Аксы: 9-класстан кийин балдар окубай коюшууда

Аксыда окуучулар 9-классты бүтүп эле мектептен кетип калышууда. 9-класста 2-3 класс болсо, 10-11ге келгенде балдардын саны бир класска араң жетүүдө. Бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары кесиптик техникалык лицейлерге тапшырса, айрымдары медреселерге кирүүдө. Айрым балдар болсо сабактарын биротоло таштап коюшууда. Ата-энелер балдарын эртерээк жетилсин деген максатта ушундай кылса, мугалимдер балдар толук билим албай калып атат деп кабатырланышууда.

 9-классты жаңыдан аяктап жаткан Адилет дагы эки жыл мектепте убара болууну каалаган жок. “Андан көрө шаарга эртерээк жакындап, эртерээк кесипти үйрөнө бергеним жакшы” дейт ал:Окуучулар (4)

 “Мен быйыл 9-классты бүтүп, кудай буюрса Ош шаарына барып финансы жана юридика колледжине тапшырайын деген ниетим бар. 10-11-класста була жакта бекер эле жүргөндөн көрө, ал жакта кыйла нерселерди үйрөнүп алам. Анан эки жыл окугандан кийин жогорку окуу жайына да тапшырып кетем. Ошондо өзүмдүн классташтарыма караганда ЖОЖду 2 жыл эрте бүтөт экем. Андан башка 3 жыл келишим акыны арзан төлөйт экем. 2-3 жагынан мага пайдалуу болуп атат”,-деди.

 Ал эми башка бир бүтүрүүчү Айнуска Кадыркулова ага окшоп окууга тапшыргысы келген классташтары да көп экендигин айтат:

“Мен өзүм тикмечиликке окуганы жатам. Буюрса Жалал-Абад шаарына кетем. Мен эле эмес, менин классымда быйыл окууга тапшырып кетебиз дегендер толтура. Көпчүлүгү окуйбуз деп кетип атышат. Ал эми айрымдары айылда калышат. Алар бул жакта дыйканчылык кылышат, же мал карашат. Анан эми 10-11ди деле толук окуп бүтүрөбүз дегендер деле бар. Бирок көпчүлүк баары бир бүтүрүүчү класттарды окубайт го”.Окуучулар

Балдардын мындай ойлорун ата-энелер да колдоого алышууда. Аксынын тургуну Курманбек Ташибеков да кызын борбор жакка эртерээк жөнөтүүнү максат кылып жаткан экен:

“Бул жакта 2 жыл салпактап жүргүчөңдү шаарга барып балдар такшалып калышат экен. Достору мурдун тарта албай жатканда алар шаар көрүп, элге аралашып, ар нерсени билип калышат. Ал эми кийинкилигине жакшы болот. Азыр ата-энелердин көпчүлүгү ушундай кылып атышат. Мына мен өзүм деле кызымды медокуу жайга бергени жатам. Менин билишимче, ата-энелердин 50% 9-класстан эле балдарын кетиребиз дешүүдө”,-дейт Курманбек мырза.

Мындай тенденция тоолуу айылдардын дээрлик баарында көбөйүүдө дешет адистер. Аксыдагы ар бир кыштакта 10-11-класстын окуучуларын сейрек кездештирүүгө болот.

 

Рустем Калбеков
Рустем Калбеков

Ак-Төбө айылындагы “Надыр Мамбетов” атындагы мектептин мугалими Рустем Калбеков:

“Акыркы эки жылда ушул нерсе катуу кетип жатат. Бизден бүткөндөр көбү колледжерге, анан айрымдары Орусия, Казакстанга кетишти үй шартына байланыштуу. Биз булардын баарын эсепке алып турабыз. Анан сабакка келбей койгондорду иш таптыбы, же колоктоп бош жүрөбү, баарын эсепке алып турабыз. 9-класста 90 окуучу болсо, а 10-11де экиден эле класс калат. Кырдаал ушундан эле толук көрүнүп турат. Анткени мурда ар бир класста үчтөн класс бар болчу, “а”, “б”, “в”  деген, а бүтүрүү класста экөө эле. Бирөөндө 15 окуучу, бирөөндө 20 окуучу. Эми кандай кылмак элек, элге, ата-энелерге бир нерсе дей албайт экенсиң. 11-класска чейин милдеттүү деп жазылбагандан кийин алардын ар бирин кармай албайсың. Биздин мектепте ошентип азыр 700 окуучу бар”,-дейт.

Райондун дээрлик көп эле мектептеринде абал так ушундай. Айрымдары гана айылда окубай калганы болбосо, балдардын көпчүлүгү калаа жакты көздөй агылышат. Мындагы 9-классты бүтүрүүчүлөр негизинен диний багытка көбүрөөк кызыгып атышкан экен.

Аксы райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Анаркул Шырдаков:

Анаркул Шырдаков
Анаркул Шырдаков

“Кыргызстандын мыйзамына ылайык 9-класска чейин гана милдеттүү деп саналат. Ошол себептү биз 10-класттын окуучуларын ыктыярдуу түрдө, ата-энелердин каалоолору менен кабыл алабыз. Бирок көп мезгилде биз эптеп окуп турсуңчу, бекер жүргөндөн көрө деп балдардын көбүн эле кабыл алып алабыз. Эми ошого кезек жеттиби деп атабыз, бул эки класска жалаң жөндөмдүү балдарды тандап алып, кесиптик жана илимий багытка бөлүштүрүп, анан ошолорду гана окутсак деген. Анткени колунна эч нерсе келбеген балдарды жөнү жок эки жыл кармап, анан мугалимдерге айлык төлөгөндүн пайдасы жок болуп турат”,-деди.

Аксыда жалпы 60тай мектеп бар. Анда 2300 мугалим иштейт. Район боюнча 25 миңдей окуучу бар.

Серепчинин пикири

Жаш педагог, серепчи Мелис Музулманов kloop.kg сайты үчүн аталган маселеде ойлорун ортого салды.

Окуучулар (6)Kloop.kg:

-Бүтүрүүчү класстарда окуучулар мектепти таштап коюп кетип калып аткан эмне себептен болуп жатат?

Мелис Музулманов:

-Жылдан-жылга кыштактарда бүтүрүүчү класстардын окуучулары азайып баратканынын себеби андагы билим берүү сапатынын начардыгы менен байланыштуу. Бул тенденция балдардын эрте жетилүүгө болгон аракети катары да бааланып жүргөн учурлар бар. Кээлери 10-11-классты окубай калган балдардын сабаты начар болуп калып жатканын айтышат. Кантсе да мыйзам боюнча милдеттүү билим берүү 9-класска чейин гана. Ошого да бул процесс эми көбөйгөндөн көбөйө берет. Аягы барып баары бир 10-11-классты жоюуга алып келет.

Kloop.kg:Окуучулар (3)

-Бул тенденцияны ушунчалык эле көйгөйлүү деп билсек болобу?

Мелис Музулманов:

-Бул эми кайсы бир жактан алганда проблема. Бекер убаракерчиликтин алдын алуу үчүн мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алынышы керек. Мугалимдерди да бекер кыйнабай, балдарды да, ата-энелерди да алдабай бир чечимге келүү керек.

Калктын пикири

 Саит Турдубаев, Аксы районунун тургуну:

-11-класска чейин мамлекет милдеттүү түрдө билим бербейт. Ал тогузунчу класска чейин эле. Анан андан кийин балдар каалаган жагына кете беришет. Менимче бул маселени көйгөй кылыштын кажети жок. Ар бир баланын укугу бар, алар каалаганын кылууга акылуу.

 Эдилбек Ташибеков, Аксы районунун тургуну:

-Менин билишимче 9-классты бүткөндөр көп мезгилде окубай коюшат. Айылда көчө таптап эле, бир бекерпоз болуп чыга келишүүдө. Кыздар мектепти таштап койсо андан бетер, жаман жолдорго түшкөндөр да ошолордон чыгууда. Бели ката электе эле кыздарды да, балдарды да Орусияга айдап жиберишип, анан ал жакта ар кандай жаман окуяларга аралашып, бири ичкич, бири көчөдө калган сойку болуп чыгып атат. Ошол себептүү балдардын баарын жок дегенде 11-класска чейин мындай бир мектептин тарбиясы менен кармоо зарыл болуп турат.

 Аниса Жамалдинова, Жалал-Абад облусунун тургуну:

-Мына ушул статистика 10-11-классты биротоло жоюп салуу муктаждыгын пайда кылууда. Кыргызстан боюнча мектеп сиситемасына реформа жасап туруп, баардык окуучуларды эле 9-класстан бүтүрүп жибериш керек. Биринчиден мамлекет берип аткан акчадан 2 жылдык сумма сарамжал болуп атат, экинчиден, балдар мектепти, андан ары окуу жайды да эртерээк бүтүп, турмушка эрте бышат. Болбосо карап көрсөңөр, 11 жыл мектепте, кийин 5 жыл ЖОЖдо окуп атып эле ал, жашоосунун жарымын өткөрүп жиберип атпайбы.

 Айгерим Сайдилда кызы, Ош шаарынын жашоочусу:

-Негизи азыр ар бир айылда ушундай болуп калды. Бир эле Аксыда эмес, азыр Ош облусунун көп мектептеринде мугалимдер эптеп эле отчет эазып жүрүшөт. А окуучулар болсо 10-11-класста таптакры калбай калган. Муну менен кимди алдап атышат билбейм. Балдар бүтүрүүчү класска баргандан кийин эртерээк мектепти бүткүсү келип калат экен да. Ошого аларды кармап олтуруштун зарылдыгы жок деп ойлойм.

 Эрнист Нурматов

Макала “Кабар-Ордо” долбоорунун алкагында жарыяланды.

Сүрөттөр автордуку.