Кыргызстанда абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө быйыл кыргыз жана орус тилдеринде гана өтөт. Билим берүү министрлиги тестирлөөдө өзбек тилинин алынып салынышын муктаждыктын жоктугу менен түшүндүрүүдө. Тестирлөө буга чейин 3 тилде өткөн менен өзбек тектүү окуучулардын көбү кыргыз жана орус тилдерин тандап келишкен дейт адистер. Бирок ошого карабай өзбек тилдүү мектептер жана ата-энелер быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгы алар үчүн анча ийгиликсиз болоорун айтышууда.
Оштогу Ленин атындагы өзбек тилдүү орто мектебинин окуучусу Сохиб Мамиров быйыл мектепти бүтсө журналистика адистигине тапшырууну максат кылып турат. Ал азыр алгачкы даярдык тестине катышып келген. Тестирлөөдөн өзбек тили алынып салынгандыктан Сохиб кыргыз тилин тандаптыр:
“Биздин мектеп өзбек мектеби болгон менен 1-класстан 11-класска чейин кыргыз тилин окуп келатабыз. 3-4 жылдан бери кыргыз тилинен сабактар деле көбөйгөн. Азыр бир топ эле үйрөнүп калганбыз. Ошону үчүн азыр бизге көп деле айырмачылыгы жок. Азыр мен даярдыкка катышып келдим. Айрым түшүнбөй калган жагдайлар болду. Бирок аны тынбай окуп турсак эле, жакшы балл чогулстак болчудай”,-дейт.
Бирок өзбек тилдүү мектепте жалаң өз тилинде билим алган балдар үчүн тестирлөөдө кээде кыйын болуп жатат дейт 11-класстын окуучусу. Ошого да айрым тил билгендер орус тилинен тест тапшырууну тандап алган сыяктуу:
“Менин досторум, классташтарым бул жаңылыкты жакшы эле кабылдап атышат. Аларда деле кыргыз тилден тест тапшырганда түшүнбөй калган жагдайлары болуп атат, бирок алар аракеттерин токтотпой атышат. Балдар 100% кыргызча билет деп айткандан алысмын, жок дегенде 50-60% билишет. Ошого гана кичине билбей калган учурлар бар. Анан кээ бир орусчаны жакшы билгендер тестти орусча тапшырам деп чечишти. Бирок баары бир көпчүлүк мамлекеттик тилди тандап алышты”,-дейт №10-Ленин мектебинин окуучусу Сохиб Мамиров.
Мектепте өткөн жылы 18 окуучу республикалык тестирлөөгө катышкан болсо, быйыл 30 окуучу катталган. Окуучулардын дээрлик көбү тесттен мамлекеттик тилди тандап алышкан. Кыргыз тилчи мугалими Мырзайым Коңкоева мындай дейт:
“Окуучуларда анчалык деле көп кыйынчылык болгон жок. Себеби мамлекеттик тилди 1-класстан 11-класска чейин окушат. Ар бир класс 4 сааттан кыргыз тили жана адабияты сабагынан билим алып атышат. Мындан сырткары класстык сааттар, маданий кечелер көбүнчө кыргыз тилинде өтөт. Кошумча ошондон деле үйрөнүп атышат да. Тесттен келгенден кийин мен балдардан сурап чыктым. “Бизге көп деле кыйынчылык болгон жок” деп айтышты”.
Ошто жалпысынан алтымыштай мектеп болсо, анын 20сында окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт. Андагы бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик баары кыргыз тилинен тест тапшыруу үчүн, кошумча даярдыктарды көрүп турган чактары.
Ленин мектебинин директору Дилшод Мамадалиев буларга токтолду:
“Жалпы терминдерде балдар көп деле кыйналбайт. Бирок кыргыз тилинде гана бар сөздөргө келгенде, балдар турмушунда кезиктирбеген сөздөр жөнүндө болгондо балдар баары бир кыйналып калышат. Себеби өзбек балдар бири-бири менен сүйлөшкөндө түшүнүшө берет, бирок адабий кыргыз тилине келгенде какап калышат. Менимче 1-2 жылдын ичинде өзбек мектептеринен окууга өткөндөр, же тесттин баллын жакшы алгандар аз эле болот. Бирок эми бул чектөө мыйзам чегинде киргизилгенден кийин биз балдарды тестирлөөгө болушунча даярдоого аракет кылып атабыз. Кошумча даярдыктар, кошумча сабактарды өтүп атабыз”,-дейт.
Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тилинин алынып салынышы айрым ата-энелерди да капа кылгандай. Оштун Шейит-Төбө микрорайонунун тургуну Зиеда апа мындай дейт:
“Өзбек тилинде болбосо балдар албетте кыйналат. Тестирлөөнү кыргызча деле, өзбекче деле кылып коюшса жакшы болмок. Анан мугалимдер да балдарды билбей атат дей бербей, үйрөтүш керек. Азыр эми өзбек тилинде тестти алышса, балдар мажбур кыргызчаны окушат. Биздин балдар да окушсун, бүтүшсүн, мамлекеттик иштерге иштешсин”.
Билим берүү министрлиги тестирлөөдө өзбек тилинин алынып салынышын муктаждыктын жоктугу менен түшүндүрүүдө. Буга чейин тестирлөө үч тилде: кыргыз, орус жана өзбекче өтүп келген. Бирок ошого карабай өзбек тектүү окуучулардын көбү кыргыз жана орус тилдерин тандап келишкен дейт адистер.
Быйыл Кыргызстанда абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө кыргыз жана орус тилдеринде гана өтөт. Буга чейин тестирлөө үч тилде: кыргыз, орус жана өзбекче өтүп келген. Быйыл өзбек тилинде өтпөй турганынын себебин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов мындай деп түшүндүрдү:
“Жылына 32-55 миңдей абитуриент жалпы республикалык тест тапшырат. Алардын 62% орус тилинде, 35% кыргыз, ал эми өзбек тилинде 2 миңге жакын гана бала тапшырат. Керек болсо өзбек улутундагылардын көбү орус же кыргыз тилин тандоодо. Ал эми өзбек тилинде чыгарылган тест каражаттарынын баасы өзүн актабай калууда”.
Эл аралык отчеттердо абитуриенттерди тестирлөө Кыргызстандагы эң ири антикоррупциялык долбоор катары бааланып келет. 12 жылда андан 400 миңден ашуун бүтүрүүчү өткөн.
Серепчинин пикири
Оштук жаш байкоочу, педагог Артур Тургунбаев клооп.кж сайты үчүн аталган маселеде ойлорун ортого салды.
Kloop.kg:
-Тестирлөөдө өзбек тилинин алып салуу боюнча Билим берүү министрлигинин чечими канчалык деңгээлде мыйзам ченемдүү?
Артур Тургунбаев:
-Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Бирок көпчүлүктү кыргыз, орус, өзбек улуттары гана түзөт. Баарыбыз Кыргызстандын тең укуктуу атуулдарыбыз. Андыктан өзбек тилдүү мектептердин көп экендигин эске алып, бул маселени олуттуу маселеге айлантып, эл аралык уюмдарды аралаштырбай эле ЖРТны үч тилде жүргүзө турган кылып чечип койсок эч ким зыян тартпаса керек. Анткенимдин себеби азыр ушул теманы да сеператисттер бизди кысып жатат, укугубузду тебелеп жатат деп кыйкырып чыгышып, эки элдин ортосуна от жакмай оюндарын башташат. Антпегенде деле Кыргызстандын батышы татаал-психологиялык абалда жашап жатышат. Улут маселеси өтө назик. Ошол себептен Кытай өкмөтү башка улуттун тилин, маданиятын сактоого аябай көңүл буруп стабилдүүлүк өкүм сүрүп келет. Статистикага таянып айтсам биздин өлкөдө ушул темп менен жүрүп отурса 5-10 жылдан кийин англис тилине деле болгон муктаждыктан бул тилде да тест жүргүзүлүп калуусу толук ыктымал.
-Азыр кантсе да чечим кабыл алынды. Бирок мектептер буга толук даяр болбой калдык деп атышат. Ошого бир-эки жыл эскертип туруп анан өзбек тилин алып салса болбой беле?
Артур Тургунбаев:
-Менимче билим берүү министрлиги бул маселени мектептерге, билим берүү кызматкерлерине алдын ала эскертип туруп анан кабыл алган. Бирок ошентсе деле өзбек тилдүү мектептердеги балдар башында кыйналышат. Окууга өткөндөр да алгач азыраак болушу мүмкүн.
Тургундардын пикири
Даврон Сулейманов, Ош:
-Менимче биз өзбектерге деле бул нерсе ыңгайлуу эле. Балдар ансыз деле кыргыз тилин үйрөнүшү шарт болуп атат. Анан тест тапшырганда деле өздөрүнө жакшы. Анткени азыр бизде өзбек мектептери болгон менен университеттер өзбекче окутпайт да. Анан балдар ЖОЖду баары бир кыргызча же орусча окууга туура келип калат.
Эдил Саиев, Ош:
-Мен өзүм кыргыз болсом деле мындай чечимге көп макул болбой турам. Себеби өзбек мектептериндеги балдар жалаң өзбекче окушат да. Тестке келгенде башка тилден тапшырса, балким билимдүү балдар да жетиштүү балл топтой албай калышы мүмкүн. Эгер Өзбекстандагы кыргыздарга да кыргыз тилинде тест тапшыруусуна шарт түзүп бербей жатат. Биз ошого бул жакта нааразыбыз да туурабы. Анан эми биз да бул жактагы өзбектерге шарт түзбөй жатабыз. Анда Өзбекстандан айырмабыз эмне?
Гүлноза Саидмуратова, Кара-Суу:
-Менин балдарым азырынча мектепти бүтө элек. Бирок баары бир эртең жогорку окуу жайга тапшырышат. Ошого чейин кыргыз тилин көбүрөөк окутуума туура келип калат. А эгер өзбекче болгондо балдарыбыз анча кыймалмак эмес. Анткени балдар мектепте деле, мааледе деле жалаң эне тилинде сүйлөп, көнүп калышкан да.
Салижан, Ноокат:
-Өзбек калкы Кыргызстанда жашагандан кийин жалаң кыргызча окушу шарт. Алар улуттук тестти эле эмес, мектептерин деле кыргызчалатып алышса өздөрүнө эле ыңгайлуу. Анүстүнө мыйзамда жазылган да кыргыз тили мамлекеттик тил деп. Ошого алар мыйзамды сакташы керек.
Эрнист Нурматов
Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.
Сүрөттөр автордуку.