Укук коргоочулар: Муфтияттын кумсаларга каршы фатвасы «Конуституцияга каршы келет»

«Бир дүйнө» укук коргоо уюму гейлер менен лесбияндарга каршы фатва чыгарган Кыргызстан муфтиятына карата чара көрүүсүн талап кылып Башкы прокуратурага билдирүү жөнөттү.

«Бир дүйнөнүн» билдирүүсүндө уюм гейлер менен лесбияндарга каршы зомбулукка үндөө чакырыктары орун алган фатва чыгарган муфтияттын аракеттеринен «кооптонуп» жаткандыгы жазылган.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди эске алып чукул чара көрүшүңүздөрдү өтүнөм», — деп жазылган катта уюмдун директору Төлөйкан Исмаилованын атынан.

Азырынча бул кайрылууга Башкы прокуратура менен муфтият кандай реакция жасагандыктары белгисиз.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы 30-январда өлкөдөгү гейлер менен лесбияндарга каршы күрөшүүгө чакырган атайын фатва чыгарган.

Күн мурун «Хьюман Райтс Уотч» уюму Кыргызстанда жергиликтүү милиция тарабынан гейлерге карата зордук-зомбулуктар болуп тураары тууралуу баяндамасын жарыялаган болчу.

HRW уюмунун кызматкери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде алардын милиция тарабынан мыйзам бузууларга арналган баяндамасы менен жалпы эле бир жыныстагы адамдардын жыныстык мамилелери жөнүндө айтылган фатванын ортосунда кандай байланыш бар экенин түшүнбөй жатканын айтты.

Укук коргоочу Дмитрий Кабак адамдын өз укуктары, эркиндиги менен пайдаланууга эч ким тыюу сала албайт деп эсептейт.

«Диний ишенимдери жок адамдар жөнүндө айтсак, алар өз көз караштарын карманган бойдон калышат. Ошондуктан коомдогу түрдүү топтор тынчтыкта жанаша жашоолору керек», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Ал ортодо милиция HRW уюму тарабынан кызматкерлеринин дарегине айтылган айыптоолорду «далилсиз» деп атап четке какты.

Редактор: Шахида Дүйшеева