Ош: Сирияга адамдарды динаятчы үндөгөнбү?

Террорчулукка шектелип кармалгандардын жетекчиси Кара-Суудагы мечиттердин биринин имам-наиб болуп иштегени аныкталдыАл буга чейин колго түшкөн алты адамды жихадга үндөп, конституциялык түзүмгө каршы үгүт жасаган деп айыпталууда. Кармалган динаятчы шериктери сыяктуу эле Сирияга барып келген деп айтылууда. Бирок имам-наиб Бахрам Мамасадыков өзүнө коюлган кинелерге макул эмес.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун маалымдашынча, Кара-Суунун Кызыл-Мээнет айылынын имамынын орун басары террорчулукка шектелип кармалган 6 адамдын уюштуруучусу болгон деп айыпталууда:

“Кармалган 6 адамдын жана башка күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде, бул жамааттын, өздөрүнүн тили менен айтканда

Замир Сыдыков
Замир Сыдыков

террористтик топтун жетекчисин кармадык. Ал адам Кара-Сууда жайгашкан мечиттердин биринин имамынын орун басары деп көрсөтмө беришти. Ал 1980-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны. Ал буга чейин эл толгон жерлерде, жыйындарда жана топтун арасында адамдарды ачыктан-ачык жихадга үндөп, мыйзамга туура келбеген, ал эмес Курандын да талаптарына туура келбеген үгүп-насааттарды айтып жүргөн. Ал Кыргызстандын конституциялык түзүмүнө кулатууга аракет кылган деп айыпталып кармалып олтурат”.

Сыдыковдун белгилешинче, кармалган динаятчынын үйүнөн да экстремисттик маанайдагы компакт-дисктер, китеп баракчалар жана компьютердик каражаттар табылган. Аз күн мурда террорчулукка шектелип колго түшкөн 6 адамдын үйүнөн да ушундай эле буюмдар алынган эле:

“Кармалгандардын жана анын өзүнүн айтымында, имам-наиб “арам жол менен табылган бизнесмендердин, ири кызматта иштеген адамдардын, же болбосо бакшылардын үйүн тоногонго, алардын акчасун алууга дин уруксат берет” деп ошол топту үгүттөп келген. “Тонолгон, “уурдалган акчалардын 50%ы Сирияга, жихадга жөнөтүлүшү керек, ал эми калган 50% акчаларды өзүбүздүн керектөөлөрүбүзгө, курал-жарак алганга жумшалышы керек” деген үндөөлөрдү айтып турган. Бул кармалгандардын экөөсү Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышып, атайын даярдыктан өтүп келген”,-деди.

Оштогу убактылуу кармоочу жай (1)Ал эми кармалган динаятчы Бахрам Мамасадыков болсо, жаштарды экстремисттик маанайга үндөбөгөнүн, Сирияга барып, жихадка катышууга үгүт жасабагандыгын айтууда. Ал учурда Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында жатат:

“Мен Кыргызстанда ислам мамлекетин курууга чакырган эмесмин. Жихад жөнүндө аяттарда айтылып калса, ошолор жөнүндө суроолор болуп калса, сүйлөп койчумун. Бирок “Кыргызстанда жихад кылыш керек, же Сирияга, башка жактарга барып согушка катышуу керек, баргыла” деп айткан эмесмин. Мен бир жерге нике окуганы баратып, балдар бир үйгө баарлашууга чакырып калыкшанына кирип калгам. Анан бакшылар жөнүндө суроо беришкенде “бакшыларды көрсөңөр өлтүргүлө” деген хадис бар деп айтып, аз-маз сүйлөшүп олтуруп чыгып кеткем. Анан ошол балдар менин сөзүмдөн кийин бир бакшынын үйүнө кирип, эч нерсе таба албай кайра чыгышкан. Аларды мен андай кылат деп ойлогон эмесмин. Анан ошого менин тиешем болуп калып атат”.

Бахрам Мамасадыковдун өзүнүн айтымында, ал 1998-жылдан 2005-жылга чейин Кара-Суу районунун Кызыл-Мээнет айылындагы “Абдрашит кары” мечитинде баш имам болгон.

2005-2006-жылдары Сауд Арабиясында, Сирияда билим алып келген. Андан кийин аз убакыт Кашкар-Кыштак медресесинде мүдүр, 2012-жылдан кийин “Абдрашит кары” мечитинде кайрадан имам орун басар, динаятчылардын тили менен айтканда имам-наиб болуп иштечү. Бирок Сирияга байланыштуу окуялар боюнча Мамасадыков өзү:

“Мен өзүм Мекеден, кийин Сириядан куран боюнча сабак алып келгем. Кийинчерээк биздин айылдан бир бала 2009-2010-жылдары Сирияда университетте окуп келди. Кийин бул жакка келип, бир жылча жүрүп анан кайра Сирияга кеткен. Ошол боюнча ошол жактан келе элек эле. Анан 2013-жылдын август айларында каяктандыр менин телефонумду таап Сириядан чалып, менден жардам сураган. “Биз кыйналып атабыз, жалпы мусулман эл кыйналып атат, суукта калдык, ачка калдык ошого акчадан жардам бериңиздер” деген. Бирок мен “биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок аракет кылабыз” деп айтканмын. Анан балдарга “Сириядагы боордошторубузга жардам берип коелу” деп кеңеш кылгам. Бирок ушу кезге чейин бир сом да жардам кыла элек болчубуз”,-деди.

Бахрам Мамасадыковду милиция алып кирип кетип атат
Бахрам Мамасадыковду милиция алып кирип кетип атат

Райондук казыят Бахрам Мамасадыковго радикалдык маанайдагы билдирүүлөрү үчүн буга чейин бир катар эскертүүлөрдү берилгенин ачыктоодо. “Ошонун айынан да өткөн жылдын башында эле имам-наибдик кызматтан бошотконбуз” дейт Кара-Суу районунун казысы Сүйүн ажы Калыков:

“Бахрам Мамасадыков биздеги бир да мечитте расмий имам болуп иштебейт. Имам-наиб деген кызматтан да 2013-жылдын 27-мартында жумуштан бошотконбуз. Ал учурда “Абрашиткары” мечитинде имам-наиб эле деген сөз чындыкка туура келбейт. Мурда аны илимдүү, элге кызмат кылсын деп 2 жолу баш имам кызматына койгонбуз. Мамасадыков туруп-туруп эле, бир акыйдадан башка акыйдага секирип кете берет. Анда да толук жүрбөй эле, кайра баягыдай “Сирияга баргыла, жихадга баргыла” деп үндөп жиберген учурлары болгон. Бир туруп эле, салттуу исламдан, Имам аззам масхабынан сөз кылып калат, бир туруп эле кээде бир болбогон нерсени балп эттирип салчу. Анан анын акыйдасы бузуктугун билип биз ошо бир жыл мурун эле ушундай чечим кабыл алганбыз”,-деп айтты.

Улуттук коопсуздук комитети менен ички иштер башкармалыгынын атайын операциясынын натыйжасында, 14-февраль күнү Сирияда аскердик даярдыктан өткөн террордук топтун мүчөлөрү делген алты адам кармалган.

 

Сириядагы кыргыз түспөлдү адамдар
Сириядагы кыргыз түспөлдүү адамдар

Шектүүлөрдүн унаасынан колдо жасалган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана беткаптар табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын айрымдары Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы аныкталган.

Кармалган топ Бишкек жана Ош шаарларында террористтик акцияларды уюштурууга даярданып жатышканын УКМК буга чейин айтып чыккан эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов кармалгандар Кыргызстанда бир нече террористтик аракеттерди пландап жатканы аныкталганын айтты:

“Кармалган 6 адамдын ичинен бир нечеси Сирияда атайын аскердик даярдыктан өтүп, ал жакта согуштук аракеттерге катышып келгени аныкталды. Калгандары жергиликтүү криминалдык топтордун мүчөлөрү болуп чыкты. Кармалган топ Бишкек жана Ош шаарларында террористтик акцияларды уюштурууга даярданып жатышкан. Ал үчүн колунда бар адамдарды тоноону пландап жүрүшкөн”,-деген эле Сулайманов.

Учурда аларга карата бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, сурак жүрүүдө.

Маалым болгондой, учурда Ош облусунда 800дөн ашык мечит бар. Анын 200ү Кара-Суу районуна туура келет.

Адистер өздөрү эмне дешет?

Сириядагы согушка, жихад, терроризм маселелерине динаятчылардын да байланышып калып атканы боюнча дин маселелери боюнча адистерди өздөрүн да кепке тартып көрдүк. Ош облусунун казысы, теология илимдеринин кандидаты Ниязалы ажы Арипов Клооп Медиада.

 Kloop.kg:

Ниязалы ажы Арипов
Ниязалы ажы Арипов

 -Сирияга кетип жаткандарды динаятчы үндөгөн деген маалымат чыгып кетти. Анан мындан башка деле терроризм, же болбосо ушул сыяктуу жаман окуяларды имамдар аралашып калган учурлар болуп атат. Буга кандай карайсыздар?

 Ниязалы ажы Арипов:

 -Эми беш кол тең эмес экен. Баарына кызматты бергенден кийин, ар бирин күнү түнү карап олтура албайт экенсиң. Бирок биз жер-жерлерде, мечиттерде имамдарга тынбай эскертүүлөрдү берип келатабыз. Акыркы убактарда ар бир жума намазда динге байланышкан радикализм, экстремизм маселелери боюнча түшүнүктөрдү аларга жеткирүү менен алекбиз. Алардын терс жактарын айтып атабыз. Ошондой эле исламдын, салттуу исламдын маанисин жеткирип атабыз.

 Kloop.kg:

 -Негизи мобу Сирия окуяларын биздеги динаятчылардын көз карашы кандай болуп атат? Дегенибиз, алар көз карашы кандай болсо, мечиттерде да ошол боюнча маселелерди айтышат да.

 Ниязалы ажы Арипов:

 -Биз имамдар чогулган жердин баарында, эл жыйылган жерлерде Сирия окуяларын сынга алып атабыз. Бул жерде эч кандай жихад болбогонун, момун мусулмандар гана бири-бири менен согушуп аткандарын түшүнүп атышат. Анан аларга кошулуп алып, согушка биздин жарандардын барып жатканын туура эмес көрүнүш катары түшүндүрүүдөбүз.

 Kloop.kg:

 -Ошондой иштер жүрүп жатса, анан неге келип-келип эле ушул сыяктуу проблемалар, окуялар чыга калып жатат?

 Ниязалы ажы Арипов:

 -Бул эми кечээ, бүгүн эле чыга койгон нерсе эмес да. Бул маселелердин баары дээрлик 20 жылдан берки келаткан көйгөйлөрдүн жыйындысы болуп атат. Андыктан мамлекет тарабынан кабыл алынган чечимдерди, коргоо кеңешинде айтылган маселелердин баарын ишке ашыруу зарыл болуп турат. Маселен ошол эле өзүбүздүн салттуу Ханафий масхабын өнүктүрүү, ошондой эле, Салафизм, Ахмадия, Вахабизм, Хизб-ут Тахрир сыяктуу биздин салтыбызга туура келбей турган агымдардын алдын алуу иштерин жасашыбыз кажет. Биздин милдетке да ошолор кирет жана аларды аткарып жатабыз. Мына ушул аптанын ичинде эле Кара-Суу районундагы мечит имамдарынын баардыгын чакырып, күч органдарынын катышуусунда жыйын өткөрөлү деп жатабыз.

 Окуя боюнча тургундардын пикири бир кылка эмес

   

Сирия
Сирия

    Адилет Маматов, Кара-Кулжа району:-Сирияга кетип жаткандарга имамдардын да тиешеси бар экендиги бул азыр эле чыга калган нерсе эмес. Бул баягыда Кызыл-Кыядан, Аравандан кеткендерге да ошол жердеги эле диний кызматкерлердин тиешеси болгон учурлар катталган. Аларды кантип жашырабыз? Демек азыр терроризм, же экстремизм маселелерин териштирүүнү максат кылсак, анда алгач ушу имамдардын баарын бир сыйрадан текшерип чыгуу зарылчылыгы туулуп турат.

 Саиджан Турумкожоев, Ноокат району:

 -Динаятчылар ушундай окуяларга аралашып атканына мен анчалык ишенбейм. Балким алар “подстава” болуп калып атышы мүмкүн. Сирияга барбаган эле кишилерди, барды деп айыптап аткан да болушу мүмкүн. Ошону үчүн бул окуялар бир сыйра иликтенип бүткөндөн кийин гана бир жактуу чечим кабыл алыш керек. Анан бир эле имамдын айынан жалпы дин кызматкерлерин да көөлөп жатып калган туура эмес.

 Мээримбү Ажиматова, Кара-Суу району:

 -Адамдардын мээси жоктугуна таң калам.

Сирия
Сирия

Кыргызстанда эле проблемаң башыңдан ашып атса, Сирияда балээ барбы? Тиргилигин кылып эле ушул жакта намазын окуй беришпейби. Динчилер да маселе айтканда этият кылышы керек. Кээде бир болбогон нерсени сүйлөп койсо айрым бир дөөрүгөн немелер жолдон чыгып кетишет. Ойлонбой иш кылган адамдар көп да.

 Чынарбек Алипбеков, Ош шаары:

 -Менимче бул окуяларга чынында эле ошол динаятчылардын тиешеси бар. Бул окуялар күч органдары таап, анан алып чыккан фактылар дегиле. А эл билбеген, укук коргоо органдары билбеген канча молдолор каалаган жеринде каалагандай иштерин кылып жүрүшөт. Мобу дааватчылар айылдарда, кыштактарда эмне иштерди жасап жүргөнүн ким билсин?

 Эрнист Нурматов

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттө автордуку жана “Азаттык” сайтынан алынды.