Ош шаар мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков калаада курулуп жаткан асма көпүрөнүн иши мыйзамдуу жүрүп жатканын кабарлады. Бирок шаардык кеңештин депутаттары бул ишке эч бир депутат уруксат бербегенин жана курулуш мыйзамсыз башталганын айтып чыгышты. Алардын пикиринче бул көпүрөгө акча дагы жетпей келет. Курулушту баштаган мурдагы мэр Мелис Мырзакматов болсо учурунда курулушка шаар бюджетинен 100 млн сом каралгандыгын ачыктаган эле.
Жыл жыйынтыктаган сессияда Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков Оштогу жаңы курулуш иши башталган эсткадалык көпүрө боюнча да билдирип, ал иш 2 жыл ичинде бүтөөрүн кошумчалады:
“Биз тараптан канча аракет керек болсо, ошонун баарын жасап жатабыз. Шаардык архитектура башкармалыгы көпүрөнүн курулушунун биринчи этабына уруксат берген. Биз ошонун негизинде иш алып барып жатабыз. Менин билишимче бул көпүрө боюнча проект бүткөн. Ал долбоордун тендерин кытай компаниясы утуп алган, ал боюнча иш азыр жүрүп жатат”,-деди ал.
Ал ошондой эле жаңы көпүрө баары бир учуру келгенде курулмак дейт:
“Негизи азыркы жаңы көпүрөнүн алдындагы мурдагы көпүрө мурдатан эле талкаланып калган болчу. Аны алмаштырбасак бир күн көчүп түшүшү мүмкүн эле. Ошону үчүн биз атайын пландап ушундай курулушту баштаганбыз. Эгер ошол көпүрө бузулуп кеткен болгондо, ал боюнча өзүнчө иш каралмак. Ар бир маселенин өзүнүн түйшүгү бар экен, ошону үчүн муну туура түшүнүңүздөр”,-деди Байгазаков.
Шаардык кеңештин депутатарынын бири Улан Пиримовдун көпүрөнүн курулушуна каяктан каражат табасыңар деген суроосуна Алимжан Байгазаков мынтип жооп берди:
“Чындыгында бул проект түзүлгөн. Жалпы 539 млн сомдук каражат деп эсептелген. Азыр бизде ушул жылкы бюджеттин эсебинен 100 млн сом бар. Анан келерки жылкы бюджетке дагы киргизип берсеңиздер, ал дагы жакшы болот эле. Анан калган акчаларды биз инвесторлордон табышыбыз керек болот”,-деди.
Бийликтер Навои көчөсүндөгү мурдагы көпүрө да эскилиги жетип, алмаштырууга мезгил келгенин билгилешет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исмаилов мынтет:
“Асма көпүрө курула турган жердеги, мурдагы көпүрө 1950-жылдары курулган. 60 жылдан ашык убакыттан буга капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн. Ошондуктан ал эскирип, арматуралары, бетондору чирип, көчүп түшкөнү калган. Бир күн унаалар кетип баратканда кулап түшүшү мүмкүн эле. Ошол себептүү биз жарандык коргоо комиссиясы атайын акт түзүп, аны оңдоп, демонтаж кылуу кооптуу деп жыйынтык чыгарганбыз. Мынтип биротоло жаңы көпүрө курулуп жатканы абдан сонун иш болду”,-дейт.
Ош шаардык муниципалдык автоунаа башкармалыгынын жетексиси Таалайбек Туркбаев болсо, буга чейин ушул Навои көчөсүндө автобустар 2 саатча тыгылып келгенин айтат:
“Биздин 3 каттамдык линиябыз ушул Навои көчөсү аркылуу өтчү. Бир каттам үчүн барып-келүүгө бир саат убакыт бөлүнсө, а автобустар ошол эле жердин өзүндө бир саат кармалып калып, ыңгайсыз абал жаралып келген. Бул бир жагы. Экинчи жагынан алганда көпүрөнү мөөнөтү аяктап бузулайын деп калган. Эгер бир автобуста 20-30 киши менен кетип баратканда көчүп түшсо эмне болот эле? Ошондуктан бул ишти биз эч кандай саясатка айландырбай, популисттик иш дебей колдошубуз керек. Асма көпүрө эң жакшы, эң туура жолдо кетип баратат”,-деди.
Шаардык архитектура жана курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Калмамат Анапияев болсо, жаңы көпүрө мыйзам чегинде башталганын белгилейт:
“Көпүрө эрежеге туура келген үчүн курулуп жатат, андай болбосо эч кайсы курулуш курулбайт. Экспертизаны эч кандай кытай компанияс жүргүзгөн жок, алар долбоорду түзүп келишкен. Бирок аны азыр биздин архитектор, эксперттер ушул жерге ыңгайлаштырып, адаптациялап атышат. Ошонун баары даяр болгондон кийин анан аны биздин эксперттер текшеришет. Аны ошо транспорт министрлигинен экспертизадан өтүп жатат”.
Шаардык кеңештин депутаттарынын бири Рысбек Мирзаматов болсо, бул ишти саясатка айландырбоо керек деген пикирде:
“Шаарда тыгын көбөйүп кетти деп, тыгын ансыз деле мурда көп болуп келген. Ал шаарда автоунаалардын көптүгүнөн орун алып келүүдө. Эми ошону алдын алуу үчүн ушул көпүрө курулуп жатат. Анан аны саясатка айландырып кереги жок. Менин коллегаларым, кээ бир депутаттар элди адаштырбашы керек. Бул иш элге керек”,-дейт.
Шаардык кеңештин депутаты Арфидин Аланов болсо, бул көпүрө башка максатта курулуп жатканын ачыктайт:
“Депутаттардын көбү долбоорду толук көргөн эмес. Жанагы сүрөттө илип койгон сүрөтүндөгүдөй чоң көпүрө болбойт. Ал жерде Масалиев менен Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөдөй көрүнүп жатат, а факт жүзүндө ал кичинекей эле, азыркы Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан көпүрөдөн да кичинекей курулуш экен. Бул ишти баштоо менен базарды башка жакка көчүрүү, же базарды сыртка чыгарып кетүү максаты болуп атат. Ошон үчүн да вакуум кылып, базарды кире бериш жолдорун бүт жаап, унааларды бууп салышты”,-дейт ал.
Башка бир депутат Жапар Ормонов мынтет:
“Дүйнөдө көп өлкөдө курулуш иштерин, мындан да чоң көпүрөлөрдү башкаларга тоскоолдуксуз эле куруп атышат. Анан эми биз да ушунун бир жолун тапсак болбой беле? Жок дегенде экиге бөлүп, бир жагын эски автобекетке чейин бүткөрүп алып, анан экинчи жагын жагын курсак да бир топ тыгынды азайтып кармап турат белек балким. Же жок дегенде ошол жолго ылдыйдан, жогорудан паралелль жол ачып, анан ишти баштасак болбойт беле? Бүгүнкү күндө бизге шайлоочулар тынбай кайрылып, силер айтпайсыңарбы деп, ызы-чуу болуп атышат. Автотыгындар боюнча кайра-кайра депутаттарга айтып, чоң бир маселе жаралып жатат. Анткени азыр Навоинин баш жагы Масалиев проспектиси да тыгын, бул жагы Курманжан Датка көчөсү да тыгын, кыскасы кыйын болуп атат”,-деди шаардык кеңештин сессиясында.
Навои көчөсүндө асма көпүрөнүн курулушу 5-октябрь күнү башталган. Ал Ленин көчөсү менен Масалиев көчөсүн туташтырган чоң курулуш обьектиси болмокчу. Ошого байланыштуу жолдун эки тарабы тең жабылып, каттамдар, унаалар айланып каттай башташкан.
Маалым болгондой, курулушту аткаруучу Кытайдын Сью Джоу шаарынын курулуш компаниясы.
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ошто атайы журналисттерге маалымат берип, мындай деген эле:
“Курулуштун мөөнөтү эки жыл. Эң кыска мөөнөт дегенде ушул убакытта бүтөбүз. Биз ушул убакыт ичинде тездетип бүткөрөбүз деп аракеттерди көрүп жатабыз. Анан андан узарып, 4-5 жылга созулуп кетип атса, чыгасыңар дагы “ай, эмне созулуп кетти, сен эки жыл дебедиң беле?”, деп айткыла. Ошондо мени кекиртектен алгыла, азырынча иш эми башталып атат го... Мен убада берип атам, биз өзүбүзгө ишенип атабыз”,-деген болчу.
Ал ошондой эле бул ишти саясатка айлантуунун кереги жок деген:
“Көпүрөнүн узунун сындап атышат, туурасын сындап атышат. Мына туурасы долбоор боюнча 24 метр, узуну көпүрөнүкү 400 метрдин айланасында, а жалпы жолдуку эки көчө башына чейин 700 метр болот. Сындап аткандар өздөрү бир тыйын акча кошушпайт, же ошону курганга жардам бербейт. Же марафон болуп атса, ага катышып койбойт, сырттан карап сындап олтурушат. Негизи эле бул жерде көпүрө маселе эмес, анын эч тиешеси жок. Ош шаарынын мэринин шайлоосу жакындап калды, ошонун алдында сындап атышкандагысы. Мунун артында саясат жатат. Мына жөнөкөй эле мисал жолдогу тыгындарды, эмнеге МАИ кызматкерлери азайтпай атышат. Биз аларга кайра-кайра тапшырма берип атканыбызга карабай, тыгын болуп жаткан жерде бир дагы МАИчини таппайсыңар. Эгер ошол төрт МАИ төрт жерде турганда эле жол эрежеси сакталып турмак. Демек шаарда, кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн топтор, күчтөр бар. Мүмкүн болушунча жолдо тыгын болсо, шаарда бардак болсо, эл Мырзакматовго нааразы болсо дегендей кылып атайын жасалып аткан моменттер да болушу мүмкүн”,-деп кошумчалаган.
Бирок Мырзакматов учурда шаар мэри катары кызматтан кетген. Ал азырынча мэрликке кайрадан шайланып келеби жокбу белгисиз. Эгер келбей кала турган болсо ал берген убадаларды ким аткарат эч ким билбейт.
Эксперттер эмне дейт?
Оштогу асма көпүрөнүн иши мыйзамсыз экендигин жана плансыз жүрүп башталгандыгын Ош шаардык кеңешинин айрым депутаттары буга чейин эле айтып чыккан болчу. kloop.kg бул маселе боюнча депутат Абдувахаб Нурбаевди кепке тарткан.
kloop.kg:
-Айтсаңыз, бул долбоорду сиздер эмне үчүн мыйзамсыз деп атасыздар?
Абдувахаб Нурбаев:
-Бул жерде балансты кармоого аракет кылышыбыз керек. Ошол эле бала бакчалар, ошол эле мектептер, ооруканалардын курулуштары, алардын ремонттору токтоп калышы мүмкүн. Анан бул жерден бюджет кабыл алып жатканда жети өлчөп бир кесишке туура келип калат. Көпүр деп эле, башка социалдык тармактар да зыян тартпашы керек. Биз эми көпүрөгө каршы эмеспиз, болгону биз мыйзамдуу жагын карап жатабыз. Негизи өзү мыйзам боюнча курулушка делген акча толук табылышы керек, андан кийин долбоор даяр болушу керек, анан мамлекеттик курулуш агенттигинен экспертизадан өтүшү керек. Ошонун баары бүткөндөн кийин гана тендер жарыяланышы керек. Азыр бул жерде долбоор толук даяр эмес, акча да жетишсиз эле, ишти баштап жиберишкен. Мында баягы чалды-куйду, баш аламан иш башталып калган.
kloop.kg:
-Бирок бул курулуш баары бир Ош шаарын керек эле да? Адистер кыйналсак дагы баары бир куруш керек болчу деп атышпайбы?
Абдувахаб Нурбаев:
-Ооба. Туура ушундай чоң жолдор керек болчу бизге. Бирок бул жол эч кандай плансыз эл башталып жатпайбы. Ушул көпүрө башталгандан кийин башка баардык жерлерде тыгын пайда болду. Дүйнөнүн баардык жеринди автотыгын менен күрөшүшөт, а бизде аны жасалма жол менен пайда кылып атабыз. Көпүрө куруу билингенден кийин алдын ала баарын иликтеп чыгыш керек эле. Ошол жол башкармалыгы, МАИ кызматы, мэрия “биз ушу көпүрөнү курсак шаарда автоунаа тыгын кантет? элдер кандай кыйынчылыктар туш келет?” деп иликтеп чыгышы керек эле. Жок дегенде Ак-Бууранын эки тарабын бириктирген кошумча жолдорду ачып, анан көпүрөнү башташ керек болчу. Азыркы убакта шаарда эң чоң проблема тыгын болуп жатат. Көрүнгөн жерде айтып атышат, кыйналып өлдүк дешип. Азыр элдер кычык жолдор менен айдап кетип аткан болсо кар көп түшкөн күндөрү элдин баары, чоң жолго чыгат. Тыгын мына ошондо көп болот, муз болуп, бири-бири менен кагышып, адамдар бири-бири менен уруша башташат.
Элдин пикири кандай?
Алмаз Сарымсаков, Ош шаарынын тургуну:
-Мурдагы шаар мэри Мелис Мырзакматов ушундай демилге менен чыгып, ушундай чоң бир ишти жасап аткандан кийин колдоого ала турган көрүнүш эле. бирок антпей эле булар тескерисинче аны кызматтан да алып тынышпадыбы. Кайра келсе эми улантып, ишти жарым жартылай калтырбай аягына чыгараттыр. Ошону күтүп турабыз.
Бекмамат Абдумалик уулу, студент, шаарда турат:
-Башкасын билбейм го бирок автотыгын айдоочуларды өлгүдөй эле кыйнап атат. Аларды кой биз студенттер эле кандай кыйналып атабыз. Автобуска чыксаң тыгылып 2 саат турасың. Мына жете турган жерге эле 2-3 саатта жетебиз. Көп мезгилде сабактан да кечигебиз. Көпүрө курса кура берсин го бирок элдин жашоосуна тоскоол болбогудай кылып иш кылышса болмок экен.
Адинай Тербишева, Кара-Суунун тургуну:
-Эми эмнеси болсо дагы иш баары бир бүтүшү керек. Айла жок. Биз миң каршы болгон менен дагы курулуш ортолоп калды. Бүтүрүүдөн башка аргабыз жок. Антпесек жол ошол жерде курулбаган бойдон кала берет.
Турсунбек Саалаев, Кара-Кулжа районуну тургуну:
-Шаардыктар кандай абалда жашап атканын билбейм, бирок биз келип кеткен сайын эле шаарда өзгөрүү болуп калганын байкайбыз. Ушул көпүрө да ошондой бир ийгиликтүү иш болуп берсе жаман болбос. Бир эсе шаардын көркүнө келтирсе, бир эсе жолду кеңейтет экен.
Эрнист Нурматов.
Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды.
Сүрөттөр автордуку.