Кара-Суу: 10 жылдап паспорт ала албагандар бар

Кара-Суунун Савай айыл округунда 150дөн ашык жаран Өзбекстандын паспорту менен жашайт. Алар ушу кезге дейре ар кандай көйгөйлөрдүн айынан Кыргызстандын документин ала албай келишкен. Паспортсуздардын арасында коңшу өлкөдөн Кыргызстанга түшкөн келиндер жана учурунда Өзбекстанда иштеп келген атуулдар бар. Алар бул убакка чейин жөлөкпул ала албай, шайлоолорго да ээн-эркин катыша алчу эмес. Юристтер болсо буга жашоочулардын өздөрүн айыптайт.

Паспортсуз келиндер (5)Мындан 10 жыл мурда Кыргызстанга турмушка чыккан Кифоят Абидова эмдигиче жашап жатканын өлкөсүнүн жараны боло элек. 3 балалуу болсо да, ал азырга дейре Өзбекстандын паспорту менен жүрөт. Канча жолу кылган аракеттеринен эч бир майнап чыккан эмес экен:

“Келгениме 10 жыл болгон болсо, 2 жыл пособия алдым, анан ошо боюнча токтотуп коюшту. Өзбекстандын жараны экенсиң дешип, ушу паспортумдун жоктугунан азап тартып келем. Ушул жыл ичинде бир да шайлоого катышкан жокмун. Эки жакка да ээн-эркин каттай албайм. Ооруканага барсак, бизди кабыл албай да кое берет. Канча жолу аракет кылсам да паспорт ала албай эле койдум. Ушу үч баламдын бактысы үчүн деп эле жашап жүрөм”,-дейт Абидова.

Кара-Суунун Савай айылынын дагы бир тургуну Санайым Айтиева да келинине паспорт ала албай жүрөт:

Санайым Айтиева
Санайым Айтиева

“Биз мындан 5 жыл мурда Өзбекстандан келин алганбыз. Ошо келиним азырга дейре Өзбекстандын паспорту менен жүрөт. Кыргызстандын паспорту ала албай атат. Ортодо эки балалуу болушту. Мына чоң баласы 3 жашар болоюн деп калды. Бир жерлерге барайын десе паспорту жок бара албайт. Же бир иштерди бүткөрө албайт. Эч жерге кайрыла албайт. Балдарын да бала бакчага албайт, күбөлүгү жок деп, эми эртең аларды мектепке да кабыл албай коет деп кыжаалат болуп атабыз. Керек болсо ооруканага да кабыл албай кыйнап атат. Же Өзбекстанга кирип чыгайын десе, ал жакка шарт жок”,-дейт Санайым эне.

 

Төрөбек Аширов
Төрөбек Аширов

Савайлык жашоочулардын дагы бири Төрөбек Аширов союз кезинде Өзбекстанда иштечү. Кийин Кыргызстанга көчүп келип, бирок паспортун жоготуп жиберген. Ошондон бери ал дагы документсиз жашайт:

“Мен өзүм Пирсавай айылында туулуп өскөмүн. Анан кийин бир мезгилдерде Өзбекстанга иштегени өткөнбүз. Анан ал жакта жүрүп, бала-чакама, аялым Өзбекстандын паспортун алганбыз. Меники менен чоң уулумдуку СССРдин паспаорту боюнча кала берген. Мен паспортумду жоготуп да коюпмун. Аялым менен балдарым Кыргызстандын паспортун алдык дагы, азыр эми мага документ ала албай атабыз. Жолу бар дейт, бирок эч эле мүмкүн болбойт атат. Паспорт жок болсо, адам катарынан деле чыгып калгандай сезет экенсиң өзүңдү. Ээн-эркин эки жакка чыга албайсың, бир иш бүтүрөйүн десең, бир нерсе сатып алайын десең, баары кыйын болот экен”.

 

Кара-Суунун Савай айыл округунда жалпы 23 миңдей калк бар. Айылдар Өзбекстанга жакын болгондуктан көп жылдардан бери эки калк ортосунда кыз алып, кыз берүү күч алган. Бирок эми паспорт алуу кыйынга тургандыктан коңшу өлкөлөрдөн куда күткөндөр азаюуда.

Савай айыл округ жетекчисинин орун басары Жапарбек Токсонбаев мындай дейт:

 

Жапарбек Токсонбаев
Жапарбек Токсонбаев

“Савай айыл өкмөтү боюнча 154 атуул ушу жарандык ала албай, документке жетишпей жүрөт. Айрыкча мобу Өзбекстандан келген келиндерге абдан кыйын болуп жатат. Алардын алды келгенин 10 жыл болуп, кээлери 2-3 жыл болсо да паспорт ала албай атышат. Анын айынан балдарына да күбөлүк чыкпайт. Чынында кыйын абалда турушат. Президентибиздин 2013-жылкы 10-августтагы №174-жарлыгы менен аларга да укук бериле баштады. Эми алар документтерин топтоп, кагаздарын даярдап атышат”.

Ошого карабай “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында адистер бул аймакты да кыдырып паспортсуз жарандарга кеңеш берип кетишүүдө. “Чек арасыз юристтер” коомдук бирикмесинин юристи Нургазы Умаров буларга токтолду:

“Булар кыйынчылыктарды угуп, азап экенин түшүнүп эле ушу Паспортсуз келиндер (4)кезге дейре паспорт столдорго атайын барып кайрылышкан эмес. Кайрылган күндө да кээде булардан туура эмес документтерди талап кылып, айрым учурларда паспорту жок адамдардын өзүнө да ар кандай туура эмес маалыматтар жеткен. Ошол себептүү убаракерчиликтен качып, же чыгынбай жүрө беришкен. Бүгүнкү күндө биз буларга мыйзамдагы өзгөртүүлөр, толуктоолор жөнүндө айтып түшүндүрдүк. Паспорту жок жарандар эми эгер Кыргызстандын жараны менен нике күбөлүгү болсо эле, токтоосуз түрдө паспорт ала алышат”.

Аз күн мурдараак Жогорку Кеңеш «жарандык алуу» боюнча токтомго өзгөртүү киргизген. Бирок дагы деле Кыргызстанга турмушка чыгып, биротоло жашап калган аялдардын паспорт алуусу кыйынга турууда дешет адистер.

Серепчинин пикири:

“Кабар-Ордо” долбоорунун эксперти Асель Жуматаева kloop.kg сайты үчүн аталган маселеде ойлорун ортого салды.

Kloop.kg:

-Ушу кезге чейин бул маселенин чечилбей келгени кайсы бир деңгээлде түшүнүктүү. Бирок эми мындан ары паспортсуз жарандардын документ алуусу тездетилеби?Паспортсуз келиндер

Асель Жуматаева:

-Алгач эң көп проблема ушу Кыргызстанга турмушка чыккан келиндерде болуп келди. Анткени алар алгач барып өз өлкөсүнөн барып, анда да Ташкенттен барып каттоодон чыгып келиш керек экен. Аялдар болсо тиргилик дешип, айрымдары акча жоктугунан ал жактан каттоодо чыга албай, анан документ алуусу созулуп жүрө берген. Айрымдары 5 жылдан ашык, кээлери болсо 10 жылдан бери ала албай жүрүшөт. Мына жакын арада эле кыргыз бийликтери тарабынан жаңы чечим кабыл алынды. Ошого ылайык эми Өзбекстандын жараны болобу, же дагы бир башка өлкөнүн жараны болобу, биздин Кыргызстандык атуул менен баш кошкон болсо, анда дароо эле жарандык алууга мүмкүнчүлүгү болуп калды. Биздин долбоордун максаттарынын бири дагы ушул. Ошого тынымсыз элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар кандай жардамдарды берип келатабыз.

Паспортсуз келиндер (2)

Kloop.kg:

-Паспорт көйгөйлөрү таптакыр курч болуп кеткендиктен эки өлкө ортосунда кудалашуулар дээрлик токтоп калды деген сөздөр бар. Бул канчалык чындык?

 

Асель Жуматаева:

-Негизи таптакыр эле токтоп калды дегенден алысмын. Кыргызбы, өзбекби кыскасы Өзбекстандыктар менен Кыргызстандыктар ортосунда кыз алып, кыз беришүү дагы деле уланып атат. Бирок мурдагыга караганда кыйла азайып калганы чын. Анткени азыр бир эл документ алуу эле эмес, чек арадан ары берүү өтүү да чоң азап жаратат. Ошол себептүү балким кудалашуулар азайып калгандыр.

Kloop.kg:Паспортсуз келиндер (1)

-Бул проблема кайсы-кайсы аймактарга мүнөздүү?

Асель Жуматаева:

-Бул көйгөй негизи Өзбекстан менен чектеш аймактарда өтө курч. Өзгөчө ушу Кара-Суу районунун Савай, Сарай, Нариман айыл өкмөттөрүндө абдан көп. Жана Ала-Бука районунда, Аксы районунун айрым чектеш айылдарында, анан Араван, Кадамжай сыяктуу бүт ушу коңшу өлкө менен чектеш аймактарда паспорт проблемасы чоң. Анткени ушул жерлер коңшу өлкөнүн калкы менен көбүрөөк кудалашат, анан алардын ичинде документ ала албай калгандары болот.

Калктын пикири:

 Адил Турдубаев, Ош шаары:

-Менимче бул проблемаларды чечүүдө бийликтер да кызыкдар болушу керек. Анткени адамдардын көйгөйү канчалык көп болсо, алар ошончолук социалдык чыңалууда болот. Анан алар кыйналышса, кайра эле бийликтин өзүө жүк. Атайын бир программабы, же долбоорбу кабыл алып туруп, тарс-тарс баарына дароо эле паспорт берип сал нары. Башка маселелерде акча жок, акча жок дей беребиз, анан эми ушу көйгөйдү чечкенге көп деле акча кетпейт да.

 Санавар Нурдалиева, Кара-Суу району:

-Мен дагы Өзбекстандан ушул жакка турмушка чыккам. 7 жыл дегенде араң паспорт алдым. Бирок биздин айылда көптөрү али документке жетише элек. Алардын көйгөйүн чечүү үчүн ошол жердеги юристтер, жетекчилер жакшылап жардам беришсе эле бүтөт. Анан албетте аялдар өздөрү да чуркашы керек.

 Хайрулла Сабиров, Араван району:

-Бул маселе бир эле аялдарга эмес, эркектерге деле тиешелүү. Өзгөчө тагдыры ушу Өзбекстан менен, Тажикстан менен байланыш болуп калгандар. Же ошол жакта жашап калышкандар бар, же иштеп келишкендер. Аларды баарын чечип бүтүш үчүн көп убакыт керек го.

  Салима Кармышакова, Ноокат району:

-Илгери бир “Кайрылман” деген программа кабыл алышкан эле. Эми деле иштеп атса керек ошосу. Бирок жыйынтык кандай болду, канча адам жарандык алды алиге дейре элге так маалым эмес. Анан эми ушуларга окшогондорго деле бир атайын программа кабыл алып туруп бүтүрүп коюшса сонун болмок.

 Эрнист Нурматов

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр автордуку.