Аксы: Малдарды Өзбекстанга уурдап кетип жатышат

Аксы мал уурулук азайган жок. Соңку жарым жылдын эле төрт айылдын өзүнөн 100дөн ашык бодо мал, 200дөй кой-эчки жоголгон. Коңшу Өзбекстан менен чек аралаш жайгашкан бул райондо кылмышкерлердин жаңы тобу пайда болгону айтылууда. Карапайымдар бул ишке күч органдарынын да тиешеси бардыгын ачыкташууда. Бирок милиция уурулардын артынан түшкөнүн, жакын арада аларды колго түшүрөөрүн убада кылууда.

Раимжан Сасыкбаев
Раимжан Сасыкбаев

Тамынан үч бодосун, бир жылкысын жетелетип ийген Раимжан Сасыкбаев эмне кылаарын билбей жүрөт. Ары издеп таппай, бери издеп таппай акыры түңүлүп деле калгандай:

“Мен 3 уй, 1 атымды уурдаттым. Алардын экөөсү атканадан экөөсүн сырттан алып кеткен. Саат 12де  малдар ордунда эле болгон. Түнкү саат үчтөр чамасында чыгып карасак жок. Биз ошол заматта эле айыл башчысын чакырдык, милиция органдары да кошо келди. Таң калыштуусу органдын адамдары ошол жерде күзөттө болушкан. Бирок ууруну таң атканча издешти эч кандай майнап чыккан жок”,-дейт Сасыкбаев.

Бир эле Сасыкбаевдин эмес, күн санап райондо ар бир айылдан малдар жоголууда. 2 айдын ичинде эле 4 айылдан дээрлик 50гө жакын мал уурдалган. Ошого да аксылыктар район борбору Кербенде чогулуш өткөрүп, бийликтерге армандарын айтып калышты:

“Бүгүнкү күндө күч органдарынын иштебегенинен мал урдоо токтобой жатканы байкалып турат. Мындан эки ай мурда уурдалып башталган мал уурулук  бүгүнкү күдө да токтогон жок. Элдин канчалаган малдарын уурдап кетти, ким жооп берет”,-деди жергиликтүүлөрдүн бири Ташмамат Алимбеков.

Башка бир тургун Аманбек Акматов мал уурулукка күч органдарынынын да тиешеси бар экендигин айтып, ошого алар кармалбай жатканын белгиледи:

Аксы
Аксы

“Биздин үйүрдө жүргөн ат эки күн мурда талаадан жоголуп кеткен эле. Бир канча убакыттан кийин ат кайра келип калды. Бирок ат  башында жиби менен үйүргө кошулуп калыптыр. Бул уурулар айылдын эле ичинде болуш керек. Милиция органдары жакшылап аракеттенсе кармап алса болот. Жаман оюбузда, уурулар милиция органдары менен да иштешип аткан болушу мүмкүн деп атабыз”,-дейт Акматбеков.

Бирок милиция болсо бул айыптоолорду четке кагып, ууруларды аз күндө кармап, жазалай тургандыктарын убадалашууда. Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдрашит Керимбеков мынтет:

“Азыркы учурда биздин 40 кызматкер күнү-түнү так ушул мал уурулук маселесинин алдын алуу боюнча ищтерди алып барып атышат. Түнү ушул чек-ара жактарда кайтарууга алып атабыз. Кошумча элдик кошуунга 10 чакты бала тартканбыз. Алар да ушу биз менен жүрүп мал уурулукту токтотуунун үстүндө жүрөбүз. Биз азыр өзүбүздүн Аксынын ичиндеги мал уурулукту дээрлик 100% ачтык, бирок ушу Өзбекстанга чыгып кеткен ууруларды кармай албай атабыз. Аларды деле аныктап койдук бирок Өзбекстандын бийликтерин аларды бизге кармап өткөрүп бергиле десек болбой атышат”,-дейт.

 

 Абдрашит Керимбеков
Абдрашит Керимбеков

Бул ишке калк ичинен да элдик кошуун түзүлүп, жапа тырмак аракет көрүшмөкчү болууда. Район акиминин орун басары Шайлообек Кубатбеков буларга токтолду:

“Азыр бизде ушу чек ара маселеси оор болуп атат. Мына акыркы жолу эле 6 бодо жана 125 койду коңшу өлкөгө алып кирип кетишти. Артынан барып эле кайра кайтарып ала албай койдук. Мал уурулук жалан ушул чек арага жакын айылдарда гана орун алып жатат. Ууруну бер десек бербейт. Мунун баары мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе болуп атат. Алар менимче, кайсы ууру алып кирип кетип атканын деле билет, бирок бизге кылмышкерлерди өткөрүп бербейт. Ошол себептүү азыр ар бир айыл округда штаб түзүп, ошонун негизинде мал уурулукту токтотолу деп атабыз”,-деди.

Ошентсе да карапайымдар ичинде кабатырлануу күч. Элдер мал-жанын түнкүсүн тамда карап жатып, күндүзү короосунда аркандап багууга өтүштү. Негизинен мал чарбачылыгы менен алектенген тоолуу райондун калкы үчүн бир малды да жоготуу жеңил эмес.

 Эксперт эмне дейт?

 Аймактык серепчи, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрагасынын орун басары Жанарбек Надырбековду ушул маселе боюнча kloop.kg кепке тарткан.

Жанарбек Надырбеков
Жанарбек Надырбеков

  kloop.kg:

-Айтсаңыз, мал уурулук абдан күчөп аткан мезгилде милиция жакшы аракеттерди көрбөй жатат деп атат. Мунун канчалык чындыгы бар?

 Жанарбек Надырбеков:

-Мал уурулулук чынында күчөп атат. Бирок милицияны да иштебей жатат деп айтканга болбойт. Алар баягы үкү сымал эле түнкүсүн айылдарды кыдырып, жадагалса элдердин атканасынан бери кайтарып атышат. Алар менимче, башка иштерин таштап коюп жалан эле ушул мал уурулукту иликтеп калышты окшойт акыркы күндөрү. Мал уурулук чек ара маселесине байланыштуу маселе. Өзбекстан менен чектеш аймактарыбыз дээрлик ачык жатат. Бул жерде бир эле мал эмес, башка нерселер да кирип кетиши мүмкүн.

  kloop.kg:

-Анан эми уурдалган малдардын баарын табуу үчүн эмне кылуу керек?

 Жанарбек Надырбеков:

-Азыр мына жергиликтүү бийликтер аракетин кылбай жатат. Сен табасың деп коюп эле милицияга жүктүн баарын салып, анан өздөру унчукпай эле олтуруп калышты. Аким, же болбосо айыл өкмөттөр милицияга каражат жагынан жардам бериш керек, зарыл болсо адам жагынан жардам берсин. Экөө биргеликте туруп анан күрөшүшпөсө ситуация барган сайын оорлоп баратат. Анан мына чек ара кызматын да өркүндөтүп, чек ара тилкелеринде адамдардын санын көбөйтүү зарыл. Мүмкүн болсо Чек ара кызматын Ошко эле көчүрүп, келип жакын жерден ушул жерден көзөмөл кылса мал уурулук токтой беле деген тилек.

 Карапайымдардын пикири кандай?

 Аксы (1)Эдилбек Ташибеков, Аксы:

-Биздин үйдөн деле эки малды уурдап кетишти. Бери деп санаганда 100миңдей акча жөн эле жок. Элестет үйдөн уурдап кетишти. Менимче, буга биз тургундар өзүбүз да айыптуу окшойбуз дейм. Азыр маселен, там ташты жаап, кадимкидей кулпулай тургандай кылып койдук. Адамдар өзүбүз малдарыбызды жакшы карашыбыз керек окшоп калды.

Бекмамат Абдумалик уулу, Аксы:

-Менимче бул кичинекей маселе делген менен, Өзбекстандын бизге жасаган мамилесинин бир бөлүгү да. Чек арада элдерди кыйнап, ары бери өткөндөрдү кыйнап, анан эми келип кыргыз элинин малына кол салып атат да. Болбосо алар эмне ууруну жакшы көрүшөбү? Кармап берип, Кыргызстанга өткөрүп бербейби? Демек, өздөрүнүн да бийликтеринен кызыкдарлар бар. Малдарды ары өткөрүп кеткенден кийин Өзбекстандын чек ара кызматы менен ошо жерлердеги чиновниктери да “доляга” олтуруп алышкан.

 Айсулуу Абдыманап кызы, Кара-Кулжа:милиция

-Мал уурулк биздин райондо да күчөгөн мезгилде эл өз алдынча милиция сыяктуу сакчы тобун түзүп, түнү күнү кайтарып атып азайтышкан. Балким Аксылыктар да өз алдынча бир кошуун түзүшөт. Антпесе менин малым уурдалбаса болду да деп, кайдыгер олтурушса, эртең анын малын да жок кылып кетет.

Актилек Кармышаков, Ош:

-Менимче мал уурулук оңой иш эмес. Ошого бул жерде Аксылыктардын өздөрүнөн да жергиликтүү эле тургундарда бул иштерге аралашкан адамдар бар. Бизде баягыдай да. Көбүнчө уурулар кармалса, кийин төлөп берип койсо, арыз-доом жок деп, арызын алып коюшат да, алар камалбай калат. Анан ал дагы эле мал уурдайт да. Үйрөнгөн адат калмак беле.

Эрнист Нурматов.

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды.

Сүрөттөр автордуку.