Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев калаадагы эстакадалык көпүрө таптакыр башкача долбоор менен бүтөт деди мэр. Жакын арада ал боюнча долбоор сунушталаарын айтты калаа башчы. Бирок карапайымдар арасында калкты эң көп түйшөлтүп аткан көпүрөнүн жаңы долбоору эмдигиче сунушталбай жатканына нааразы болгондор арбын. Бирлери болсо бул курулуштун тагдыры мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун ишкердиги менен да байланыштырып олтурушат.
Ишке киришкенине толук бир ай болгондо калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев Навои эстакадалык көпүрөнүн курулушунан кабар алды. Жеринен анын абалы жана схемалары менен таанышты. Эң башкы маселе каражат табуу экенин мэр жуналисттерге маек берип жатып билдирди:
“Былтыр бюджеттен 100 млн сом каралган экен, быйыл 40 млн сом карап атабыз. Бирок азыр шаардык бюджеттен дагы кошумча каражаттарды издештирип атабыз. Бул көпүрө азыр өтө маанилүү обьект. Муну сөзсүз бүтүрүшүбүз керек”.
Шаар бийликтеринин айтымында, эстакадалык көпүрө таптакыр башкача долбоор менен бүтөт. Ал боюнча учурда изилдөө иштери жүрүүдө. Ош шаардык жол курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов мындай дейт:
“Мурунку проект менен өтө кымбат бааланып калган деп атышат. Азыр эми жаңы долбоор боюнча, төмөнүрөөк кылып, алдынан жол өтө тургандай примитивдүү кылып бүткөрүүгө аракет кылабыз. Азыр учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мурда 345 метр гана болсо, азыр мобу Мажүрүм тал көчөсү алдынан өтө турган болуп гана, кыскараак салынат. Бул курулуш канчалык эртерээк бүтсө шаардагы тыгындар, ошончолук тез азаят”.
Шаар жетекчисинин көпүрөдөн кабар алганын угуп, мында заматтын ичинде эле жүздөгөн адамдар чогула калды. Алар курулуштун айынан жолдор жабылып, жедеп тажаганын айтып чыгышты. Айрымдар болсо көпүрө бүтпөсө мэрдин жумуштан кетишин да талап кылып жиберишти. Салима Алиева:
“Кичинекей шаарда саясатчылар онго бөлүнбөй, ынтымакта болгула. Бир идеология менен чогуу иштегиле. Мелистен калган нерселерди оңдосо оңдоп, иште, болбосо сен дагы жумуштан кеткин. Азыр тургундарга бул көпүрө абадан да зарыл болуп турат”,-деди.
Чогулгандар кандай жол менен болсо да курулуш эртерээк аягына чыгышы керектигин дешти мэрге. Базардагылардын бири Асылкан Абышева, каражат жетпесе карапайым калк чогултуп берет деди:
“Көпүрөнү бүтүрө” албайм деп айтпа. Артка кайтпа. Бүтүрөсүң сен. Себеби мына калк ичинде, мага окшогон, башкаларга окшогон адамдар бар. Алар колдон келишинче жардам кылышат. 5 сомдон таштасак да, 20 сомдон таштасак да марафон уюштуруп атып бүткөрүп алабыз. Кээ бир жинди 1000 сом салат, айрымдары 500 сом салат ошентип жптеп акча топтоп алабыз”.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев болсо жакынкы күндөрдө курулуш башталаарын тургундарга убада кылды:
“Көпүрө башталганда мыйзамсыз башталган. Мобу жерде базар турат, автобекет турат, канчалаган соода жайлары турат. Ушул көпүрө салынат деп канча кишиге, канча жерге ыңгайсыздык жаралды. Ошону үчүн бул көпүрө бүтүшү керек. Бирок көпүрөнүн үстүнөн машине өтөт, адам өтөт, адамдын тагдырын эч кандай нерсеге алмаштырууга болбойт. Муну дыкаттык менен иликтеп анан иш башташ керек. Бүгүнкү күндө биз адистер менен изилдеп, иликтеп, кеңешип атабыз. Канткенде тезирээк бүтүрөбүз, кандай кылганыбызда арзаныраак бүтөт, ошонун үстүндө иш алып барып атабыз”,-деди.
Жаңы келген шаар бийлиги көпүрөнүн долбоорун карап чыгып, андан кийин гана иш бир жаңсыл болот деген пикирди, мэр шайланган күндөн бери кайталап келатат. Бирок ошентсе да Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу орто жолдо калбайт деген позицияда.
Көпчүлүк коалициянын өкүлү, “Адилеттүү Кыргызстан” партиясынан депутат Абдувахаб Нурбаев буларга токтолду:
“Биринчи азыр биз курулуштун долбоорун алып, талкуулап чыгабыз. Анан баардык кызыкдар тараптарга, коомчулукка салабыз. Кесипкөй адистер, курулуш агенттиги менен келишип, бир заманбап долбоор кабыл алып, анан ошондон кийин гана ишти байтайбыз. Көпүрөнүн элге канчалык пайдасы бар, негизинен ошону аныктап алышыбыз керек. Мурун маселен ылдыйдан асфальт менен өтүп аткан болсо, кийин үстүдөн көпүрө менен өтүп калат. Анда кандай пайда алып келет? 500 млн акча кетип атса, муну стратегиялык жактан ойлонуп көрүп, пландап анан ишке ашырышыбыз зарыл. Негизги маселе көпүрө куруу, курбоодо эмес, көпүрө элге канчалык пайда алып келет деген маселеде. Ошону тактап алгандан кийин, анан бир чечим кабыл алабыз. Азыр бизге шаардыктардын атынан өтө чоң кайрылуулар болуп атат. Тыгындар күн санап көбөйүп атат. Демек биз жашоочулардын талаптарын тезирээк канааттандырышыбыз керек”.
Шаардык кеңештин депутаттары 2014-жыл үчүн Оштун бюджетин жалпы 787 млн сом деп кабыл алды. Ал эми Навои көчөсүнө курула турган көпүрөнүн курулушу өзү эле 539 млн сом деп бааланган. Башкача айтканда көпүрөгө кетчү акча, шаардын бюджетинин дээрлик жарымынан көбүн түзүп жатат. Ошол себептүү депутаттар долбоорду арзаныраак түзүүнү пландоодо.
Ошентсе да бюджеттен көпүрөгө делип, ушул жыл үчүн 40 млн сом акча каралды. Айрым башка тармактардан да кыскартуулар менен дагы 25 млн сом каражат табылышы мүмкүн.
Бул жагынан алганда жергиликтүү бийлик борбордук бюджеттен жардам албаса, иши жүрбөй турганын сезип тургандай. “Республика” фракциясынын жетекчиси Арфидин Аланов:
“Мына азыр акчаны бөлүштүрүп атабыз, бирок азыр шаардын казынасында жетиштүү акча жок. Ошо көпүрөгө калса бир 100 млн сомго жетип жетпеген акча чыгат. А көпүрөгө болсо алгачкы эсептөөлөр боюнча 558 млн сом кетиши мүмкүн. А бирок ал дагы өсөт. Балким 600 млн, балким 700 млн сом болуп кетет. Анан бюджеттин баарын көпүрөгө берип коюп башка тармактар кантет? Биз азыр ошону үчүн борбордон каражат сурап атабыз. Мен Жогорку Кеңештеги партиялардын фракция жетекчилерине кайрылып “бизге акча бергиле” деп кат жаздым. Республикалык бюджеттен акча берилбесе көпүрө бүтпөйт. Элден акча чогултуп, ал бул деген бул реалдуу эмес нерсе, жок нерсе. Азыр андан түшкөн акчалар деле каякта экени белгисиз”,-деп айткан болчу.
Бирок тургундар арасында курулуштун кечеңдешинин айынан ар кандай кыжаалатчылыктар орун алууда:
“Көпүрө бузулгандан бери шаар азыр өтө бир кыйын абалда турат. Машине бир жакта тыгын, эл бир жакта тыгын. Базарга кирип чыгам деген адамдардын башы айланып, азапка батып бүттү. Жолдун жамандыгы менен, ылай, суу экендигин айтпай эле кой. Жаңы мэрибиз Айтмамат Кадырбаев жумушка киришкенде 20-январь күнү көпүрө боюнча жаңы долбоор сунуштайм деген, бирок эмдигиче ошол долбоорду көрө албай атабыз. Же сунуштабады, же бир курулуштун тагдыры эмне болот так билдирүү бере элек. Эл болсо иш качан башталат деп күткөнү күткөн”,-деди Оштун жашоочусу Бекмамат Абдумалик уулу.
Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атаган эле. Ошондон бери жолдун эки тарабы тең жабылып, каттамдар, унаалар айланып каттай башташкан. Курулуш Кытайлык ишкерлерге тапшырылган эле.
Экперттер эмне дейт?
Эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча шаардык прокуратура 2 кылмыш ишин козгогон. Ошол себептүү иш учурда токтоп турат. Ош шаарынын прокурорунун орун басары Рысбек Кулов бул боюнча клооп медиага атайын маек курду.
Kloop.kg:
-Айтсаңыз, азыр эстакадалык көпүрөнүн курулуш боюнча эмненин негизинде кылмыш ишин козгодуңуздар?
Рысбек Кулов:
-Биз тендер өтүшүн толук текшерип чыктык. Ошонун натыйжасында эки кылмыш ишин козгодук. Биринчиси, курулуштун долбоору боюнча, экинчиси долбоор бүтө электе эле, курулушка акча бөлүп жибергендиги боюнча. Долбоорго деп 31 млн сомго тендер жарыяланган. Долбоор бүтө элек эле, анын 19 млн сому кытайлык “Г-Сью” деген ишканага которулуп кеткен. Бирок алар чийген долбоор “Кыргызстройдон” жараксыз деп табылып, экспертизадан өткөн эмес. Ал ортодо эле Кыргызстандык “Арх ТБ” деген ЖЧКсы кытайлык “Г-Сью” мекемеси менен субарендага келишим түзө коюп, долбоорду өз алдынча эле чийип чыгышкан. Алардын долбоору экспертизадан өтүп кетет. Бирок “Арх ТБ” ишканасы курулуштун тендерине катышкан эмес да. Алар бул иши үчүн 4 млн сом акчаны өздөрүнө котортуп алышкан. Карап көрсөңүздөр, жалпы долбоор 4 млн сомго эле бүтө турган болсо, анан неге ага 19 млн, же 31 млн сом каралып жатат. Кеп ошол жакта турат. Таң калыштуусу “Арх ТБ” ЖЧКсы бул Ош шаардык архитектуралык башкармалыгынын башчысы Нурбек Баетовдун уулуна тиешелүү болуп жатат.
Kloop.kg:
-Негизи тендерге канча компания катышкан экен?
Рысбек Кулов:
-Тендерге 3 компания катышкан. Баары Кытайлык компаниялар. Алардын биринин да лицензиясы жок болгон. Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда лицензия албаган курулуш компаниялары өлкөнүн аймагындагы курулуштарды курууга, тендерлепге катышууга укугу жок деп саналат. Анысы аз келгенсип, жогорудагы курулуш компанияларынан сырткары дагы бир кытайлык ишканага 12 млн сом акча которулуп кеткен. Анын да лицензиясы жок болгон. Бул али курулушка шаара архитектору уруксат бере электе болуп аткан иш. Ал компаниядан акчаны кайра кайтарып алабыз деп чуркап жүрүшөт, эми анысын беришеби, бербей эч ким билбейт. Кыскасы азыр бул жерде толтура мыйзам бузуулар бар экендиги аныкталып жатат. Ушуларга таяп биз кылмыш ишин козгоого мажбур болдук. Азыр мындан башка да толтура маалыматтар бар. Аны тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыктоого болбойт.
Kloop.kg:
-Сиздердин бул ишиңиздерди мурдагы мэрге карата куугунтуктоо катары кабылдап атышпайбы?
Рысбек Кулов:
-Учурда эстакадалык көпүрө боюнча калкта, жалпы республикада чоң талкуу болуп жатат. Айрымдар мурдагы мэрдин баштаган ишин улантпайт, кайра тоскоол болуп атасынар дегендей пикирлерин айтып атышат. Муну саясат кылгысы келгендер чыгарып аткандай. Бирок бул жерде кылмыш ишин козгоо менен биз эч кандай саясат кылып аткан жокбуз. Кылмыш ишин козгоо дегендин өзү бул “бирөөнү күнөөлүүсүң, же сен айыптуусуң” дегенге жатпайт. Тескерисинче мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун кол алдында иштеген башкармалык жетекчилери “тезирээк баштай берели” деп, ага туура эмес маалымат беришкендей. Мен деле шаардык катары көпүрөнүн курулушун колдойм. Бирок ага кеткен каражаттар мыйзамдуу иштетилиши керек деген ниетибиз бар.
Калктын күткөнү күткөн
-Ишти баштаган учурда, эмнеге мыйзамсыз экенин айтып чыгышпайт. Ошол убакта баары уктап жаткан, эми кайдагыны айтып дөөрүп атасыңар. Элге кереги барбы жокпу деп сурагандын өзү туура эмес. Көпүрө деген калкка керек. Муну тезирээк бутүрүү керек. Акча деп жүрө бербей иштесе эле табылат да.
Саламат Турдубаев, Ош шаары:
-Мен угуп алып аябай тан калдым. Бу Мелис дегениң кандай неме. Акча жок болсо, проект жок болсо анан эмне кытайларга акча берет. Эмнеге жолду казат, элди кыйнап. Элден, депутаттардан бир ооз сурап койбойбу жок дегенде. Эми иштин баары “каша” болуп жатып калды. Ал сыягы азыркы бийликки “бадарке” кылып таштап кеткендегиси окшойт.
-Эл кыйналып жаткан учурда бизге андай кымбат көпүрөнун кереги жок болчу. Илгеркилер айткандай жуурканыбызга карап бутубузду сунайлы. Өзүбүз зорго жүргөндө, жарым элибиз талаалап кеткен учурда бизге андай кымбат көпүрөнү ким коюптур. Эми көчөлөр аңтар-төңтөр болуп качан ордуна келет, качан бүтөт?
Эдил Ташибеков, Ош шаары:
- Кытайдан иштелип, ошол жактан уруксат менен келсе, болду да, иштетиш керек болчу. Албетте кытайлар гана биздин КР мыйзамына тууралап проект дайындаш керек. Кытай турганда КР ким болуп кетиптир. КР жана кыргыз элинин акчасына каалаган суммада көпүрө салыш керек.
Эрнист Нурматов
Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.
Сүрөттөр атвордуку.