Ош: Шаарда автотыгын азайбай келет

Ош шаардык мэриясы калаадагы автотыгындарды азайтуу аракеттерин көрүп баштады. Атайын буйруктун негизинде бир катар унаа токтоочу жайлар жылдырылып, көпүрө курулуп жаткан Навои көчөсүнүн бир ыптасы убактылуу ачылды. Бул аталган көчөдөгү эстакада делип жаткан көпүрөнүн курулушу башталганга чейин орун алмакчы. Бирок айрым айдоочулар унаа токтоочу жайлардын жылдырылышына нааразы болууда. Тургундар болсо шаардагы автотыгындардан жедеп тажаганын белгилешет.

Эстакадалык көпүрөнүн курулушу башталган күндөн бери Навои кочосу (1)Алишер Навои көчөсү эки тарабынан тең жабык болуп келген эле. Мунун айынан калаадан сыртка каттаган микроавтобустар жана таксилердин бекети “Аргымак” жабылып калып, алардын баары көчөгө чыгып алышкан. Шаар бийликтери эми Навои көчөсүн жарымына чейин ачып, унаалардын баарын аталган бекетке киргизүүгө аракет кылууда. Мындан башка Кара-Суу багыты да Привокзал көчөсүнө чыгарылды.

Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы

Урали Романов
Урали Романов

Урали Романов мындай дейт:

“Суукка байланыштуу көпүрөнүн курулушу токтоп турат. Ошого чейин деп туруп биз азыр Навои көчөсүнүн баш жагын ачып, “Аргымак” ААКына жол ачып бердик. Аларга Ош-Алай, Ош-Чоң-Алай, Ош-Алайкуу багытындагы жеңил таксилердин баарын ошол жакка киргиздик. Ал жерге Бишкек, Токмок, Кара-Балтага кетчү таксилер да кошо турат. Анан бул жерде “Алыш” спорттук клубунун жанында дагы кичине жер бар экен ал жерге Ош-Өзгөн, Ош-Жалал-Абад багытындагы таксилерди койдук. Анан мына Кара-Сууга кете турган микровтобустарды, минивен-таксилердин баарын ушул Привокзал көчөсүнө алып келмей болуп атабыз”,-деди.

Навои көчөсү жабылганы буга чейин бул каттамдагы таксилер каалаган жерде, көчөлөрдүн четине, ойду-келди тура берчү. Эми бийликтер ошону иретке келтирүү менен жолдордо тыгын азаят деген ойдо.

Романов ошондой эле, бул иштер көпүрөнүн курулушу башталаарга чейин гана бекитилгенин билдирүүдө:

“Бул жакта тартипке салгандан кийин анан, Ак-Буура дарыясынын сол жээгине өтөбүз. Филармониянын жанындагы, Курманжан датка эстелигинин жанында турган таксилерге да жай таап аларды да жылдырабыз. Мына көпүрөнүн шылтоосу менен таксилер каалаган жерлерге туруп атышкан. Мына мэрдин 7-февралдагы №10Б буйругунун негизинде ушундай иштерди аткарып атабыз. Бул иштердин баары ушу көпүрө бүткүчө эптеп автотыгындарды азайтып туруу үчүн жасалып жаткан иштер”,-деди Уралим Романов.

Бирок бул өзгөртүүлөргө айдоочулардын айрымдары нааразы болушууда. Ош-Кара-Суу багытка каттаган кичиавтобус ээлеринин бири Мырзамат Чыңгараев мындай дейт:

Мырзамат Чыңгараев
Мырзамат Чыңгараев

“Кара-Суу каттамын Привокзал көчөсүнө чыгарып салган таптакыр туура эмес. Ал жакка эл чыкпайт. Адамдар бул жактардан эле, таксилерге олтуруп кетип калышат. Анан биздин каттамдагы 90дон ашуун айдоочу жумушсуз калабы. Биз Масалиев көчөсүнөн эки микроавтобус үчүн шаарга салык төлөп аткандан кийин бизге ошол жэле жерди кайрадан берсин. Мындай чечимди эмне үчүн биз менен кеңешип кабыл албайт. Бул өзгөртүүгө биз каршыбыз”,-дейт.

Жол жабылгандыктан буга чейин Навои көчөсүнүн бир башын айрым соодагерлер көчмө базарга айлантып жиберишкен эле. Күркөлөрүн алып салганга алар да капа болуп турушкандай:

“Биздин соода жайларыбызды алып салганына эки күн болуп калды. “Борбордук базарга киргиле” дейт. Биз ал жакка кирип кетсек, базарга жол жабык элдер кирбейт ал жакка. Мобу Зайнабидиновадагы соодагерлерден эле бизге кардар ашпай калат. Ошол себептүү биз ушул жерде соода кылууга аргасызбыз. Азыр бизде кредиттер бар, бала чака ачка олтурат. Биз эмне бул жерге жыргагандан чыктык беле, Навоиге көпүрө курулат деп, базарды жаап салгандан кийин биз ал жактан чыгууга аргасыз болгонбуз. Эми болсо бул жерден да кууп жатат”,-дейт соодагерлердин бири Таберик Базарбаева.

Навои кочосу (9)Ошого карабай бийликтер бул жолду көпүрө курулушу башталганга чейин ачып турууну көздөөдө. Тартипти камсыз кылуу үчүн 10 чакты МАИ кызматкерлери да эртеден кечке Навои көчөсүн кайтарууга алууда.

Ош шаардык жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков

“Бул жер качан тартипке түшмөй сайын биз күчөтүлгөн тартипте иштей беребиз. Мында азыр биздин МАИ кызматкерлери эрте мененден баштап карап атышат. Эл көнүп, бир сыйра үйрөнүп калгандан кийин анан кайра өз-өз ордуларыбызга барып иштей беребиз”,-деп белгиледи Арстанбеков.

Бирок баары бир көпүрө бүтпөсө шаардагы тыгындар азайтууучу башка иш-чаралар убактылуу нерсе экенин айткан шаардыктар көп.

Навои кочосу (4)

Ош шаардык кеңеши жана мэрия Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн долбоору кайрадан каралып чыккандан кийин гана, курулуш башталарын билдирген. Навои көчөсү шаардын эки тарабын, Ак-Бууранын эки ныптасын бириктирип турган 4 жолдун эң негизгиси.

Буга чейин шаардагы унаа жана автобус токтоочу жайларды шаардын сыртына чыгаруу демилгелери көтөрүлүп бирок колдоого ээ болбой калган. Борбордук автобекетти “Таатан” базарына, же Манас-Ата кичирайонуна которуу керектиги айтылып келген.

Серепчинин пикири

 Оштук жаш байкоочу Айбек Таалайбек уулу клооп.кж сайты үчүн шаардагы тыгын маселеси боюнча ойлорун ортого салды.

Kloop.kg:

 -Шаардык бийликтер учурда калаада автотыгынды азайтуу боюнча ар кандай чараларды көрүүдө. Ушул тыгынды азайтууга салым кошо алабы?Масалиев проспектиси, Навоинин башы

 Айбек Таалайбек уулу:

-Шаарда тыгынды азайтуу үчүн кандай иш болбосун колдоого алуу зарыл. Анткени учурда унаа тыгын маселеси шаарда №1-көйгөйгө айланып атат. Мунун менен бир эле бийлик эмес, тургундар өздөрү кошо аракет кылуу керек. Бирок мэриянын бул аракеттери баары бир аздык кылат. Алгач албетте ушу көпүрөнү бүткөрүү керек, анан кийин башка жолдорду да аягына чыгаруу керек. Маселен ошол эле Кара-Суу көчөсү, аягына чыкпай турат. Бир канча каттамдар туура эмес коюлган аларды тууралаш керек. Негизи эле жолдор, жол каттамдары шаардын башкы планына ылайыкташтырылган күндө гана баары ордуна келет.

Kloop.kg:

 -А шаардын башкы планына ылайыкташтырганда жолдорду кандай кылыш керек?

 Айбек Таалайбек уулу:

 Масалиев проспектиси, Навоинин башы (2)-Башпланга ылайыкташтыруу дегенде, жолдорду кеңейтүү, шаардын бир башынан бир башына чейинки чоң жолдорду ачуу деген кеп. Маселен жөнөкөй эле бир мисал, шаарды тең экиге бөлүп турган Ак-Буура дарыясынын эки ныптасын канча жол бириктирип турат? Абдыкадыров, Нурматов, азыркы көпүрө жүрүп жаткан Навои көчөсү, анан Манас-Атада дагы бир көчө бар болду. Манас-Ата шаардын борборунан алыс экенин эске алганыбызда шаардын эки тарабына 2-3 эле жол бириктирип атат. Анан күч ушул жерлерге түшүп, анын айлансында тыгын жаралбайт деп ким кепилдик бере алат? Шаар бийликтери Курманжан датка кичи району менен Фрунзе кичирайонун бириктирген 2-3 жол ачыш керек, Ош кичирайону менен Шейит-Төбөнү да 2-3 жол менен байланыштыруу кажет. Натыйжада тыгын өзүнөн өзү азайып калат. Негизи шаардын жолу 20 миң машинеге ылайыкташтырылган, а бизда азыр канча? Ош шаарында учурда 100 миңден ашык автоунаа бар. Анан тыгын кайдан пайда болбойт?

Шаардыктар өздөрү эмне дешет?

Айбек Боронбаев, Ош шаары:

-Чынын айтканда жашообуз эрте мененден башталып, кечке дейре тыгын менен өтөт. Машине менен жүрбө, такси менен жүрбө, маршрут менен жүрбө баардык жерде автотыгын. Көчөлөрдөгү тыгын азыр №1-көйгөй болуп жатат. Шаардын кире бериши деле, чыга бериши деле бүт тыгын. Жүрөкзаада болуп бүттү Ош шаарынын тургундары. Эң жакшысы жөө эле жүргөн жакшы болуп атат. Азыр мобу Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушунун айынан ушундай жагдай туш болуп турат шаар. Бийликтер азыркы таксилерди нары-бери кылгандын ордуна биринчи көпүрөнү бүткөрсүн. Ошондо тыгын маселеси дээрлик чечиле баштайт.

Адилет Базарбай уулу, Ош:

-Менимче, МАИ кызматкерлери жакшы иштеши керек. Кайсы жерде тыгын көп болсо, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлерин ошол жерде таппай каласың. Цветофор өчсө, тыгын күчөсө жок, анан акча алышка келгенде эле жердин жети түбүнөн чыга калат. Ошолор жолду тартипке салып турса эле, шаарда жол кыймылы калыбына келет.

Нурзия Шерова, Ош:

-Менимче Ош шаарында тыгын баары бир көбөйө берет. Көпүрөнү бүткөргөн менен машине баары бир көп. Шаарга кирип аткан машинелердин санын кыскартуу менен тыгынды азайтса болот. Болбосо кээ бир жолдорго жөн эле коомдук каттамдарды гана кире турган кылып койсун, жеңил машинелерге тыюу салып. Ошондо тыгын азаябы деген ой.

Эдилбек Ташибеков, Ош:

-Тыгындын баары шаардагы “мырктар” жаратып жатат. Маселен МАИни тоготпой, каалаган жагынан айдап, жол тыгын болсо, экинчи, үчүнчү линияга чыга калышат. Кээде болсо жөн эле цветофордон убактысын күтпөй, унаасын айдап жиберет. Анан натыйжада жасалма жол менен тыгын пайда болот. Менимче бийликтер адамдардын жол эрежесин сактоо маданиятын өстүрүш керек. Анан андан кийин тыгын өзүнөн өзү эле жоголуп кетет.

Эрнист Нурматов

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр атвордуку.