Ош экстремисттик топтор күч алууда. Өзгөчө Сирия окуяларынан кийин аймакта радикалдык маанайдагы топтордун активдешүүсү күч алган. Адистер диний кырдаалдын кооптуулугун имамдардын билиминин тайкылыгы менен байланыштырууда.
Муфтий, казыят кызматкерлери, Ош облусундагы имамдар, жергиликтүү бийликтер жана күч органдары катышкан Оштогу жыйында башкы маселе катары аймактагы диний кырдаалдын оорлоп баратканы сөз болду.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча өкүлү Курбаналы Узаков Ошто абал жеңил эмес экенин жыйында ортого салды:
“Иликтөөлөр көрсөткөндөй облус аймагындагы диний кырдаал оор акыбалда мүнөздөлөт. Элибиздин салттуу диний түшүнүгүн, калыптанган ханафий масхабынын өз позициясын начарлатуусу облустагы диний абалдын өзгөчөлүгүн түзүп, кырдаалды оорлоштуруп жатат. Ошто ханафизмге альтернативдүү катары жайылып жаткан салафизмдин Жихад тасфирттик агымы коомдук жана саясий абалды дестабилдештирүүгө толук шарт түзүүсү мүмкүн”,-дейт.
Белгилүү болгондой Акрамий, Вахабий, Хизб-ут Тахрир жана Өзбекстан Ислам кыймылы сыяктуу радикалдык багыттагы топтордун Ош шаарында жана облусунда 400дөй мүчөлөрү бар.
Курбаналы Узаковдун белгилешинче, Ош аймагындагы диний кырдаал коомчулукту чоң кабатырга салууда:
“Кийинки убактарда жаштар проблемаларды чечүүнүн бир жолу катары диний радикализмди кабыл алууга аракеттерди жасашып, радикал ислам чакырыктарга кыска убакыттын ичинде, тез кетүүдө. Жана алар олуттуу мыйзам бузууларга барып жатышат. Ош обласында түзүлгөн диний кырдаалга тынчсызданган коомчулук, интеллигенция өкүлдөрү, чыгармачыл адамдар республиканын жетекчилерине, күч органдарына кайрылуу жасашып, улуттук баалулуктарды басып келе жаткан “арабизация” процессине бөгөт коюш керек деп талап кылып атышат”.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушев да бул абалга сын айтып, муну айрым динаятчылардын билиминин тайкылыгы менен байланыштырды:
“Урматтуу имамдар кечиресиздер, тилекке каршы көбүбүз масхаб эмне экенин да билбейбиз. Эгерде биз өзүбүз билбесек элге нени түшүндүрөбүз? Бүгүнкү болуп аткан экстремизм, терроризм, жаштардын радикалдашуусу, Сирияга чыгып кетүүсү баардыгы диний сабатсыздыктан улам орун алып олтурат. Эгерде өзүнүн динин жакшы билгенде, өзүнүн масхабын жакшы билгенде буга окшогон жаман нерселерге кабылбайт элек”,-деди.
Ал эми мечит имамдары болсо өздөрүнүн билиминин жетишинче салттуу ислам дини боюнча калкка маалымат жеткирип аткандыктарын айтышат. Чоң-Алай районуна келген имам Пайыз Мамажусупов мечиттен сырткары, мектепке да барып диний агартуу аракетин көрүп келет:
“Мечиттерге көп адамдар келет. Ал жерде элге болушунча түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мамлекет жөнүндө, дин жөнүндө, азкыркы болуп жаткан окуялар тууралуу туура маалымат жеткирүүгө аракет кылабыз. Мындан сырткары мектептерде атайын бир жолугушууларды уюштуруп, 8-класстан жогорку окуучуларга, аң сезими ар кандай багытка бурулуп кетип кала турган убагында туура багыттарды үйрөтүп атабыз. Жаштарды көбүнчө ата-бабабыз тутунуп келген диний багытты, салттуу исламды карманууга үгүт жасайбыз”,-дейт.
Бирок ошого карабай Ош облусунда жана Ош шаарында диний экстремисттик уюмдардын активдешүүсү күн санап байкалууда дешет күч органдары. Ош областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул нерсе өзгөчө Сирия окуяларынан кийин күч алды дейт:
“Биздин мыйзам боюнча диний экстремисттик уюмдар деп табылган уюмдар, алардын аракеттери Сириядагы окуядан кийин Ош аймагында активдеше баштаганы байкалган. Мурда алар баракчаларды, дисктерди таркатуу менен иш кылып жаткан болсо, учурда интернет аркылуу аракеттерин активдештирип жатышат. Алар виртуалдуу дүйнө аркылуу жихадга, халифат курабыз деген сыяктуу чакырыктарды ташташат. Анын ичинде уюлдук телефондор аркылуу, фейсбук, агент социалдык тармактары аркылуу ар кандай экстремисттик маанайдагы маалыматтарды жөнөткөн учурлары жашыруун эмес”.
Күч органдары маалымдагандай, Ош шаары жана Ош областынан 32 адам Сирияга кеткени аныкталды.
“Диний экстремисттик кырдаал Ош облусу жана Ош шаары боюнча негизинен туруктуу. Бирок бир жагынан кооптуу деп айтса да болот. Кооптуу дегенибиз былтыркы жылдан баштап биздин жарандарыбыз Сирияга аттанып жаткандыктары тууралуу маалыматтар көп келип түшө баштады. Кыргызстандан жалпы 54 атуулу ошол жакка кетти деген маалымат бар. А Ош шаары жана Ош облусу боюнча Сирияга кеткендердин отуз экисинин даректери катталды. Бүгүнкү күндө калгандары боюнча да атайын оперативдик аракеттер жүрүп жатат”,-деди Жеңиш Ашырбаев.
Өткөн айда УКМК тарабынан Кара-Суудан Сирияга кеткени жаткан 7 адам кармалган. Алар Кыргызстандын аймагында террордук аракеттерге барууга аракет кылган деп шектелүүдө. Колго түшкөн топтун жетекчиси имамдын орун басары болуп иштеп келгендиги да коомчулукка белгилүү болду.
Серепчинин пикири
Оштук байкоочу Кадыр Кубат kloop.kg сайты үчүн аталган маселеде ойлорун ортого салды.
-Айтсаңыз, диний кырдаал күндөн күнгө оорлоп баратканын адистер да, күч органдары да бай-бай какшап келатышат. Бул кырдаалдын кантип жөнгө салуу керек?
Кадыр Кубат:
-Бийликтер буга чейин Коргоо Кеңешинде бир топ жакшы маселелерди козгоду эле. Эми ошонун натыйжасында иштерди алып барышса эле кырдаалды жөнгө салса болот. “Ата-Мекен” партиясы сунуштап жаткан мыйзамда молдолорго айлы берип, аларга түшкөн кирешелерди мамлекет көзөмөлдөө демилгеси сунушталып атат. Мына ошол кабыл алынып калса да бир топ иш алгылыктуу жүрмөк. Ансыз мамлекет бир, динаятчылар бир болуп, ар ким өз арабасын тартуу менен алек болуп атышат. Анан ушундай кырдаалда ситуация оңолмок тургай артына кетет да. Азыр да анча билинбей атат. Мындан 5 жылдан кийин Кыргызстанда, өзгөчө Ошто бир эле нерсе проблема болот. Ал дин. Анткени азыр жаштар аңдабай эле, ойлонбой эле динге кирип, анан андан түрдүү радикалдык маанайды тутунуп атышат. Алар эртең зомби болуп чыга келет. Мына ошондо башталап окуянын баары...
-Анда сиздин пикириңизде динге катуу көзөмөл кылуу керекби?
Кадыр Кубат:
-Жок. Катуу көзөмөл кылыш керек деген жокмун. Кайсы бир деңгээлди диндин ишине кийлигишиши керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы баары бир ушундай болушу шарт. Анткени дин колдон чыгып баратат. Күч органдары жалпы цифраларды эле чыгарып аткан менен экстремизмдин, радикализмдин ички мазмунуна кирген жок. Себеби алардын башка иштери толтура. Бир жагын карагыча экинчи жагынан маселе өсүп чыгып атат. Дин комиссиясы болсо аларга көз салып койгондон башка бир да иш кылбай атат.
Калктын пикири
“Эмнеге Ошто диний кырдаал оор болуп баратат?” деген суроого аймактын тургундарын кепке тартканбыз.
Гүлүм Жусуп кызы, Ош шаары:
-Менимче диний кырдаалды көзөмөлдөө үчүн бийлик сөзсүз түрдө диндин ишине кийлигиши керек. Антпесе кырдаал баары бир оорлоп кала берет. Имамдар маселе айылдарда каалаганын кылышат. Кээ бир динаятчылар бир айылдын пайгамбары эле болуп алышкан. Каалагын кылышат, каалаганын айтышат. Анан ошондой болгон күндө кантип анан диний кырдаал оорлобосун.
Капар Бекишов, Өзгөн районунун тургуну:
-Алгач адамдар өзүбүз динди туура тутунууну үйрөнүшүбүз керек болуп атат. Болбосо кырдаал баары бир артына кете берет. Менимче динаятчылар колдон келишинче эле өз аракеттерин жасап атышат. Күч органдары деле иштеп атат түзүк эле. Бирок адамдар өз алдынча аракет кыла албай атышат.
Идирис Исаков, Ноокат району:
-Биздин бир айылда 3 мектеп, 10 чакты мечит бар экен. Элестеткиле билим алуу борбору аз дагы, анан диний жай көп. Мунун менен мен эми каршы эмесмин динге. Бирок кырдаал ушу менен эле көрүнүп турбайбы оор экени. Канткен күндө да бийлик чечкиндүү кадамдарга барсын да, бир жаңсыл кылыш керек.
Акмүрөк Абдыманап кызы, Ош шаары:
-Башкасын билбейм го бирок, мен теңдүү эле жаштар азыр динге өтө фанат болуп кеткендерин көрүп корком. Мен өзүм деле намаз окуйм, дин жолунда жүрөм. Бирок мынчалык аша чаап кеткендер динди жаман көрсөтүп атышат.
Эрнист Нурматов
Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.
Сүрөттөр автордуку.