ОшТВга саясий куугунтук болуп жатабы?

ОшТВ телекомпаниясы эми Сулайман-Тоонун башына коюлган антеннасын алып салуу аракети болуп жатканын айтып чыкты. Буга чейин телеканалга карата кылмыш иши козголгон эле. Мунун баарын компания жетекчилиги саясий куугунтук катары кабылдоодо. Бийлик өкүлдөрү болсо бул иштердин баары мыйзам чегинде экендигине ишендирүүдө.

ОшТВ телекомпаниясынын Сулайман-Тоодо жайгашкан антеннасы боюнча келишимдин убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу ал жерден алып салууну талап кылган кат аталган телеканалга мындан аз күн мурдараак келген. Бул тууралуу аталган телекомпаниянын директору Эрнис Кыязов билдирди. Анын белгилешинче, бул маселе боюнча жакынкы аралыкта сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин маселе бир тараптуу чечилет.

DSC_0111“Бул боюнча “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жетекчилери менен сүйлөшүп көрөбүз. Балким алып сал дешет чыгар, же бир ымалага келип, дагы сүйлөшүүлөрдү улантаттырбыз. Бирок, буга чейин деле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Биздин антенна ушул жерде турганына 20 жылдай болду. Анан эми келип алып салабыз дегени таң калтырып жатат”.

Белгилүү болгондой, ОшТВнын сигнал таратуучу антеннасы шаар боюнча жалгыз антеннасы Сулайман-Тоонун башына орнотулган.

“Сулайман-Тоо” архитектуралык музей комплексинин директору Абдираим Тургунбаев болсо ОшТВ телеканалынын тоонун чокусунда жайгашкан антеннасынын ал жерде калтыруу алардын компетенциясына кирбей турганын билдирген.IMG_0867

“Бул антенна коюу үчүн 2012-жылы ОшТВ жетекчилиги маданият министрлигине кайрылган. Министрдин орун басары Кожогелди Култегин антеннанын орнотушуна уруксат берген, бирок корутундуда «2014-жылы кайра бузулуп алынсын» деп айтылган. Бүгүнкү күндө анын мөөнөтү бүттү, ОшТВ аны бузуп, алып кетиш керек. Биз ОшТВга антенна коюу мөөнөтүн узартканга уруксат бергенге укугубуз жок”,-деген “Туштук” маалымат агенттигин А. Тургунбаев.

Бир ай мурдараак ОшТВ телеканалы УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүүгө кабылып, бир сыйра ызы-чуу болгону бар. Компания жетекчилери бул иштердин баары бири-бирине байланышы бар экендигин айтып, мунун баары саясий куугунтук жыттанып атканынан шектери жок.

ОшТВнын директору Эрнис Кыязов мындай дейт:

“УКМКнын Оштогу бир кызматкери буга чейин ОшТВга келип, Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде, телекомпания менен уюлдук компаниянын СМС добуш берүү боюнча келишимдерин, Ош мэрин шайлоо учурундагы көрсөтүүлөрдү сурап, түшүнүк кат жаздырып кеткен. Жума күнү түш оой, 15:00 чендерде УКМКнын эки кызматкери кайрадан келип, телеканалдын имаратын тинтебиз дешти. Мен “тинтүүгө уруксат берген баракчаңар барбы?” дегенден кийин кетишип, кайра соттун санкиясын алып келиптир. Анан мен кабинетимди жаап кеткен элем. Келип алышып, ачпасаңар эшикти талкалап да болсо киребиз дешиптир. Анан эч кимди чыгарбай, эч кимди киргизбей текшеришти. Кирип, карачусун карап, алчусун алып кетишиптир. Менин таң калганым чачканын чачып, ыргытчусун ыргытып, баягы илгерки НКВДнын жасоолдорундай болуп. Мен тим эле эл душманынан бешбетер, кирип алып өзүмдү аябай кызыктай сездим. Бирок мунун баары куугунтук, репрессия жыттанууда”,-деген эле.

ОшТВ (2)УКМК кызматкерлери ОшТВ компаниясы менен уюлдук компания ортосундагы келишимдерди, Ош шаар мэрин шайлоого байланыштуу көрсөтүүлөрдүн архивин телеканалдан талап кылган:

-Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин колдоо иретинде, “Багыт”, “Күнчабыт” берүүлөрү элди кайраштырган, түндүк-түштүккө үндөгөн мандемдер болду дегендей кине менен бизге доомат коюп атышат. А ал боюнча арызды ОшМУ жазыптыр. Эми ал жерде ОшМУнун бир окутуучусу, же студенттери жазган жок да. Мен билем ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ош шаардык кеңешинде КСДП партиясынын атынан депутат. Демек ушу менен эле баары түшүнүктүү. ОшТВ негизи туура так маалымат берүү менен гана иш жүргүзүп келет. Көбүнесе бийликтин оппоненттеринин пикирин берип турабыз. Анткени бийликтин оппоненттеринин пикирин КТРден, же ЭлТРден берип аткан жери жок. Мунун тереңинде өтө чоң саясий мандем бар. Албетте негизги чабуул мага эмес, негизги чабуул Мырзакматовго болуп атканын мен жакшы түшүнөм”,-деди Кыязов.

Улуттук коопсуздук кызматы кабарлагандай ОшТВга кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Телеканал аймактар аралык бөлүнүүгө чакырык таштаган деп айыпталууда. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

20140201_194158УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов:

“29-январь күнү ОшТВнын үстүнөн кылмыш кодексинин 299-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бул боюнча аймактар аралык жаңжалга чакырык жасаган деген айып тагылып атат. Учурда бул иш боюнча опертивдик тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми 31-январда болгон текшерүү ал Ош шаардык сотунун санкциясы менен болду. Баары мыйзамдуу кагаздар менен иш жүргөн. Болгону ошо. Тергөө иштери бүткөндөн кийин дагы маалыматтарды беребиз”,-деген болчу.

Телеканалдын жамааты 3-февралда УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн алдына чыгып, ОшТВга басым жасалып жатканына нааразылык билдиришкен. Акцияга чыккан 20 чакты кызматкер ооздорун чаптап, колдоруна «Бөрк ал десе баш алынбасын», «Сөз эркиндиги - демократиянын негизи» деген жазууларды кармап турушкан. ОшТВнын жетекчилиги аларга “аймактар аралык жаатташууга чакырган” деген айыптоону саясий куугунтук катары баалап, сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиамекемелердин бири. Анын түптөөчүсү - жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, телеканал толугу менен кыргызча чыга баштаган. Телеканал ээсине “медиа аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга салым кошкон” деген айып коюлган. Учурда Худайбердиев саясий башпаанек алып, чет өлкөдө жашайт.

Коомчулукта Ош ТВнын ээси Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов экени айтылат. Худайбердиев өзү деле эл аралык ММКлардын бирине “Мырзакматов телеканалды коркутуп тартып алган” деп айтып чыкканы бар. ОшТВ негизинен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында тарткан менен Ош шаарындагы жаңылыктарды көрсөтөт.

ОшТВ (3)

Экперттер эмне дейт?

Кантсе да ОшТВ телеканалынын жамааты Кыргызстандын Акыйкатчысына, Медиа уюмдарга жана журналисттер коомчулугуна кайрылуу жасады. Ошол эле кезде Оштогу медиа-экперттер да муну сөз эркиндигине жасалган кысым деп баашалууда. Серепчи Жылдыз Бекбаева буларга токтолду:

 “Оппозициялык көз караштагы, бийликке сын-пикир айткан, бийликке жакпай бараткан журналисттерди, ММКлардын артынан сая түшүп куугунтуктоо Акаев башкарган жылдары, Бакиевдин акыркы жылдары көп орун алган. Бул нерселердин баары бизге ошол күндөрдү эске салып атат. “Регионалдык бөлүнүүгө алып келген маалыматтарды таркаткан” деген бул өтө олуттуу айыптоо. Ошону үчүн биз журналисттердин коомчулугу Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматына кайрылуу жасайбыз. Бизге түшүндүрмө берсин, эмне үчүн ушундай болуп жатат?

Аталган канал соңку кездери Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду жактаган СМСтер көбүрөөк чыккан. Кошумча оппозициялык маанайдагы көрсөтүүлөр да байма-бай берилип аткан.

“ОшТВ кээде журналистиканын этикасына туура келбеген, бир тарап маалыматтар берилип кетип жатты. Айрыкча мына Ош шаарына жаңы жетекчини шайлоо өнөктүгү башталган учурда бул нерсе аябай эле күчөп кетти. Анан республикалык телеканалдар менен ОшТВ телеканалынын ортосунда өзүнчө эле бир маалымат согушу болуп атты. Маселен ОшТВ борбордук бийликти сындап материал берет, эртеси КТР Мырзакматовду сындап маалымат берет. Кайра ага ОшТВ бул жактан жооп берет. Анан эми бул нерсенин үстүнөн кылмыш ишин козгобой эле журналисттердин этикалык кодексинин алкагында эле жөнгө салсак болмок да. ММКга түшкөн даттанууларды кароо боюнча медиа-комиссия бар ошол жерде карап деле эскертүү же, түшүндүрмө берилсе жарамак”,-дейт Оштогу “ММК борборунун”координациялык кеңешинин төрайымы Жылдыз Бекбаева.

  

Калктын пикири кандай?

Расул Маматов, Оштун жашоочусу:ОшТВ (4)

-Эптеп каналды жабуунун жолдорун издеп жатышат го. Азыркы бийликтин каталарын айткан бир эле канал (республикалык масштабта эмес) калды эле. Эми аны да жок кылышат окшойт. Калган каналдар ЭлТР, КТР, 5-канал президент Алмазбек Атамбаевдин эле айтканын чыгарып, элдин үнүн бербей келатат.

Акмүрөк Абдыманап кызы, Ош шаары:

-Менимче кылмыш иши козгогону, анан мынтип антеннасын алабыз деп атканы жөндөн-жөн дал келип аткан жери жок. Атайылап жасалып аткан иш экени куралданбаган көзгө деле белгилүү болуп турат. Демек ОшТВга карат кайсы бир кызыкдар күчтөр тарабынан кысым кылуу аракети бар экени жашыруун иш эмес.

ОшТВ (1)Адилет Базарбай уулу, Кара-Суу району:

-Бийликтердин ишин сындаган менен, ОшТВ кээде өтө эле аша чаап кетип атты. Ошого бул иштерди жасап атышкандай. Жаап тынышпаса да башкы максат ОшТВны кичине болсо да акылына келитирип коелу дегени болсо керек. Анан алардын журналисттери этикалык эрежелерди сактап маалымат берип калышаар.

Айдана Камчыбек кызы, Ош шаары:

-Менимче эки тараптыкы тең туура эмес. ОшТВ да журналистикалык стантарттарга төп келтирип маалымат берүүгө өтсүн. А УКМК же бийликтер да ошол талаптар аткарылса, мындай куугунтук кылганды токтотушсун.
Эрнист Нурматов

 Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр телеканалдын фейсбук баракчасынан алынды.