Билим фестивалынын экинчи күнүнөн видеосюжеттер

Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду илим менен техникага арналган II билим фестивалын өткөрүүдө.

Фестивалдын экинчи күнү Бишкектин борборундагы Эски аянтта өттү.

Kloop.kgнин журналисттери бир күн бою кыска видеосюжеттерди тартып, реалдуу убакыт режиминде сайтка жайгаштырып жатышты.

1-сюжет: «Ата, апа, мен — техникалык үй-бүлө» аттуу сынак. Мында тогуз үй-бүлө материалдардын бирдей топтомунан шаардын келечектеги үлгүсүн жасашат. Сынактын жеңүүчүлөрү байгелерге ээ болушат да, алардын эмгеги көргөзмөлөргө коюлат:

2-сюжет: «Гвардия» клубу тарыхый фехтование жана тарыхый нерселерди кайрадан келбеттөө менен алектенип жатат. Клубдун жетекчиси Николай Потрясов орто кылымдагы курал-жарактар тууралуу айтып гана бербестен, кылыч менен ойноонун бир нече ыкмасын көрсөттү:

3-сюжет: Республикалык экология, чөлкөм таануу жана туризм борбору ар түрдүү оюндарды өткөрүп жатат — анда негизинен балдар түрдүү тоскоолдуктарды жеңип өтүшөт:

Оюндун жүрүшүндөгү эң оор тапшырма:

4-сюжет: Аркан тартыш:

Авторлор: Мираида Жапарова, Ринат Тухватшин, Нурмухаммед Атамбаев жана Нуржамал Жаныбекова.