Ош: Мигранттардын балдары көбөйүүдө

Миграциянын күч алышы менен элетте өз ата-энесинен тарбия ала албаган балдардын саны көбөйүүдө. Орусияга же, Казакстанга иштегени кетип жаткан үй-бүлөлөр балдарын чоң ата-чоң энесине, же жакындарына таштап кетүүгө аргасыз болот. Анын натыйжасында кээ бир айылдарда 200-300дөй бала тууган-уруктарынын колунда чоңоюп жатат. Алардын айрымдары жакшы тарбия ала албай, мектепте да сабакка жетишпей калган учурлары арбын.

Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы Кайрат сабакка кетип баратат. Ал күндө эрте менен сегизде окууга жөнөйт.

“Үйдө 07:30да турам. Анан сегиздерде үйдөң чыгам. Бул жактагы досторум да чыгып калган болот. Сабагыбыз 8:30дарда башталат. Бизге жакын эле жөө чыксак 15-20 мүнөттө жетебиз. Алыстагылар болсо, маршрут менен, кээлери атчан келишет”.,-дейт достору менен сабакка бараткан Кайрат.

Кайрат (кызыл шапкечен) достору менен мектептен кайтты
Кайрат (кызыл шапкечен) достору менен мектептен кайтты

Ал азыр 15 жашта. Кайрат Калдар уулунун ата-энеси мындан 2 жыл мурда Орусияга кеткен. Азыр 5 жаштагы үкөсү менен туугандарынын колунда жашап жатат:

“Мен үч бир тууганмын. Биринчи эжем, мен анан, менден кичүү үкөм бар. Азыр биз үкөм экөөбүз акемдердин колундабыз. Атам, апам, эжемдер Орусияда жүрүшөт. Иштеп кетишкендерине мына 2 жыл болгону калды. Азыр Иркутскийде иштеп жүрүшөт экен. Атам бир жерде, апам менен эжем экөө бир жерде чогуу иштешет экен. Жакшы эле таап атышса керек менимче. Биз бул жакта жакшы эле жашап атабыз. Акемдердин малдары бар ошолорду карашып коебуз, анан тиргилик кадимкидей эле”,-деди.

“Ата-энеңди сагындыңбы?” деген сурообузга Кайрат Калдар уулу өзүн чоң балдарча кармап, анча эле жооп бергиси келбеди:

“Досторумдун ата-энелери ушул жерде эле. А биздики Орусияда. Анан сагынабыз. Эки жылдан бери көрө элек болсоң кандай болмок эле анан. Телефондон атам, апам менен иштер чыгып калганда, же дагы бир нерсе болуп калганда сүйлөшөм. Эжем менен агенттен баарлашып турам. Үкөм 5-класста окуйт, ал дагы атамдарды көп сагынат... Кээ-кээде...”,-деп ал жагын улантпады.

Элдияр
Элдияр

Кайраттын досу Элдияр да 9-класста окуйт. Анын ата-энеси да чет өлкөгө кетип, 5 бир тууганы менен таэнесинин үйүндө жашап атат. Элдияр өзүн кадыресе эле чоң адам сезип, карындаш-инилерин бакканга жарап калгандай:

“Ата-энем Орусиянын Новосибирск шаарында жүрүшөт. Апам не иш кылып атканын билбейм, атам болсо курулуш ишинде жүрөт. Алар жакшы жашап атабыз дешет. Биз деле бул жерде кадимкидей эле тиргилик кылып атабыз. Таэнем бизди өзүбүздүн апабыздай кылып карайт. Азыр менден кийин төртөө бар. Аларды мен чоң киши катары карайм. Жакшы кийинтем, жакшы карайм. Сабактарына каралашып турам, азырынча баары эле жалаң жакшы окушат. Кийим кылганыбызда апам пул салат, таэнемдер болсо, Ошко алып барышат. Анан кийим кылып келебиз, баары эле жетиштүү бизде”,-деди.

Кайрат менен Элдияр мектепте эң алдыңкы окуучулардан. Бирок ата-энеси мигрант болуп кетип, тууган уруктарынын колунда жашап аткан балдардын баары эле 4-5ке окуй бербейт. Баш-Булак айылынын Насирдин Примбердиев атындагы орто мектебинин тарбия иштер боюнча директор орун басары Гүлнара Турдуева мындай дейт:

“Жашырганда не, ата-энелердин жоктугунан көп балдар жеткиликтүү тарбия ала албай жатышат. Мээримсиз балдардын көбөйгөнү да ошондон го деп ойлойм. Анткени балдар ата-энесинин мээримин эмес, чоң-ата чоң энесинин тарбиясын алып чоңоюп атышат. Анан сабактан көп калгандар, кийим-кечеден жетишпеген балдар дагы ошо мигранттардын балдары болуп жатат”,-деди.Баш-Булак (2)

Мектептерде соцпедагогдор атайын мигранттардын балдары менен иштешет. Үйлөрүнө барып кабар алып, кээде сабакка келгенде ал-жайын сурап турат.

Турдуева ошондой эле, “бул маселе жалпы коомчулуктун көйгөйү болуп калды” деп кошумчалайт:

“Кана, апам келсе кандай сонун болот эле” деп куса болгон балдар бар. Кээ бирлеринин ата-энелери кеткенине 5-6 жыл болгон. Көрүшө элек, сагынышат, ыйлашат. Айрым окуучулар ошонун айынан да түнт, ойлуу тартып кетишет. Бирок аларга биз өзгөчө мамиле кылабыз. Неден кыйналып атасың, не жетишпей атат деп үйлөрүнөн кабар алып турабыз. Бирок балдар намыс кылып көп нерсени айтышпайт. Ошентсе да кээ бирлери “апабыз келсе эле болду эле, башка баардыгы жетиштүү” деп айтышат. Анан көбүнчө ушундай балдардын ата-энелери Орусияда, же Казакстанда ошол жактан эле ажырашып кеткендер болуп атат. Анысы балдарга ого бетер сокку болот. Бул эми биздин айылдын же, райондун проблемасы эмес, жалпы кыргыз коомчулугунун көйгөйү болуп турат. Балдар ата-энесиз калбаш үчүн ата-энелер кетпеш керек, алар кетпеш үчүн жумуш орундары түзүлүш керек. А ал азыр кайда бизде”.

Баш-Булак (7)Баш-Булак айылынын Насирдин Примбердиев атындагы орто мектебининин өзүндө жалпы 900дөй окуучу болсо, анын 130у мигранттардын балдары.

Мугалимдердин айтымында мигранттардын балдыр көп мезгилдерде кароосуз калып сабакка жетишпей калып кыйналган учурлары арбын.

Бирок ошого карабай мугалимдер мигранттардын балдары менен өзгөчө мамиле кылууга аракет кылышат. Мектептин окуу бөлүм башчысы Бегай Чопобаева буларга токтолду:

“Биздин мектепте ушу 130 мигранттын баласы болсо, ошолор чоң-ата, чоң энесинин колунда, жеңесинин-агасынын колунда бар, эже-жездесинин, таята, тайэнесинин үйдүндө жашап аткандар бар. Кээ бир үйлөрдө ошол үй-бүлөнүн чон балдары эле карап, оздөрү менен өздөрү кошо жашап аткан учурлар да жок эмес. Мугалимдер алар менен тыгыз байланышта болууга аракет кылабыз. Алардын ар биринин абалы жөнүндө биз кабардар болуп турабыз. Бул маселеде негизи балдарга деле кыйын, бизге мугалимдерге деле кыйын болуп атат да”.

5 неберени багып келаткан Баш-Булак айылынын тургуну Мамасали Кулбаев мындай дейт:Баш-Булак (10)

“Небере деген небере да, биздин караганыбыз баары бир өзүнүн ата-энесиндей болбойт. Ыйлагандай ыйлайт, сыктаганда сыктайт, анан туруп-туруп эле, сагынат экен. Башка болот экен. Кээде кыжаалат болушуп, куса болушат. Чыдайбыз, айла жок. Мен кыздарым менен балдарымдын балдарын карап жүрөм да. Алар болсо иштеп ошо Орусияда жүрушөт. Бул жерде жүрушсо иш жок. Алар да үй салыш керек, башка нерселерге жетишиш керек. Анан бул эми айла жоктон болуп аткан нерсе да. Карыган кезде биз деле кыйналабыз”,-дейт.

Баш-Булак айылы Кара-Суу районунун Талдык айыл өкмөтүнө карайт. Айыл округда 12 000 мин адам бар.

Баш-Булак айылы Кара-Суу районунун Талдык айыл өкмөтүнө карайт. Айыл округда 12 000 мин адам бар.

Талдык айыл округундагы 8 кыштактан өзүндө эле сыртка чыгып кеткен эки миңден ашык мигрант бар. Чет өлкөгө чыгып кеткендердин дээрлик 40% үй-бүлөлүүлөр. Алардын ар бир экинчиси балдарын элетте туугандарыныкына, же чоң ата-чоң энесиникине таштап кеткен.

Айыл өкмөт башчысынын орун басары Казыбек Тажибаев:

Казыбек Тажибаев
Казыбек Тажибаев

“Айыл округдагы мигранттардын балдарына кам көрүү үчүн колдон келген аракеттер көрүлүп жатат. Эң башкысы биз алардын ата-энелерине жумуш таап берүү жагын карап, чечишибиз керек. 2014-жылга, андан кийинки жылдарга бир стратегиялык план түзүп, ошонун негизинде кичи ишканаларды ачуу, инвестиция тартуу аракеттерин көрүп атабыз. Анан ага адамдар жумушка орношсо, ошончолук ата-энелер аз кетет. Алар аз кетсе балдар да бул жерде жалгыз калышпайт. Мындан сырткары мигранттардын балдары менен мугалимдер менен бирге мектепке тартуу, аларга ар кандай социалдык коргоо боюнча ар кандай жумуштар аткарылууда”,-деди.

Мигранттар негизинен Орусияга же, Казакстанга иштегени кетишкен.

Талдык айыл округундагы 8 кыштакта жалпы 8 мектеп бар, бирок бир гана бала бакча жайгашкан.

 Эксперттер эмне дейт?

 Ата-энелерин тууган-урук, жакындарына таштап кеткен балдардын абалы жөнүндө Клооп Медиа психолог Акчач Жолдошеваны кепке тарткан.Баш-Булак (3)

 Kloop.kg:

 -Айтсаңыз, ата-энеден алыста өсүп аткан балдар психологиялык жактан кайда абалда болушат?

 Акчач Жолдошева:

 -Психологиялык жактан алганда балдар ата-эненин мээримине тойбой калышат. Анан алар качан болбосун, кайсы маселе болбосун ата-энесине күнөө кое беришет, бизди калтырып кетти, жакшы жардам бербеди, көңүл бурбады деп. Анан балдар өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон эгоист, тарбиясыз болуп калып атат. Боорукер болбой калат, жакындарына, туугандарына, ата-энесине мээрими жок, өзү жашаса болду жүрө берет, ушундай бир пейил күтүп атышат. Психологдордун айтымында, үй-бүлөдө нормалдуу тарбия берилбегендин натыйжасында дезадаптация, аутизм. Бул бир эле балада эмес, жалпы балдарда өөрчүп атканы кыргыздын келечегине бир чоң коркунуч алып келет.

 Баш-Булак (1)Kloop.kg:

 -Бул маселе билим берүүгө кандай таасирин тийгизүүдө?

 Акчач Жолдошева:

 -Соңку 3-4 жылдан бери балдар арасында, окуучулар арасында билим берүүнүн сапаты начарлап, тагыраагы маселен тесттердин балы төмөн болуп жатат. Эмне үчүн төмөн болуп жатат? Анткени үйүндө ата-энеси тарабынан жакшы каралган эмес, окуткан эмес, жардам берген эмес. Анан алар каалагандай билим алышып, кааласа сабак окуйт, каалабаса окубайт келатышат. Же китеп окубайт, же сабакты карашпай калышат.

Тургундардын пикири

Курманбек Сооронов, Кара-Кулжа районунун тургуну:

-Мен өзүм мигрантмын. Бирок балдарымды кошо ала жүрөм. Ошол жакта иштегенче алып барып алгамын. Башында алар айылда калышканда абдан кыйналышкан. Озүм деле ал жакта жүрүп куса болуп кеткем. Анан дурусу аз-маз чыгым болсо, да балдарым жанымда жүргөнү жакшы экен дедим. Бирок эми менин тааныштарымдан кобү балдары айылда калышкан. Алар кандай болуп, кантип кыйналып атышкандарын мен элестете албайм.

Аида Маматкалыкова, Ош шаары:

-Балдар маселен бул жакта жакшы жашап атабыз, антип атабыз деген менен баары бир ата-энесин сагынат да. Менимче ата-энелер же ушул жакта жумуш табышсын, же өздөру менен кошо алып кетишсин. Болбосо кыйын да баары бир. Мен билгенден туугандарын үйүндө көп балдар ошентип эле балдарын таштап кетишкен.

Сурма Сагынбекова, Кара-Суу району:

-Мен мигрант катары оюмду айтайын. Биз эми жыргаганыбыздан эле балдарыбызды таштап кетип аткан жокбуз да. Өзүбүз менен алып кеткибиз келет, бирок маселен Москвада эки кишинин квартира акчасы, башка чыгымдарына эле канча акча кетет. Анан балдарды да кошо алып жүрсөк, тапканыбызды баары эле асманга учпайбы. Менин төрт балам бар, чоңу 11-класс болуп калды. Алардын баары чоң атасынын үйүндө жашап атышат. Канткен менен алар бир кан да, кыйналбай эле жашап атышат.

Улукбек Сарымсаков, Ош шаары:

 -Менин пикиримче, социалдык көйгөйлөрдүн баары бири-бири менен байланыш. Бирисинде жумуш жок, жумушу бары айлыгы аз, үйү жок, жайы жок. Анан миграция, үй-бүлө, бала-бакыра багуу, натыйжада балдары бирөөнүн үйүндө, өзү алыста. Кыскасы бийликтер буга жалпы комплекстүү түрдө чара көрүп, анан ар кандай чечимдерди кабыл албаса кыйын болот. Балдар бул мамлекеттин келечеги дейбиз, анан бир тарбиясыз, кароосуз миндеген балдар өсүп келе жатса, аларды кантип келечегибиз деп айта алабыз.

Эрнист Нурматов

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр атвордуку.