Оштун борбордук мечитинде аялдарга диний билим берүү борбору жакын арада ишин баштаганы турат. Бул айымдардын радикалдашуусун алдын ал алат дешет динаятчылар. 300-400 орунга ылайыкташкан борбор мектеп окуучуларынан баштап байбичелерге чейин акысыз окутат. Бирок адистер окуу жайларды ачуу менен эле бул маселелердин алдын алуу аздык кылаарын адистер белгилеп келишет. Буга чейин күч органдары райондордо үйлөрдө, хужраларда диний билим алган аялдар көбөйүп кеткенин кулак кагыш кылып келген эле. Ошондой эле соңку мезгилдерде Сирияга кеткен аялдардын саны да арбып баратканы айтылууда.
Ош шаардык борбордук Имам-аль-Бухари атындагы мечиттин базасында уюшулган аялдардын диний окуу борбору ачылаары менен эле кабыл алууларын баштады. Сабактар аз күндөн кийин башталат. Шаардык казыяттын аппарат жетекчиси Жанарбек Матиев мындай дейт:
“Бул жерде 1-апрелден баштап 1 айлык, 6 айлык, 1 жылдык, 3 жылдык болуп окуулар башталат. Окуулардын баары муфтияттан түзүлгөн атайын программанын негизинде өтүлөт. Бул жерде негизинен куран жаттоо, адеп-ахлак, намаз үйрөнүү жана башка ушул сыяктуу ислам дининин негиздери, андагы аял укуктары, милдеттери сыяктуу нерселер үйрөтүлөт. Радикалдык жана экстремисттик багыттарга капыстан, өзү билбеген тейде кирип алган аялдар бар. Аларды ошентип азгырып аткандар бар. Анан эми бул борбор аялдардын ошо жаман жолдорго тартылып кетүүсүнө бөгөт коет. Ошого аракет кылабыз. Мындайча айтканда биз бул жерде дин тууралуу жалаң туура маалыматтарды берүүгө аракет кылабыз”,-дейт.
Окуу борбор чоң залдан, бир нече бөлмөлөрдөн жана атайын аялдарга ылайыкташкан дааратканадан турат. Жергиликтүү демөөрчүнүн колдоосу менен курулган имаратка 300-400дөй аял батат. Окутуучулар негизинен казыятта иштегендерден жана атинча аялдардан тартылат:
“Мында биз окуучу кыздардан баштап, байбичелерге чейин кабыл алабыз. Маселен 5-класстан баштап 10-класска чейинкилерди бир тайпа кылып, аларга кыздар кандай болушу керек деген адеп-ахлакты үйрөтөбүз. Эгерде 18ге толуп, күйөөгө чыкканга даяр болуп калган кыздар болсо аларды өзүнчө бөлүп алып, аларга аял киши турмушка чыкканда кандай болушу керек, күйөөнү кандай кылып тандаш керек деген нерселерди окутабыз. Андан кийинки топ жаш келиндер, аларга кругозорун өстүрө турган маалыматтарды, жаңы өнөрлөрдү өздөштүрүүсүнө жардам кылабыз. Анан андан кийин кемпирлерге өзүнчө топ түзүп, аларга өзүнчө таалим беребиз. Ар бир курак өз алдынча гана диний билим алышат”,-дейт Ош шаардык жана областтык казыяттын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамила Жапашова.
Ош шаарында жана Ош облусунда 10дон ашык медресе жана диний окуу жайлар болсо, алардын төртөө жалаң аялдарды окутууга ылайыкташкан. Бирок ага көбүнчө студент курактагы аган кыздар билим алышат. Калган кыз-келиндер буга чейин көрүнгөн жерде, үйлөрдө диний сабатын жоюп келгенин белгилейт Жапашова:
“Жаш кыздардын айрымдары медресеге барат. Бирок окуучулар менен келиндер, кээ бир кыздар каяктан диний билим алаарын билбей жүрүшөт. Ошого кээ бир кыз-келиндерди топтоп алып жанагындай атинча аялдарга алып барып берип окутчубуз. Ошо бир үйдө жатып, 10-15 чакты кыз билим алышат болчу. Азыр эми ушул окуу борборго келе беришсе болот”,-деди ал.
Маалым болгондой, буга чейин Ош облусттук казыятында жана айрым райондун борбордук мечиттеринде да атайын аялдарга арналган бөлмөлөр ачылган болчу. Учурда алардын саны аймакта 10дон ашат. Анан кийинчерээк аялдарга арнап атайы мечит куруу демилгеси да көтөрүлгөн.
Канткен менен Ош облусунда үй-үйлөрдө чогулуп алып диний билим алган аялдардын борборлору азыр деле азая элек. Өзгөчө Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунда диний билими бар аялдардын үйлөрү хужра деп аталып, ага күн алыс аялдар чогулуп дарс келишкени жашыруун эмес. Бирок ал жерлерде кандай таалим берилип жатканы динаятчыларга да, күч органдарына да беймаалым.
Ал ортодо Сирияга кеткендердин арасында да аялдар көп катталып жатканы белгилүү болду. Ал эмес кээ бирлери күйөөсү аялы менен кошо Сирияга чыгып кеткен жагдайлар да катталган. Күч органдары соңку убакта мээрбан кыздарды да согуш талаасына тартууга аракеттер катталды дейт Ош шаардык жана Ош областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков:
“Эгерде айылда жашаган шектүү бир балдар жөнүндө, же келип-кеткен бир адамдар жөнүндө маалыматтар болсо милиция органдарына кайрылсаңыздар. Биз тез арада аны чечет элек. Себеби Сирияга бир адам кетип, экинчи адамды тартып атат. Эки адам кетип, дагы эки досун тартып кетип атат. Мээрбан кыздарды (медсестра) даярдап атышат экен азыр ошо Сирияга алып жөнөткөнү. Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде мед окуу жайларда окуган кыздар экен. Татынакай кыздарыбызды ал жакка көп акча төлөйбүз, согуш талаасында медиктер керек болуп атат деп алдап алып кетип атышат дейт. Аты жөндөрүнөн бери бизге белгилүү болуп атат. Түркияга чейин билет даярдап, анан андан ары Сирияга унаа менен алып кирип кетишет экен. Анан аларды алып барып алып мажбурлап кайра Кыргызстанга телефон чалдырат. “Ушундай бул жакта жакшы төлөп атышат, келгиле” деп, анан башка курбу кыздарын да тартып кетишет. Бул маалыматтар негизи айтылбаш керек болчу, бирок биз зарылдыктан улам айтып атабыз. Бирок ушуну козгоп, жер-жерлерде айтып түшүндүрү коюш керек. Ата-энелер кыздарын, балдарын жакшына карасын”,-деди Оштогу диний абалды талкуулаган жыйында.
Буга улай аймакта диний кырдаал оор экени Ош облусундагы кырдаалды талкуулаган жыйында айтылган эле. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк боюнча өкүлү Курбаналы Узаков радикалдык уюмдарды ооздуктоо зарылдыгын белгилеген:
“Ош аймагында Өзбекстан Ислам кыймылы террористтик уюмунун мүчөлөрүнүн жана Хизбут-Тахрир экстремисттик уюм мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жылдан жылга күчөп барат. Бул коомчулукту дүрбөлөңгө салып, тынчызданууга алып келүүдө. Ошого байланыштуу диний коопсуздук камсыз кылууда бир чараларды көрүп, өзгөчө эскертүүчү чараларды өз убагында колдонуу зарылчылыгы келип жетти. Муну үчүн жергиликтүү бийликтер, динаятчылар, айылдык аксакалдар, күч органдары жана аялдар катмары, баары биргеликте айылдык деңгээлде комплекстүү иш-чараларды аткаруубуз зарыл болуп турат”,-деди.
Бирок адистер көп мезгилде диний медреселерде, окуу жайларда баш аламан окутуу жүргүзүлүп жатканын сын айтып келишет. Ош шаардык казыяттын алдында түзүлгөн диний билим берүү борбору эми ошолорду бир иретке салат деген ишенимде турушат байкоочулар.
Ош облусунан Сирияга кетти делген 54 адамдын 10 чактысы аял киши экени болжолдонууда.
Серепчилер эмне дейт?
Аймактагы жаш байкоочу Кайрат Жапаров kloop.kg сайты үчүн аталган маселеде ойлорун ортого салды.
Kloop.kg:
-Мына аялдарга арналган жаңы диний окуу борбору ачылды деп атышат. Ушул эми мусулман аялдарды туура эмес диний агымдарга тартылып кетүүсүнөң алдын алып кала алабы?
Кайрат Жапаров:
-Жок. Анткени диний окуу борборлорунда саналуу эле аялдардын билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. А калган ондогон, жүздөгөн аялдар каякка барып билим алышат. Биздин Кыргызстанда негизи жалаң эркектер диний илим алып эле, анан аялдарга таалим берүү анча жолго коюлбай калган. Ошол себептүү да бул маселе оор болот. Туура эмес диний агымдар аялдарды өздөрүнө тартса, аялдар тезирээк да кирип кетет. Ошол себептүү баардык жерлерде аялдарды окутуу маселелерин колго алуу керек.
Kloop.kg:
-Негизи аялдар да эктремисттик багыттарга тартылып жатат деп, соңку мезгилдерде эле эшите баштадык. Буга не себеп болуп жатат?
-Ооба. Туура. “Хизб-ут-Тахрир”, ИДУ жана ушул сыяктуу бир топ радикалдык уюмдар акыркы мезгилдерде стратегиясын атайын өзгөртүштү. Алардын бирөөсү жаштарды жана аялдарды өздөрүнө көбүрөөк тартуу. Жаштарды катарына кошуп атканы түшүнүктүү. Аялдарды болсо үй-бүлөгө тийгизген таасири көбүрөөк деп тартып атышат. Анткени аялдар негизинен көбүрөөк салтуу түрдө жабык социумда жашашат. Анан аялдардын бири-бирине аялдар аркылуу таасир этүүсү күчтүү жүрөт. Кошумча балдарга да тарбияны көбүрөөк берген аялдар болуп саналат. Ошол себептүү экстремисттик уюмдар аялдарды динге көбүрөөк тартууга аракет кылышууда.
Калктын пикири
Асылкан Койчуманова, Ош шаары:
-Менин билишимче азыр радикалдык, же экстремисттик багыттарга тартылып кеткен аялдар дээрлик жок. Ошого була маселеде анчалык деле кабатыр болуунун кереги жок болсо керек деп ойлойм. Билбейм бирок коомчулукка анча маалыма болбогон кээ бир жайларда эле ар кандай аракеттер көрүлүп жатпаса. Кантсе да ал милициянын иши болот. Ошолор көзөмөлгө алып, аялдардын андай жолдорго берилип кетүүсүн алдын алышы кажет.
Полот Бакиров, Кара-Кулжа району:
-Жаңы ачылып жаткан аялдардын диний окуу борбору колдоого алаарлык саамалык. Мындай жайларды дагы көбөйтүү керек. Мисалы эркектер намазга мечитке бара калып деле, ошол жерде маселе угуп кете беребиз. А аялдар кайсы жактан диний билим алат, же маселе уга алат? Алар деген эртеден кечке үйдө олтурса.
Бекмурза Калилтегин, Ош шаары:
-Башкасын билбейм айылдарда көп эле аялдар үйлөрдө чогулуп алып ар кандай нерселерден дарс угуп атышат. Аларды айылдагы бир мударис делген байбиче келип окутуп кетет. Бирок алар кандай билим алып атат билбейм. Болбосо ошолорду эл ар кандай деп сындап калат.
Сюита Самарбекова, Ноокат:
-Мен өзүм ар дайым ислам жолунда жүрөм. Анан мага диний жактан таалим алуу үчүн көп нерселер жетишсиз болот. Көп мезгилде үйдө болом. Бошоорум менен айылдын башындагы молдонун үйүнө барып, анын аялы менен чогуу чаран куран окуп, баарлашып калабыз. Ар бир райондордо, айылдарда деле ушундай борборлор түзүлсө жаман болмок эмес.
Эрнист Нурматов
Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.
Сүрөттөр автордуку.