Видео: Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү пара алып жатат

Бизге Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү эреже бузган айдоочудан 200 сом сурап жаткандыгы тартылган видео жөнөтүштү. Анда көпкө созулган талаш-тартыштардан кийин акыры тескөөчүнүн акча алгандыгы даана көрүнүп турат. Бул учурда кимдики туура эмес, пара берип жаткандыкыбы же алып жаткандыкыбы? Келгиле талкуулайбыз.

Видеонун түп нускасы drive2.kg сайтына чыккан.