Видео: Кубалык гитарист Бишкекте

Kloop.kgнин кабарчысы кубалык музыкант Османи Идальгонун Бишкектеги кофе ичүүчү жайлардын бириндеги камералык кечесинде болуп кайтты.

Музыкант Бишкекте жүргөн кезинде жергиликтүү музыканттар менен биргеликте «Фанданго» аталышындагы топ түзүп, бир канча концерт берүүгө жетишкен.

8-май күнү кечинде ал «Coffee» кофе ичүүчү жайларынын тармагынын биринде камералык кече уюштуруп, ырдады.

Османи Идальго Кыргызстанга кокусунан келип калган — аны бул жакта жашаган достору чакырышкан.

Аткаруучунун өзү Кубанын борбору Гаванада жашайт. Ал жеке репертуарындагы ырларды аткаруу менен бирге гитарада жана барабандарда ойнойт.