Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан №11-жатакананын жашоочулары алардын короосуна базар курулуп кеткенине нааразы. Жатакана тургундарынын пикиринде базарга айланган жер аянтынын ордуна балдар аянтчасы курулушу керек эле. Бийликтер болсо бул маселе кылдат иликтенип, андан кийин гана бир жактуу чечим кабыл алынышы мүмкүндүгүн айтууда.
Башында №13-кулинардык окуу жайдын студенттери үчүн курулган жатакана 1990-жылдардан кийин үй-бүлөлүк жатаканага айланган. Учурда ал жатаканада 100 кожолук жашайт. Бирок андагы тургундар жатаканадан бирден бөлмөгө ээ болуп кала беришкен. Ал эми жатаканын короосу кокусунан сатылып, ал жерге базар курулуп кеткен.
Жатакана тургундарынын айтымында базардан ары өтө албай калган суулар жер төлөөсүн каптап, тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтарынын эркин кирип чыгышына базардагы быкы-чыкы соода түйүндөрү тоскоолдук жаратып келет. Жашоочулардын кир жайып, эс алып жүргөн жер аянты кандайча базарга айланып кеткени тууралуу жатакана башчысы Алтынбүбү Шабданова буларды айтууда:
“Алгач контейнерлерин жүктөп келишкенде койдурбай таш-кесектеп кууп да көргөнбүз. Кийин алар түнү эл кызуу уйкуда жаткан мезгилде алып келип коюшкандан кийин, айлабыз жок базар болуп калган. Себеби аны жылаңач кол менен көтөрө албайт экенсин. Бул жерде мурунку мэрлер Исаковдун, Чырмашевдин, Сатыбалдыевдин тушунда коюлган контейнерлер бар”,-дейт ал.
Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан №11-жатакананын алдындагы жер аянтына курулган базарга 3 адам ээлик кылат. Базар ээлеринин бири делген Жусуп Мурза-Абдуллаев учурда Ош шаардык муниципалдык башкармалыктын алдындагы мыйзамсыз курулуштарды алуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт экен. Ал азыркы тапта талаштуу базарга ээлик кылбай калганын айтты.
Жусуп Мурза-Абдуллаев учурунда ал базар тиешелүү мамлекеттик мекемелердин уруксатынын негизинде курулганын айтууда:
“2005-жылы бул жерлер аукционго коюлуп, андан сатылып алынган. Мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан териштирип, анан мамлекеттик АКТын берген. Булар чарчаганда эле адвокат жалдап чыгышып, ошол жердеги базаркомдордон тыйын алып үйрөнүп алышыптыр”,-дейт базардын мурунку ээси Жусуп Мурза-Абдуллаев.
Бир нече жылдан бери соттон сотко өтүп, бир тарапка чечилбей жаткан базардын чуусунан Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алимбай Кадыровдун кабары жок экен. Бирок ал талашка түшкөн жер аянтынын тагдыры мыйзам чегинде чечилиши керек деген пикирде. Алимбай Кадыров, талашка чекит коюу үчүн базардын да, жатакананын да архивдик документтерин көтөрүү керек дейт.
“ПЗУ деген бар. Ал ошол жатакананын жашоочуларынын суранычы менен архитектурадан аныкталып, бизден катталат. Атайын токтомдор алынат, анан мамлекеттик каттоо кызматынын каттоосунан өтөт. Андай жерлерди эч ким тартып ала албайт. Эгерде жатакананын ПЗУсу аныкталган эмес болсо жатакана алдындагы жерге муниципалдык менчик башкармалыгы ээлик кылат. Ал жерди кимге берет, кандай пайдаланат, анын баарын муниципалдык менчик башкармалыгы чечет. Мыйзам ушундай”,
-деди, Кадыров
Буга Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Азизбек Шаев Кара-Суу көчөсүндөгү №11 жатакананын тургундары талаштуу жер аянтынын документтерин сурап аларга расмий кайрыла электигин айтты.
Ошол эле учурда №11-жатаканынын жашоочуларынын адвокаты Салихан Биримкулова жер талашка тиешеси бар мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү буга чейинки соттук отурумдарга келбей жатканын, керектүү документтер менен тааныштырбай жатканын билдирди:
“Биз азыр ошол жатаканага тиешелүү жер кайсыл? Анын чеги кай жерден башталып, кай жерден бүтөт? Жатаканага тиешелүү жердин канчасы базарга айланып кеткен?- деген суроолорду соттук отурумга чейин аныктайлы деген аракетибизден майнап чыккан жок. Бири-бирине шылтап тура беришти. Азыр эми ошол маалыматтарды алуу үчүн сотко өтүнүч келтирдик” –деди адвокат С.Биримкулова.
Бир канча жылдан бери талашына чекит коюлбай жаткан жердин аянты 34 сотыхты түзөт. Базардын баштагы ээлери аны сатып жибергенин айтышып, талаштан четке чыга беришүүдө. Балдар аянты жок калган жатакана жашоочулары базардын ызы-чуусу менен кошо күн кечирип келишет.
Серепчинин пикири
Жаш юрист, байкоочу Расул Маматов kloop.kg сайты үчүн аталган маселеде ойлорун ортого салды.
Kloop.kg:
-Айтсаңыз, бул чатак кайсы багытта чечилиши керек?
Расул Маматов:
-Бул жерде эки тараптын тең карманган жүйөлөрү акылга сыя тургандай болуп турат. Базар жетекчилиг оо баягы приватизация күчөп турган мезгилде жерди менчиктештирип, анан мамлекеттик актыларды алып алган. А үйдүн жашоочулары болсо балдарына оюн аянтчасын издеп атышат жана алардын да өз талаптары бар. Буга эми сот чекит коет деп юристтик өз караш менен гана айта алабыз. Болбосо шаар бийлиги саясий чечим кабыл алып, базарды жылдыруу буйругун кабыл алса, балким чечилип калгысы бардыр. Базардын ээсине башка жерден жер беребиз деп убада кылып, бир ымалага келсе болот.
Kloop.kg:
-Негизи бул жер шаарда жалгыз эмес деп атышат? Ошол чынбы?
Расул Маматов:
-Ооба. Ош шаары боюнча 600дөн ашык көп кабаттуу үйлөр болсо, алардын бир 60-70дейи үй-бүлөлүк жатаканалар. Анан ошолордун арасында үйлөрүнүн алдына, же арт жагындагы бош жерлерге ээ боло албай калган жашоочулар бар. Анткени ал жерлерди тың чыкма бирөөлөр, же ошол жердеги жашоочулардын бири менчиктештирип алган. Азыр деген илгеркидей болуп жалпы колдонуу үчүн берем деген киши жок да. Ошол себептүү азыр шаарда да бут коерго жер калбай баратат.
Калктын пикири
Бейшен Назаров, Ош шаары:
-Шаар дегенден кийин, көп кабаттуу үйлөр дегенден кийин ал баардык шарттары менен болушу керек. Башкача айткан суусу, жарыгы, газы, машине коюучу жайы, анан албетте балдар ойной турган жайы. А бизде болсо баардык жерде андай шарттар түзүлгөн эмес. Бир эле бул жатакана эмес, Ош шаарындагы 30-40 үй-бүлөлүк жатаканалардын баары ушундай абалда.
Абдималик Курманбаев, 11-жатакананын жашоочусу:
-Ушул базардын ээси ушу биз жашаган жатаканада жашаганда балким биздин акыбалыбызды сезмек. Баягы байлар жакырларды көрбөйт дегендей эле кеп болуп атат. Алар өздөрү бир базарга ээлик кылат, жашоосу жыргал. Анан албетте бизге эч көңүл бурбайт да.
Зыйнат Жаркынбаева, 11-жатакананын жашоочусу:
-Ушул жердеги контейнерлер, базарлар чынын айтканда бизди абдан эле кыйнайт. Баарын алып эле, балдар аянтчасын куруп берсе бийликтер чоң иш кылган болот эле. Буга чейин кайрылбаган жерибиз калбады. Мындай да, бир эле биздин жатакана эмес, бүт эле үйлөрдүн алдына ушундай балдар аянтчасын кура турган жерлерди да калтырыш керек да.
Адина Салиева, соода жайлардын ээси:
-Мен бул жердеги контейнеримди өзүмдүн маңдай терим менен тапкан акчама сатып алгам. Бул жер илгери кайсы бир ишканага тиешелүү болгонун, же азыр кайсы бир жатакананы алды болгону менен менин кандай ишим бар. Менчик укугу деген нерсе бар, биз дагы ушу жердин ээси катары өзүбүздүн укугубузду талашуудан кайтпайбыз жана базарды эч качан бербейбиз.
Эрнист Нурматов
Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.
Сүрөттөр автордуку.