Ош: Улут аралык чагымчыл аракеттер күч алууда

 Тартип кызматтары Ошто улуттар аралык чагымга түрткөн күчтөр иштеп жатат деп билдирүү таратты. Кара-Сууда, Араванда анча-мынча өзбек-кыргыз жаштарынын күнүмдүк урушуна да ушундай боек берилип жатканына милиция кабатырланууда. Адистер буга диний эктремисттик топтордун да тиешеси бардыгын болжошууда. Карапайымдар болсо эл мындай чагымдарга алынбайт деген пикирде.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев чагымчыл аракеттер белгисиз топтор тарабынан орун алып жатканына токтолду:

Кылычбек Жолдошев
Кылычбек Жолдошев

“Ош шаарында жана Ош облусунда ар кандай күчтөр эки улуттун кагылышуусун дагы болтуруу максатында ар кандай иш аракеттерди жүргүзүп жатат деген оперативдик маалыматтар бар. Эки элдин ортосунда дагы от жагып, согуштук жагдай түзөбүз деп аткандар булар үчүнчү күчтөр болуп жатат. Бирок ошого карабастан биз тынбай аракеттерди жүргүзүп атабыз. Үчүнчү күчтөрдүн аракеттерине биз жол бербейбиз”,-деди.

Бирок үчүнчү күчтөр ким экенин Жолдошев ачыктаган жок.

“2010-жылы кыргыз-өзбек кагылышуусунан кийин, эки жылга дейре Ош шаарында күнүмдүк эле окуялар, эки улуттун өкүлдөрүнүн айтышып эле кеткен учурлары ошону улуттар аралык жаңжалга айландыруу аракеттери болуп келди. Эки адамдын урушунан эле “кыргыз-өзбек урушуп жатат” деп сөз чыгаргандар болуп келди. Азыркы аракеттер да ошого окшошуп турат. Мындай уруш-талаштар, тиричилик деңгээлиндеги чатактар ага чейин деле, мындан кийин деле болуп турат. Бирок андан бир дүрбөлөң жаратып, ага улут аралык кастыктын боегун берүү эми болбойт”,-деди Кылычбек Жолдошев.

Ошентсе да буга чейин Кара-Суу районунда жана Араван районунда кыргыз-өзбек жаштары урушуп кеткенин милиция өзү ачыкка чыгарды. Бирок анда эч кандай этностор аралык жаңжал болбогонун, күнүмдүк эле чатак экенин айтууда.

Ош шаардык жана Ош областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы

 Сүйүн Өмүрзаков
Сүйүн Өмүрзаков

Сүйүн Өмүрзаков:

“Өткөндө Араванда Чек-Абад айылына 5-6 кыргыз бала келет дагы, бензин куябыз дейби, же башка маселе менен келишеби, ал жердеги өзбек жигиттер менен урушуп кетет. Кийин кыргыз балдар чогула калып булар кыргыздарды уруп атат деп сөз тартатып жиберишкен. Бир атайын күчтөр ушул маселени көтөргүлө деп жатат. Мен тапшырма бердим, бул окуянын баарын эмне чыгып атат, текшергиле дедим. Кечээ жакында Кара-Сууда, Кашкар-Кыштакта дагы уруш болуп атат. Ал жерде дагы өзбек балдар менен кыргыз балдар чатакташып кетишиптир. Азыр бизде, Ош шаарында, Ош облусунда дагы кыргыз-өзбек урушун чыгарат экен деген оперативдик маалыматтар бар. Бирок биз мындай жаман нерселерге жол бербейбиз”,-деди.

Ошол эле кезде байкоочулар улут аралык маселелердин козголушун диний экстремисттик топтор менен да байланыштырууда. Буга чейин аймакта экстремисттик күчтөрдүн да жандана баштаганы айтылып, бул эки топтор ымалалашып кетээри сөз болгон.

Шай. Коопсуздук (17)Кантсе да коомчулук арасында 2010-жылкы окуялардын азаптары дагы деле эстен чыга электиги, анда жабыр тарткандардын капачылыгы азыр деле бар экендиги айтылып келет. Аларды деструктивдүү күчтөр пайдаланып кетсе, кырдаал оң жагына өзгөрбөйт деп кабатырлангандар бар. Бирок карапайымдар калк чагымчыл аракеттерге алдырбайт деген пикирде. Ош шаарынын тургуну Хафиза Махмудова мындай дейт:

“Эл азыр баарын түшүнүп калды. 2010-жылкы окуяны да кимдер чыгарганын, анда карапайым өзбек менен кыргыз урушпай эле, сырттан келген күчтөр чатакташканын калк жакшы билет. Ошол себептүү бул сыяктуу чагымчыл аракеттерге, провокацияларга эч ким азгырылбайт. Эми эки эл ичинде тең анча-мынча түшүнбөгөндөр болбосо эле, калган баары билет. Коогалаңдан, уруш-чатактан эч ким пайда көрбөй турганын, калк зыян гана тартаарын аңдаган эчак эле”.

Күч органдары болсо аймакта кырдаал туруктуу экендигине ишендирүүдө. Ошого карабай милиция улут аралык маселелерди жөнгө салууда аймактагы динаятчыларды, аксакалдарды жана жергиликтүү бийликтерди жардамга чакырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнүүдө.

Изатулла Рахматуллаев
Изатулла Рахматуллаев

Серепчинин пикири

“Мыйзам жана тартип” борборунун жетекчиси Изатулла Рахматуллаев kloop.kg сайты үчүн аталган маселеде ойлорун ортого салды.

Kloop.kg:

-Учурда улут аралык чагымчыл аракеттер күч алып атканын күч органдары айтып чыкты. Сиздин байкооңузда калк арасында чыныгы маанай кандай?

Изатулла Рахматуллаев:

-Жашообузду ачык карасак, өткөн калабада окуяга катышпаган, андан жабыр тарпагандар чогуу чай ичет, чайханаларда аш жешет, автобустарда бири-бирине жай бошотуп беришт, баары жайында эле. Бирок коогалаңда жабыр тарткандар, туугандары өлүп, үйлөрү өрттөлгөндөр, анын ичинде кыргыз да, өзбек да, ошолордун көкүрөгүндөгү таарынычы, жек көрүү сезими али да сууй элек. Жанагындай топтор ошолорду пайдаланып кетүү коркунучу бар. Ошол себептүү мамлекетби, же бейөкмөт уюмдарбы азапты унута элек калкка, массалык түрдө психологиялык реабилитация жасап, жардам колун сунушу кажет. Ошондо баары унутулат, жай турмуш ордуна келет.

Kloop.kg:

-Бийликтер чагымчыл аракеттерди үчүнчү күчтөр уюштуруп жатат деп атат. Ал күчтөр кимдер болушу мүмкүн?

Изатулла Рахматуллаев:

-Үчүнчү күчтөр сыртта деп ар дайым айтып келишет. Бирок менин пикиримде алар ушу өзүбүздүн эле арабызда. Алардын атын атасам капа болуп калышат. Бирок алардын улуту кыргыз да эмес, өзбек да эмес. Алар кыргызды өзбекке жамандап, өзбекти кыргызга жамандап, кайрап эле жүрөт. Анан ошондон биз оолак болушубуз шарт. Анан дагы эң башкысы мына эки элдин тең жаштардын аң сезимин өзгөртүү зарыл. Мына ошону оңдоо үчүнчү күчтөр менен күрөшүүдөн да маанилүү нерсе.

 Калктын пикири

 Адил Сарыбаев, Кара-Суу району:

-Менимче улуттар аралык кастык деп бу саясий эле маселелерден келип чыгып аткан нерсе болсо керек. Болбосо элдин ичинде эч кандай деле имиш, кептер жок да. Билбейм мага ошондой туюлат. Эч кайсы жерден өзбек кыргыз, айтышып кеткенин, урушуп атканын уккан жокмун мен.

 Сохиба Сардолова, Ош шаары:

-Жалпы, массалык түрдө уруш-талаш жок. Бирок кээ бир жаштарда бири-бирине акаарат келтирип, чатакташа кеткен жагдайлар күн санап эле болуп турат. Бирок аларды мындай бир улут аралык кагылышууга мүнөздөп айтууга такыр болбойт.

 Жамшит Саматов, Кара-Кулжа району:

-Канткен күндө да калк дүрбөлөңгө, паникага алдырбайт. Кыргыз өзбек илгертен мусулман эл. Динде да улут бөлүп жаруу болбойт. Ошон үчүн жаштар аз-маз акылына келип, башка жлдерди да урматтоого үйрөнүш керек.

 Назаргүл Саадабаева, Ош шаары:

-Мындан 4 жыл мурунку коогалаңдан азыр анча-мынча күйгөн жерлер эле калбаса, башка изи деле калбай калды. Эл баарын унутту. Эми мындай жаман окуялар эч качан кайталанбайт деп ишенем. Анткени өзбек эли да, кыргыз жлди да ошондогу жаман окуялардан сабак алды. Кайталанууга жол бербейт.

 Эрнист Нурматов

 Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр автордуку.