар кайсы акчага кыдырып, динди таркатып жүрөт. Дин адамдын жүрөгүндө. Аны жайылтып, таӊуулаган мыйзамсыз көрүнүш.

 Гулдана арапова, Ош шаарынын жашоочусу:

Ар бир адам кантип жашаса өз эрки бир нерсе деп айтуу кыйын. Азыр ар түрдүү дин агымдары пайда болууда. Йогова, Адвентисттер, Протестанттар, Лютеранттар, Хизбуттахрирлер жана башка. Хизбуттахрирдин  негизги чоӊ штабы Лондондо. Өткөндө Орусиядан бир депутат Хизбуттахрирлердин офисин эӊ жакшы билебиз. Дүйнө жүзүнө терроризмди экстремизмди токтотуш керек деп кыйкырабыз. Эмне үчүн анда Англиядагы офисти жаба албайбыз. Себеби бул ишти эч ким изилдебейт. Изилдеген күндө дагы эч качан жарыкка чыкпайт. Чыга электе эле ошол адам дайынсыз жоголот. Бенладен Бенладен деп ызы-чуу салабыз ал деген Американын агенти. ЦРУнун жетекчиси менен Бенладен жолугуп кадимкидей кенен тамактанып сүйлөшүп отурган видеосун көрүп эле жүрөбүз. Америка элди эмне деп алдап жүргөн. Кокуй биз аны издеп таппай жатабыз. Тоо ташты бүт издеп чыктык. Ал эми чындыка келсек Американын өкүлү менен ал шашпай тамактанып олтурган тирүү кезинде.

Автор: Элиза Таштанова

Сүрөттөр: Автордуку

Макала «Кабар Ордо» долбоорунун алкагында жарыяланды.