Ош: Жолдошев менен БШКнын талашы кайрадан жанданды

Ош шаардык кеңешинде “Замандаш” партиясынан мурда депутат болгон Нурадил Жолдошев аймактык шайлоо комиссиясынан мандатын кайрып берүүсүн талап кылууда. Ал ошондой эле жаңы шайланган төрага жана мэр кызматтан кетип, жаңы коалиция түзүлүшү керек дейт. Эки тараптып талашын буга чейин шаардык сот Жолдошевдин пайдасына чечип берген эле. Ал арада аймактык шайлоо комиссиясы Жогорку Соттон жеңип чыккандыгын жар салды. Бирок депутат ал соттук отурумга эч кандай катышпагандыгын айтууда.

Депутат менен шайлоо комиссиясынын талашы шаардык сотто мындан 4-5 күн мурдараак каралган. Тагыраагы 18-февраль күнү. Анда “Замандаш” партиясынан шаардык кеңеште мурда депутат болгон Нурадил Жолдошев жеңип чыккан эле:

“Сот чечимди биз жакка чыгарды. Өзү негизи эле менин мандатымды алып салуу башынан эле мыйзамсыз чечим болгон. Мандатты алуу укугу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын компетенциясына кирбейт болчу жана алар алууга акысы да жок болчу»,-деди Жолдошев.

Нурадил Жолдошев
Нурадил Жолдошев

Жолдошевдин пикиринче, эми шаардык кеңештин төрагасы жана жаңы калаа башчысы да жумуштан кетиши керек. Анткени, ал эгер мандатын кайрадан алса шаардык кеңеш кабыл алган ар бир чечим жокко чыгарылыш керек:

«Улуттар биримдиги» менен КЭДП 22 болуп катышкан да, менин 1 добушум жетишпей алар утулуп калышкан. А булар менин ордума мыйзамсыз келген жаңы депутатты кошуп алышып, шайлоо өткөзүшүп анан утуп кетип атышпайбы. Ошонун негизинде анан жаңы төраганы, жаңы мэрди шайлашкан. Эми мен ордума кайра келсем, аймактык шайлоо комиссиясынын токтому жокко чыккандан кийин, ошо мэрди шайлоо, төраганы шайлоо чечимдери толук жокко чыгарылат. Анткени ал шайлоолордун баары мыйзамсыз болуп эсептелет. Мэрди шайлоо, төраганы шайлоо, андан кийин бюджет жана башка маселелер боюнча шаардык кеңештин токтомдорунун баары мыйзамсыз болуп чыгып калып атат. Себеби аларды шайлаганда, чечимдерди кабыл алып атканда менин ордума мыйзамсыз келген депутат добуш берип атпайбы»,-дейт.

Ал ортодо аймактык шайлоо комиссиясы депутат Жолдошевди Жогорку Соттон кайрадан утуп чыккандыгын айтууда. Алар шаардык соттон кийин дароо эле аппеляциялык арызын баш сотко жөнөтүшкөн. Ал жакта да каралып, сот жыйынтыкталды дешет алар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлү Тимур Камчыбеков мындай деди:

IMG_2194«Шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов аппеляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Рысбек Нурдинов өзү ооруп аткан экен, ошого өзү маек бере албай калды. Азыр менин андан алган маалыматым боюнча, 22-февраль күнү Жогорку Сотто бул маселе каралып, Ош шаардык сотунун чечими толугу менен жокко чыгарылып, даттанууга жатпайт деп чечим кабыл алынган. Ошондой шайлоо комиссиясынын мурунку чечими күчүндө калып атат. Демек, Нурадил Жолдошевге эч кандай депутаттык мандат кайтырылып берилбейт.

Камчыбековдун пикирин Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов да бекемдейт:

«Бизге азырынча чечим келе элек. Бирок бул маалыматты бизге Жогорку Соттун кеңсесинен билдиришти. Ошондо Жогорку Сот шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, шаардык шайлоо комиссиясынын чечимин мурдагыдай эле күчүндө калтырды дегенди түшүндүрөт. Ошол себептүү азыр эч кандай коалициялык өзгөрүүлөр жүрбөйт жана ага негиз да жок».

Бирок мурдагы депутат Нурадил Жолдошев өзү же, анын өкүлдөрү Жогорку Сотто эч кандай соттук отурумга катышпагандыгын белгилөөдө. Ал эмес бул кабарды ал эми гана угуп атканын айтууда. Анын пикиринче, Жогорку Соттун чечими анын үстүнөн гана чечилген сыяктуу:

2Мен сотко катышмак түгүл, ишти кайсы сот карай турганын да билбейм. Чечимди колума алмак турсун, алар аппеляциялык арызды качан жазып беришкени жөнүндө да так маалыматым жок. Менин авдокаттарым азыр эртеден кечке ошо Жогорку Сотто жүрүшөт. Анан бизди чакырбай, жада калса менин жактоочуларымды да чакырбай, кайсы сот чечим кабыл алып атат? Булар кайсы Жогорку Соттун чечимин айтып атышат?".

Мындан эки жылча мурда Нурадил Эргешов “Замандаш” партиясынынын атынан шаардык кеңешке депутат катары шайланып, мандатын алган. “Замандаш” партиясы ошо кезде “КСДП” жана “Республика” партиялары менен биригерин жар салганда, Жолдошев партиянын чечимине баш ийбей, “Улуттар биримдиги” жана “КЭДП” партияларына кошулуп кеткен эле. Ошонун натыйжасында алар 23 депутат болуп, көпчүлүктү түзүп калышкан. Кийин “Замандаш” өзүнүн депутаты менен бир канча жолу чырдашып, соттошуп атып да маселени чечише албай койгон.

2013-жылдын соңунда “Ош шаарынын статусу” жөнүндөгү мыйзам кабыл алынаары менен, анын мандаты алынып салынган. Натыйжада анын ордуна партиянын дагы бир өкүлү Камчыбек Мамбетов депутат катары шайланган.

Ошондогу сессияда Мамбетов өзү:

«Мен “Замандаш-Современник” партиясынын атынан бул жерге депутат болуп келдим. Колумда мандатып бар. Бул мандат жөндөн жөн берилбейт. БШКнын чечими, буйругу да мында турат. Ал интернеттен дагы, “Эркин-Тоо” гезитинен дагы чыкты. Мандатымды бир гана сот алып ала алат. Соттун чечими чыкса мандатымды тапшырып берүүгө даярмын. Ага чейин мен бул сессияда дагы, башка маселелерде дагы толук кандуу депутат катары добуш бере алам. Мен аны ишенимдүү түрдө айтам»,-мындай деген эле.

Камчыбек Мамбетов
Камчыбек Мамбетов

Депутаттык мандатын алаары менен Камчыбек Мамбетов дароо эле “КСДП”, “Республика”, “Ата-Мекен” жана “Адилеттүү Кыргызстан” партияларына биригип, натыйжада алар көпчүлүк коалицияны түзүп калышкан. Эми анын депутаттык мандатын Нурадил Жолдошев кайра ала турган болсо, коалиция да өзгөрүп кетиши мүмкүн. Башкача айтканда ал кайрадан “Улуттар биримдиги” жана КЭДП партиялары менен биригет да алар 23тү, көпчүлүктү түзүп калат.

Шаардык кеңеште учурда 45 депутат бар. Анын жыйырма үчү “Ынтымак. Акыйкат” башкаруучу коалицияга тиешелүү. Анда КСДПдан 11, “Республикадан” 8, “Ата-Мекенден” 1, “Адилеттүү Кыргызстандан” 2 жана "Замандаштан" 1 депутат бар.

Эксперттер эмне дейт?

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев, окуя боюнча Клооп Медиа менен ой бөлүштү.

kloop.kg:

-Айтсаңыз, Жолдошев кайрадан мандатын ала турган болсо, кырдаал кайсы жакка өзгөрөт?

Төлөгөн Келдибаев:

-Азыр эки тарап эки башка нерсени айтып атышат. Башкача айтканда соттун жыйынтыгы белгисиз болуп турат. Бирок эгер Нурадил Жолдошев Жогорку Соттон да утуп алып, мандат ала турган болсо, көпчүлүк коалиция сөз жок өзгөрөт. Анан алар жаңы мэр Айтмамат Кадырбаевге биринчи кварталдын негизинде ишенбөөчүлүк көрсөтүшөт, жаңы мэр шайланат. Анан төрагалык кызмат дагы алмашышы мүмкүн. Кыскасы өтө чоң саясий өзгөрүш, дагы бир саясий кризис башталат. Бирок азыркы бийлик Жолдошевге жөндөн жөн эле жеңилип бербейт. Мандатын бергенге мүмкүнчүлүк бербейт. Зорго кутулган Мырзакматовду кайра алып келбейт да.

Тологон Келдибаев

kloop.kg:

-Мурдагы Жолдошев анын иши шаардык сотко чейин эки ай жатып анан каралганын, анан ал утуп чыккандан кийин дароо эле, 4-5 сааттын ичинде Жогорку сотко жетип калганын айтууда. Негизи бул канчалык мыйзам чегинде?

Төлөгөн Келдибаев:

-Негизи шайлоо жана айрым бир мамлекеттик маселелер боюнча соттук иштер кезексиз, же болбосо тез мөөнөттө каралышы керек. Шаардык сотко чейин балким кайсы бир далилдер, же күбөлөр жетишсиз болуп жылып келгендир. Бирок азыр Жогорку сотко ылдам жеткени мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок кеп мында эмес, кеп башкада. Булар ошол жерден акыйкат чечеби, кеп ошондо болуп жатат. Анткени бүгүнкү сот системасы баарыбызга белгилүү эки жол менен гана чечим чыгарат. Же акча менен же бийликтин тапшырмасы менен. Булар табигый түрдө бийликтин айтканын кылат да, ошого жараша чечим чыгарат.

Окуяга шаардыктардын пикири

Адилет Сабыр уулу, Ош:

-Негизи иш башында эле мыйзамсыз башталган. Жолдошев партиясынан чыгып кетип, “Улуттар биримдиги” партиясына кошулуп кеткенде эле алар анын мандатын тартып алабыз дешкен. Акыры жаңы мыйзам жазып атып алып тынышты. Бирок эми кайра кайтарып бериши керек.

Лира Үмөт кызы, Ош:

-Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп атат бул жерде. Бул депутаттын иши оо мурда эле бүткөн, эми аны кайра алып да келишпейт, мандатын да бербейт. Бул жөн гана ушул иштин айынан дагы чуу чыгарып элге бир көрүнгүсү келип атат. Мыйзамсыз мандат алынган болсо ал жердегилер эмнени карап олтурушат, айтып чыгышат эле да буга чейин эле.

Жылдыз Камчыбекова, Ош:

-Бул мандатты Айтмамат Кадырбаев уурдап же сатып алган эмес. Өзүнүн чырын башка бирөөгө жамап, башка бирөөнү жамандаганы туура эмес. Азыркы жаңы келген бийликти жамандоонун аракет бул. Иш бүттүбү, эми токтотсун баарын. Мырзакматовчу, анан Кадырбаевчи деп Оштун элин экиге бөлүштүн кереги жок.

Кайрат Сапарова, Ош:

-Тез аранын ичинде Мелис Мырзакматовду ордуна койбосок азыркы мер иштей албайт. А бул депутат кайра мандатын алса, бул иш ордуна келет. Бул элдин талабы, элдин мүдөөсү.

Эрнист Нурматов.

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды.

Сүрөттөр автордуку.