Ош: Парктарды 15 жылга ижарага берүү маселеси талаш жаратты

Шаарлардагы парктарды, эс алуу жайларын 15 жылга чейин ижарага берүү демилгеси Ошто “Жер кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулаган жыйында көтөрүлдү. Бул аракет парктарга инвестицияларды тартып, зоналардын техникалык шарттарын жакшыртууга көмөк берет дешет мыйзам долбоордун автору катары чыккан Жогорку Кеңештин депутаттары. Бирок Ош шаардык кеңештин депутаттары буга каршы чыгып, мындай нерсе парктарды менчиктеширүүгө шарт түзөөрүн белгилешти. Ансыз деле ушуга чейин 40 чакты киши Ош шаарындагы парктардан бөлүп-бөлүп менчикке өткөрүп алган.

Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштап жаткан “жер кодексинин” жаңы долбоорунда негизги маселе катары шаарлардагы парктарды ижарага берүү мөөнөтүн узартуу болуп саналат. Депутат Абдумиталип Кочкорбаев мунун себебин эс алуу зоналарына инвестиция тартуу кызыкчылыгы менен байланыштыраарын, мыйзамды талкуулаган Оштогу жыйында билдирди:

Ош шаардык кеңешинин жыйындар залы
Ош шаардык кеңешинин жыйындар залы

“Инвестициялык обьектилерди жана көмөкчү курулмаларды кийин жергиликтүү бийликтерге, муниципалдык органдарга акысыз өткөрүп берүү менен 15 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык ижарага, жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү, убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн. Ушул мезгилге чейинки мыйзамдарда билесиздер 5 жылга чейин гана ижарага берилет деп жазылып турат. Бирок аны алууга көбү кызыкдар болбойт экен. Ошондой жагдайлардан улам биз аталган мыйзам долбоорун сунуштап атабыз”,-деди.

 

Тагыраагы мыйзамдын өзгөртүлгөн варианты. Мыйзам долбоордун авторлорунун белгилешинче, парктар 15 жылга ижара берилген менен, эч качан жеке менчикке өтпөйт деп мыйзамда өзгөчө белгиленет. Жогорку Кеңештин депутаттарынын дагы бири Сайдулла Нышанов да буларга токтолду:

“Ош шаары менен Бишкек шаарында парктарды 5 айга ижарага берсең деле ала берет. Кеп бул эки шаарда эмес да. А башка майда шаарларда, район борборлорунда парктар, эс алуу жайлары жатат жөн эле. Анан аны 5 жылга десең эч ким алып иштетпейт экен. Кыргызстан боюнча көп мындай парктар. Алардын баары эле иштетилбей тура бербеши керек да. 15 жылга берип туруп аны жеке ишкерлер, бизнесмендер пайда алып келтиргени жакшы да. Аттракциондор эскирген, дарактар эгилбеген бойдон турат. Ошолорго 15 жыл деп койсок, тартып алат элек”,-деп ачыктады.

Абдувахаб Нурбаев
Абдувахаб Нурбаев

Бирок ошого карабай бул мыйзам долбоору Ошто кызуу талаш-тартыш, пикирлерди жаратты. Ош шаардык кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев бул өзгөртүү парктарды мындан ары да менчиктештирүүгө жол ачып берээрин айтат:

“Акыркы 10 жылдын ичинде Оштогу парктарда көп жерлерди адамдар ижарага алышкан дагы, анан кичин менчиктештирип кетишкен. Негизи мыйзам боюнча ижарага берилген жер, менчикке кетпеши керек. Азыр бул мыйзам дагы ошо менчиктештирүүгө жол ачып атат. Алгач жеңил конструкция деп курат, анан капиталдык кылып курат дагы, сотко акча берип туруп, кайра менчикке өткөрүп алат. Бизде ансыз деле жашыл жерлерибиз аз калды. Мүмкүн бул мыйзамды кимдир бирөө лобби кылып жаткандыр, мага ушундай сезилип атат”,-дейт.

Көз карандысыз байкоочу, юрист  Атыр Абдрахматова да Бишкектеги Ата-Түрк багынын тарыхын эске салып, өлкө боюнча дагы бир топ бактар ушундай акыбалга туш болуп калышы мүмкүндүгүн айтты:

DSC_2815“Купуя сыр болуп турган маалда ошол эле Ата-Түрк багындагы канча жерлер менчиктештирилип кетти. Ал иштерге азырга дейре чекит коюла элек. Ошол себептен мен дагы мыйзамда болгон жаңылыктарга каршымын. Себеби капиталдык эмес курулуштарды куруп туруп, анан жердин ижара акысын узартыш оңой. Анан убакытты узартып алгандан кийин ал каалагандай кылып менчиктештирип алат. Ошондуктан парктарды 15 жылга чейин ижарага берүү таптакыр туура эмес нерсе”,-дейт Абдрахматова.

Учурда Ош шаарында 15 чакты парк жана эс алуу зоналары бар. Бирок алардын көпчүлүгү ар жеринен кескиленип, менчиктерге берилип кеткен. Айрымдары толук бойдон бирөөлөрдүн колуна өтүп кетип, алар бак-дарактарды жок кылып, ордуна үй салып алышкан. Кээ бир парктарга болсо чайхана, кафелер курулуп кеткен. Парктардан менчикке айланган жерлерге аймактык аткаминерлерден баштап, Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин ээлик кылышат.

Ош шаардык парктар башкармалыгынын башчысы Данияр Абдуллаев мындай дейт:DSC_2837

“Акыркы жылдарда биз парктар башкармалыгына 397 парктын жер тилкесин кайтарып алдык. 2009-жылы бул жерлерди атайын чыгарышкан. Мына азыр биздин парктарда 39 обьект жеке менчик. Алар ошондо эле берилип кеткен, түбөлүккө. 5 жыл, 3 жылга ижарага беребиз деп атып, аягы ушундай болуп калган. Бул жерлерге ээлик кылгандардын көбү чоң кызматтагылар. Өмүрбек Текебаевдин жеке менчик чайханалары турат, бир паркты Урмат Аманбаева деген депутат экиге бөлүп, өзүнө менчиктештирип алган”.

 

Ош шаардык мэриясы 2-3 жылдан бери 4 паркты кайрадан шаардын менчигине кайтарып алышкан. Бирок дагы ошончо парк бүтүндөй эле бирөөлөрдүн колунда калууда. Эң чоң парктардан Навои паркы 3 жылдык мөөнөткө ижарага берилип, Токтогул паркы эми берилиши күтүлүүдө.

“Жер кодексинин” парктар боюнча беренелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча бул биринчи талкуу. Мыйзам эми мындан ары да бир топ коомдук талкууларга, анализдөөлөргө коюлмакчы. Ошондон кийин гана мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат.

 

Адистин пикири

Маселе боюнча kloop.kg сайтына Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын жетекчиси Алымбай Кадыров ойлорун ортого салды.

 

Алымбай Кадыров
Алымбай Кадыров

Kloop.kg:

-Парктарды, эс алуу жайларын 15 жылга чейин ижарага берүү боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Буга чейин ал мөөнөт 5 жыл эле болчу экен. Аны узартуудан коркунуч жокбу?

Алымбай Кадыров:

-Бул мөөнөттү 5 жыл кылабы, 15 жыл кылабы ал башкы маселе эмес. Маселе документация иштеринде болуп жатат. Инвестицияга ижарага берээрден мурда ошо парктардын баарын шаардын менчигине өткөрүп, муниципалдык менчикке каттап, керектүү документтердин баарын алып коюш керек. Мамлекеттик акт же кызыл китеп деп коет. Ошонун баары бүткөндөн кийин гана, коопсуздануунун биротоло чечип алып анан ижарага бериш керек. Ал кызыл китептер ошол жерди ижарага алган киши албаш керек. Эми биздин менталитет, элдин деңгээли ушул болуп атат. Тилекке каршы бизде азыр сот органдары экинчи мэрия болуп алышты. Кичинекей эле бир жылчык таап алып, сот аркылуу өздөрүCSC_2885нө өткөрүп алып жерлерди өз карамагына өткөрүп алган учурлар көп болуп атат.

Kloop.kg:

-Буга чейин ижарага берилип, анан менчиктештирилип кеткен парктардагы жер тилкелери эми кантет? Аны шаардык муницпиалдык менчикке кайтарып алса болобу?

Алымбай Кадыров:

-Тилекке каршы буга чейин ушундай жолдор менен бир топ жерлер менчикке берилип кеткен. Мыйзам талаасы жакшы иштелбегендиктен көп убакытка ижарага алып алышып, анан мэрияны алдап кетишкен учурлар көп. Же ижарага алып алып инвестициа салбай, парктар оңдолбой калган жерлер бар. Азыр биз көп парктардын мамлекеттик актыларын алып койдук. Бул эми менчиктештирүүдөн сактап калдык. Башка жерлерди да кайтарып алабыз. Ага аракет кылып атабыз.

Калктын пикири

“Парктарды 15 жылга чейин ижарага берүү демилгесине кандай карайсыз?” деген суроого тургундарды кепке тартканбыз.

 Мээргүл Султанмамат кызы:

-Менимче, иштете алам деген киши болсо 15 жылга ижарага бере бергендин эч коркунучу жок. Бирок аны андан ары менчиктештирүүгө болбойт деген негизин бекем кармоо керек. Ал ошончо убакыт иштетип анан, андан ары өзүнө өткөрүп ала турган болсо анда таптакыр болбойт.

 Эрнияз Маматов, Ош шаары:

-Шаардын бюджети, шаардык бийликтер негизи эмне иш кылат? Калаанын өзүнүн паркын мэрия өзү иштетип, элге шарт түзүп бере албагандан кийин андай бийликтин калкка не кереги бар? Бир да паркты, бир жерди ижарага бербей эле бийликтер өздөрү иштетсин. Жерлер бирөөнүн колуна өтүп кете турган болсо, алар каалаганын кылып анан жок кылышат.

 Арыпбек Айтбаев, Ош шаары:

-Оштун Курманжан датка (Юго-восток) кичирайонундагы ботаникалык бакты алгач иштетип беребиз, өркүндөтөбүз, жасайбыз, кооздойбуз деп алып алып азыр байлар бөлүп кетишти. Бүттү. Эми башка парктарды да ошентип бөлүп кетишет. Парк деген негизи мындай борбор жактарда жайгашат да. Ошого да чиновниктер, байлар ага көп кызыгышат экен. Ижарага алган кишинин бир эле максаты бар, ошо жерди кантип ушу менчикке өткөрүп алса деген. Ошол себептүү 15 жыл эмес, 5 жыл эмес таптакыр ижарага беришпесин.

 Салия Турдумаматова, Ош шаары:

-Мен чынын айтсам парктар мамлекет иштетип атабы, же бир жеке адам ишгтетип атабы, маанисин анча билбейт экем. Бирок башкысы парктар эл үчүн кызмат кылып турса, каруселдер, аттракциондор тынымсыз иштеп турса эле болду. А жерди алган киши болсо салыгын төлөп атса эле иштете берсе болсо керек.


Эрнист Нурматов

 Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр автордуку.