Жоолуктан чыккан чыр: Маселе дагы деле чечиле элекби?

Кара-Сууда жоолук салынып келгени үчүн мугалим окуучусун сабап койду делген  иш боюнча прокуратура кылмыш ишин козгогон жок. Анткени 9-класста окуган Нафиза Назарованын сабалгандыгын аныктаган соттук экспертиза чыкпады. Ал ортодо Каримжан Рахимов атындагы мектеп жамааты окуучу кызды сабады делип жаткан мугалим Таттыгүл Романованын жумуштан кетүүсүн талап кылышууда. Романова өзү болсо бул иш ага карата атайын жасалган куугунтук экенин айтууда.

Кара-Суу шаарындагы Каримжан Рахимов атындагы орто мектепте орун алган окуя боюнча райондук билим берүү башкармалыгы атайын чогулуш өткөрүп, мугалимге жана мектеп жетекчилерине сөгүш жарыялаган. “Бирок ошентсе да мугалим Таттыгүл Романова окуучу кызды сабаганы далилденген жок” дейт райондук билим берүү башкармалыгы Жаныш Омошев:

“Биздин иликтөөбүзгө караганда ал кызга эч кандай андай орой мамиле жасалган эмес. Болгону колу тийип кеткен. Ушуну туура түшүнүш керек да. Бирок ошентсе дагы биздин жетекчилик атайын бири чара көрүшкө туура келип калды. Анткени бул жерде баланын укугу жөнүндө кеп кетип жатат”,-деди ал.

IMG_9594

Ошол эле кезде Омошев бул маселе боюнча кылмыш иши али козголо электигин, ошого байланыштуу мындан башкача чара көрүү эртелигин белгилейт:

“Бул андай эле чоң бир маселеге айланып кете турган маселе эмес болчу. Окуучу мугалимди түшүнүп, мугалим окуучуну түшүнүп, сүйлөшүп эле чечип алса боло турган маселе болчу. Анан муну ар ким ар кандайча сүрөттөп, ар кандай кылып көбүртүп, жабыртып айтып жибергендер болуп атат. Бирок бул ошо көп жактарга ушинтип “окуучу кызды жоолук салынып келгени үчүн урду дегени үчүн ушундай дүрбөлөңгө алынып кетип атат. Прокуратура текшерип көрүп, анан бир чара көрсүн, анысы экспертизадан өтүшү керек, анан тергөө болот. Ошондон кийин гана айыбы бар экени аныкталса ошондон кийин гана статья коюлат”,-дейт Омошев.

Октябрь айынын башында болгон окуя, окуучу Нафиза Назарованын ата-энеси прокуратурага арыз жазып кайрылгандан кийин ачыкка чыккан. 9-класстын окуучусу мугалими Таттыгүл Романова аны жоолук салынып келгендиги үчүн сабагандыгын айткан эле:

“Мектеп башталгандан бери менин жоолугума, узун юбкама асылып жүрдү. Анан ошо күнү да кыргыз тил сабагы болчу. Эжеке кирди дагы дароо эле “узун юбка кийгендер сыртка чыгып кеткиле” деди. Мен чыкпай койсом, китеп-дептеримди сумкама салып, мени сыртка сүйрөп чыгарып салды. Түртүп, колдорумду оорутуп салды”,-деген болчу.

“Сабактан кууп чыкканы эле аз келгенсип, эжекем мени сабап да жиберди”, деп кошумчалаган Нафиза:

Кара-Суу (7)

“Кийин мен директорго кирсем, ал юбкамды бир аз өйдө көтөрүп, жоолугумду оңдоп кайра сабакка киргизип жиберди. Анда дагы кайра мени директордун кабинетине алып кирип, “эмне менин аброюмду төгүп жатасың?” деп кыйкырып кетти. Бир маалда эле капыстан эле мени 3-4 жолу уруп жиберди. Качып чыгып кеттим. Классташтардан уялып азырга дейре сабакка келбей жүрөм. Эми мен кантип баш көтөрүп жүрөм? Мугалим ошо урганына жооп берсин”.

Жоолукчан кыздын апасы Хафиза Назарова:

“Биринчиден сабактан айдап жиберүүгө акысы жок. Экинчиден кызымды урганга укугу жок. Ошого жооп берсин. Азыр милицияга да, прокуратурага да арыз жаздык. Кызымды судмедэкпертизага, окулистке көрсөттүк, жыйынтыктары чыкты. Участкалык милиция маселенин баарын териштирип атат. Бул жердеги болгон окуяны мектеп директору менен китепканачы көргөн, алар күбө болуп беребиз деп атышат”,-деген эле.

Нафиза Назарова жана анын ата-энеси окуяга мектеп жетекчиси жана китепканачы да күбө болгондугун айтышкан. Рахимжан Каримов атындагы мектептин директору Жылдыз Токтаева инцидент боюнча мындай деди:

Таттыгүл Романова окуучуну уруп жибергенде мен да, китепканачы да бар болчу. Жоолук салынып келдиң деп, Назарованы сабактан айдап жибергенде мен кийимин оңдоп кайра сабакка киргизип жибергем. Бирок кийин келип эле мугалим кызды биздин көзүбүзчө эки-үч жолу сабап жиберген. Муну күтүлбөгөн жерден орун алган.

IMG_0090

Ал ошондой эле бул чатак маселе мектептин жобосунда жазылган маселеден келип чыккандыгын ачыктайт:

“Ата-энелер менен чогуу олтуруп мектеп жобосуна ушундай эреже киргизген элек. Кыздардын баардыгы оромол ороп келгени үчүн, алардын баарын ак жоолук салынып келүүгө уруксат бергенбиз. Бирок аны ошо ээктен жогору кылып көтөрүп салынып келиши керек болгон. Юбка кийгендер болсо өтө узун эмес, орточо киийип келиши шарт. Айтып атабыз, түшүндүрүп атабыз. Бирок ошого карабай беш кол тең эмес экен ушул окуя орун алып кетти”,-деп кошумчалайт ал.

Бирок мугалим Таттыгүл Романова окуучу кызды сабап салды деген айыпты мойнуна алган эмес:

“Мен аны биротоло эле кыскартып ал, жоолугуңду ыргытып жибер деген жокмун. Тизеден бир карыш ылдый юбка кийип, жоолугуңду артыраак тагын да, ак жаканы чыгарып кел, ак кофта, кара юбка кийип кел деп талап койгом. Мунун баары ошо мектептин жобосунун негизинде талап кылгам. А жобону болсо мектеп жамааты, мугалимдер жана ата-энелер биргеликте кабыл алган. Мен аны эч качан, эч жерде урган эмесмин, мыйзамдык жактан ага акым дагы жок. Бирок мен аны ата-энеңди чакырып кел, же формаңды алмаштырып кел деп, сабактан чыгарып жибергенимди мойнума алам. Бул менин айыбым. Себеби мен ал кызды бир ай күттүм, формаңды алмаштыр деп. Бирок уруп-сабады деген нерсе бул жөн гана жалган жала”,-деген болчу Романова.

Кара-Суу (3)

Романова мектепте мугалимдиктен сырткары, окуу иштер боюнча директордун орун басары болуп иштейт. Ошого карата да окуучу кыз Нафиза Назарованын ата-энеси тараптан атайылап жасалып жаткан айыптоо дейт ал:

“Баардык окуучуларга талап бирдей, баардыгы ушул эрежени аткарып окшош мектеп формасын кийип келишет. Кээ бирлери мода экен деп, узун юбка алып алышкан экен, аларды эскерткенибизден кийин кайрадан талапка көнүшкөн. Бир гана ушул окуучу гана мектептин уставын аткарбай келди. Ал жоолук менен бетин жаап алганы аз келгенсип, мончок, шылдырак-мылдырактарды, шакектерди да тагынып келчү. Жободо ага деле уруксат берилген эмес. Окуучу деген окуучудай эле болушу керек. Кийин чоңойгондон кийин деле жоолук салынып алууга үлгүрөт. Анан келип-келип мени эмнеге мынтип жалган жалаа жаап атканы да түшүнүктүү. Эрежени талап кылып жатканыма өчөшүп ушундай кылып атышат”.

IMG_0087

Деген менен окуядан кийин Каримжан Рахимов атындагы мектеп жамааты Таттыгүл Романованын жумуштан кетүүсүн талап кылып, райондук билим берүү башкармалыгына кайрылуу жазышкан. Бирок иш али далилдене элек болгону үчүн билим берүү бөлүмү мугалимдердин өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Окуяга байланыштуу ишке кылмыш иши козголо элек. Милиция менен прокуратура окуяны азырынча териштирип жатканын айтууда.

 

 Эксперттер эмне дейт?

 Ал ортодо байкоочулар мектепке жана университетке жоолук салынып келүү боюнча конфликттер көп орун алып жатканын эскертишүүдө. Оштогу “Юз оф Ош” коомдук уюмунун өкүлү Акмарал Сатинбаеваны kloop.kg маекке тарткан.

  kloop.kg:

-Айтсаңыз, ушулу Кара-Суудагыга окшогон инциденттер кез-кезде ар-ар жерде орун ала калчу болуп калды? Бул эмнеден кабар берет?

 Акмарал Сатинбаева:

 -Негизи мектеп жетекчилиги ар дайым мектептин уставына таяп жоолук салынууга тыюу салып келет. Ал эми ата-энелер, кыздар жана алардын укугун коргогон уюмдар баш мыйзамда ар бир бала билим алууга укуктуу экенин жана жоолук салууга тыюу жоктугун айтышат. Алар негизги мыйзамдан устав бийик болуп кеттиби дешет. Ортодо эле мугалимдер кыйналып, жаман көрүнүп атышат. Анткени райОНО алардан окуучуларды бир формага келтиргиле дейт, а ата-энелер болсо өз укуктарын талашышат. Маселенин баары ушундан жаралып келатат.

kloop.kg:

-Эми бул маселени кантип чечүү керек? Жок дегенде жоолук боюнча бир түшүнүшүүгө келишибиз керекби?

 Акмарал Сатинбаева:

 -Негизи былтыры билим берүү министрлиги жоолук салууга тыюу салуу жок деп буйрук чыгарып берген. Бирок анда жоолук, хиджаб деген нерселерге так аныктама берилбей калган. Жоолукка уруксат болсо, аны кандай салыныш керек, артыраакбы, же үстүрөөкбү, ошону кошо толуктап жазып коюш керек. Маселенин баары ошо терминдердин так жазылбай калгандыгында болуп жатат.

Калктын пикири кандай?

 

Эльбрус Жусупов, Кара-Кулжа районунун тургуну:

-Менимче окуучу мектепке окуучудай эле болуп келгени оң. Анан бир нерселерди жамынып алып, же салынып алып, оронуп алып келгени болбой калат. Ал биринчиден медресеге келип аткан жок, экинчиден башка бирөөлөргө жакшы эмес таасир калтырып коет.

 

Айдана Бекиева, Оштун жашоочусу:

-Менимче жоолук салынып келүү биринчиден окуучунун укугу болушу керек. Мыйзам боюнча алганда деле, конституция боюнча алганда деле дин эркиндиги деген нерсе бар. Ошонун негизинде өлкө боюнча атайын бир тактама киргизип коюш керек. Анан окуучулар жоолук салынып келе беришсе болот. Кыска юбка кийгендерди ооздуктабайбыз, анан жоолук салгандарга келгенде эле асылып жатып калабыз. Менимче мындай мамиле кылганыбыз туура эмес.

 

Жамила Жапашова, Ош шаарынын тургуну:

-Жоолукту эми талкуулаштын деле кереги жок да. Ал окуучубу, мугалимби, мусулман болгондон кийин сөзсүз түрдө жоолук салынышы керек. А хиджаб дегенге келгенде анын өзүнүн жол жобосу бар. Окуучулар хиджабка өтпөй деле турушса болот.

 

Алимбек Каракозуев, Ноокат районуну жашоочусу:

-Азыркы заманда чоңдордун жоолук, хиджаб салынганы деле жетиштүү болуп турат. Ушу окуучуларды да сугарбай кое турушса болмок экен. Алар мектепти аяктагандан кийин деле дин жолун үйрөнүп, каалашынча жоолук салынып алышат эле.

 

Эрнист Нурматов.

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр автордуку.