Ош: Эс алуу багынын ордуна кафе-чайхана, үйлөр курулууда

 Ошто эс алуу багынын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп, кафе-чайханалар салынып атканына жашоочулар нааразы болушууда. Шаардын Курманжан Датка кичирайонунда жайгашкан сквер кичирайон боюнча жалгыз жашыл зона. Бул аймакта жашаган балдар кайда эс алышаарын билбей турган чактары. Ал эми бийликтер болсо бул жерлер мындан 5 жыл мурда эле менчикке берилип кеткенин айтып кол куушурууда.

Курманжан Датка (Юго-Восток) кичиройонундагы бир топ көп кабаттуу үйдүн жашоочулары алар эс алып жүргөн жайына курулуштар түшүп жатканына нааразы болуп күн алыс чогулушууда. Айтымдарында, бул аймакта жападан жалгыз жашыл зона болуп саналган скверге кирип болбой калган. Ичиндеги бактар четинен кыйылып, олтургучтар алынып салынууда.

Тургундардын бири Калбай Асанов мындай дейт:

Калбай Асанов
Калбай Асанов

“Бул атарапта жүздөгөн батир, ондогон көп кабаттуу үйлөр бар. Алардын балдары бир ойной турган, эс ала турган жер жалгыз ушул жер болчу. Эми муну да жок кылып тынганы калышты. Ары барсаң мектеп, бери бассаң жол. Бош жер калбай калды. Баардык тараптап сыгылып келатабыз. Эс алуу зонасына союз учурунда да курулуш курулган эмес. Биз буга чейин бир тополоң кылып чыкканыбызда айтышкан эле, биз бул жерге жеңил курулуш салабыз, балмуздак сатабыз дешти эле, эми болсо четинен эле ээлеп кетип атышат. Болбойт да эми ушул”,-деди ал.

Эс алуу багына буга чейин “Манхеттен” аттуу кафе салынып, бир бурчуна болсо “Токбай ата” деген аталышта чайхана курулган. Сквердин бир тарабы толук тосулуп 10 кабаттуу көп батирлүү үй бүткөнү турат. Калган бөлүктөрүнө да эми ушул сыяктуу көп кабаттуу үйлөр салынганы жаткан экен. Жашоочулардын дагы бири Зулпукар Белеков буларга токтолду:

Зулпукар Белеков
Зулпукар Белеков

“Бул кыйып-кыйып олтурушуп эч нерсе калбай калды. Көп кабаттуу үйлөрдүн арасында бут коерго жер калбай калды. Бул сквер ушул микрорайон боюнча жалгыз эле жер. Балдар эми кайсы жакка барып ойношот. Эми ушу коомдук жер болуп атса, жалпы шаардыктарга тиешелүү жер болуп атса, анан муну кайсы жинди, кандай кылып сатып жибергенин эч ким билбейт”,-деди ал.

Тургундардын айтымында, бул курулуштарга, кафе-чайханаларга Оштогу ири бизнесмен Жалил Атамбаев ээлик кылат. Бирок анын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Өзү тургай бизди курулушчулар да жакын жолоткон жок. Бирок бул жердеги көп кабаттуу үйдү “Ансар-Трейд” аттуу курулуш фирмасы куруп жатканын биле алдык. Анын өкүлү Равшан бизден оолактоого аракет кылды:

“Мен жердин ээси ким экенин билбейм. Жалил аке, Мирлан акелер менен келгенде гана жолугабыз. Силерге номерлерин бере албайбыз. Силерг тургай, биз чалсак телефондорун алышпайт. Өздөрү келишет, бизге тапшырмаларды берип коюп кетишет. Силер муну чукулап не кыласыңар. Бул бир эле көп кабаттуу үй эмес, бул жерге дагы төрттөн сегиз көп кабаттуу үй түшөт деп картасын көтөрүп жүрүшөт. Оо, сен бир эле үйдү проблема кылып атасың”,-дейт.

Сквер (1)

Жергиликтүү бийликтер болсо бул жерлер мындан 5 жыл мурда эле жеке менчикке берилип кеткенин, алар жерлерине каалаган нерсесин курууга акысы бар экенин ачыкташат. Ош шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Баетов мындай дейт:

“Бул жер буга чейин сквер болуп гана пайдаланылып келген. Союз учурунда, андан кийинки мезгилдерде деле мамлекеттики болуп саналган. Бирок биз ушу 5 жыл мурда документтерин караганыбызда, бул жерлер жеке менчикке өтүп кеткен экен. Менин билишимче, бир адамга эмес, 5-6 адамга тиешелүү экен. Анан алгач ал жерлерге дүкөн, ресторан, мончо салабыз дешкенде уруксат берилген эмес. Анткени шаардын башкы планы боюнча ал жерлерге коомдук көп кабаттуу үйлөр түшүшү керек экен. Анан ошондон кийин эле ал жерге көп кабаттуу үй салуу боюнча сунуштар түштү. Биз колдоп бергенбиз. Эми элдер бак эле, андай эле, мындай эле деп атышпайбы, муну биз мурда көргөнбүз билебиз. Эс алуу багын эч ким карабай, абдан начар абалда болуп келген эле”,-деди.

Сквер (3)

Бул сквер боюнча жергиликтүү кеңеш жакын арада чечим кабыл алаарын билдирүүдө. Шаардык кеңештеги “КСДП” фраксиясынын депутаты Талант Капаров буларга токтолду:

“Бул маселе боюнча элдер кайрылып жатышат. Баардыгы кол коюлган, документтер бар. Элдер нааразылыгын билдирип атышат. Анан ошого карап көрүп туруп, комитетте же, шаардык кеңеште карап, мыйзам чегинде чара көрөбүз. Эгер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен болсо, жер кайра элге кайтарылышы керек”,-деди Капаров.

Жерге ээлик кылат делген Жалил Атамбаев Оштогу эң бай кишилердин бири деп саналат. Ал мындан башка ондогон кафе-ресторан жана имараттардын ээси. Ишканаларын жана жерлерин түрдүү адамдарга каттатып койгону жашоочулар айтышат. Өзү болсо Ош эл аралык аэропортунун милициясынын башчысы кызматын аркалайт.

Митингчилер (2)

Ошентсе да бул курулуштар жакын арада шаардык кеңеште жана Жогорку кеңеште каралаары белгилүү болду. Жергиликтүүлөр өз алдынча топ түзүп, эс алуу бакты өз калыбында алып калуу аракетин көрүшүүдө.

Ош шаарында эс алуу бактары жана парктар манжа менен саналат. Бирок ошого карабай скверлерге мынтип жеке адамдарга берилип кетип жатканы коомчулуктун кыжырдануусун жаратууда.

Экперттер эмне дейт?

 Ош шаарындагы эксперттер буга чейин ЖК депутаттарына чейин кайрылууларды жөнөтүшкөн. Мурдагы депутат Эркин Алымбеков бул иш боюнча таанышып, парламентте көтөрүүгө белсенген. Бирок ал азыр депутаттыктан кетип калды. Ошентсе да бул маселе Жогорку кеңештин жыйынында каралышы керек деген пикирде.

 Kloop.kg:Митингчилер (1)

 -Бул маселенин мыйзамдуулук жагы кандай экен?

 Эркин Алымбеков:

 -Парк зоналарында, эс алуу зоналарында мындай курулуштарды курууга тыюу салган мыйзамдык нормалар бар. Ошонун негизинде бул скверди талкалап, сындырып, анын ордуна кафе, же менчик үй салган болбойт. Бизге азыр ушул жердин жашоочуларынан түзүлгөн демилгелүү топ, иликтеп бизге документтерди берсе, биз бул маселени Жогорку Кеңештин комитетине сунуш кылабыз. Анан ал жакта сөзсүз түрдө каралышы кажет.

 Kloop.kg:

 -Негизи мобундай чоң шаарларда бут коерго жер калбай баратат деген нааразылыктар көп болуп келатат. Өзү буга мамлекеттик мамиле кандай болушу кажет?

 Эркин Алымбеков:

 -Экологиялык, курулуш нормалары бузулган болсо буга айыптуу адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек. Биз элдин паркка эс алуу, жашыл зонага болгон укугун биз кайрып беришибиз керек. Биз азыр пайданын артынан, ар кандай кызыкчылыктардын артынан, шаарлардагы жашыл зоналардын баарын жок кылып келатабыз. Же бир ресторан, кафе, же дагы таш тамдарды салып алып эле, анан адамдар күндүзү, кечкисин бир эс ала турган же, айланып келе турган жайлар таптакыр азайып келатат. Союз учурунда деле үйлөрдүн жанында деле, бош жерлерди калтырып келген. Ал жер дагы бир нерсени курганга бош жер эмес, ал жерлер, дагы бир ушул сыяктуу эс алуу зоналарын курууга ылайыкталган жерлер деп саналат. Бул курлуш нормаларында, шаардын стратегиялык пландарында берилген эреже.

Калктын үнү

 Сквер (5)Бахтияр Мамаджанов, Оштун тургуну:

-Бул скверди жок кылуу менен алар биздин балдарыбыздын, биздин неберелерибиздин келечегине кол салып атышат. Алар кайда барып эс алышат, кайда барып көңүл ачышат. Бул чыныг коррупциянын жүзү болуп турат. Скверди мыйзамсыз жана алдоо жолу менен приватизация кылып алышкан.

Арыпбек Айтбаев, Оштун жашоочусу:

-Мурда бул эс алуу багына балдар кенен, кесир кирип ойноп чыга беришчү. Бирок эми барган сайын жабабыз деп биздин шайыбызды оодуруп атышат. Кыргызстан жашыл өлкө дейбиз, а бул жактан эч бир жашыл зона калтырбай баарын кыйратып кетип атышат.

Адилет, шаардын тургуну:

-Биздикилер көп мезгилде көрө албастыктан чыга албай калышат. Шаарда мындан башка канча жерлер менчиктештирилип, жаңы нерселер салынып атат. Бул жерге бир пайдасы жок нерсе салса экен бир жөн. Азыр калаада турак жай маселеси эң курч болуп турган учурда, булар көп кабаттуу үй курабыз деп атйшпайбы. Анан жаманбы ушул? Шаар деген нерсе эми ушул да. Жашыл зонага баргыңар келсе, жайлоого баргыла.Сквер (4)

Гүлмира Сапарбекова, Оштун жашоочусу:

-Чынын айтканда шаарда саналуу эле парк бар. А бул Курмандан Датка кичирайонунда болсо бирөө эле. Эми ошонун да түбүнө жетебиз дегени уят иш да. Бирок эми сыягы биз миң чырылдаганыбыз менен деле пайда жок окшойт. Булар мурдатан эле менчиктеширип алышкан. Анан алар бир күн болбосо, бир күн баары бир бул жерди бузуп тынышат.
Эрнист Нурматов

 Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр автордуку.