Эмгек министри Алымкулов “кытай экспансиясына” каршы акцияны жагымсыз деп атады

Аталган министрликтин башчысы “кытай экспансиясына” каршы акциянын катышуучуларынын сынын негизсиз деп атады - анын айтымында эмгек мигранттары үчүн бош орундарын кыскартуу менен министрлик ансыз деле алектенүүдө.

Миграциялык саясатты иштеп чыгуу менен алектенген министрликтин башчысы Алымкулов Kloop.kgге берген маегинде, анын мекемесине карата айтылган сындарды негизсиз, ал эми акцияны “жагымсыз” деп атады.

“Биздин жумушубуздун натыйжаларын жактырбаган кишилер мындай акцияларды уюштуруп жатат деген ой келип жатат [...] Эгерде акцияга он адам чыккан болсо, бул биздин бардык элдин пикирин чагылдырат дегендикке жатпайт”, - деди министрликтин башчысы.

“Кытай экспансиясына” каршы акциянын катышуучулары Кытайдан келген мигранттардын агымына нааразы болуп бүгүн 26-июнда пикетке чыгышты. Алардын айтымында кытай мигранттары ар кайсы тармактарда кыргызстандыктардын жумуш орундарын ээлеп алууда.

Алымкулов кошумчалагандай, учурдагы миграциялык саясат чет өлкөлүк мигранттарга жумуш орундарын азайтып, кыргызстандыктарга квота берүүгө багытталган.

“Биз акырындап [квоталарды] кыскартып жатабыз. 25 жылдан бери бышып жетилген маселелерди мен бир жылда чече албайм. Бирок биз ошого карай баратабыз. Мен сыйкырчы эмесмин. Биз башка өлкөлөрдүн жарандарын жөн эле депортация кыла албайбыз, анын ордуна өзүбүздүн жарандарга иштөөнү сунуштайбыз”, - деп кошумчалады ал.

Жогорку даражадагы чиновниктин айтымында, эмгек министрлиги 2012-жылдан бери тышкы миграция менен алектенбейт - бул тышкы иштер министрлигинин жоопкерчилигине кирет. Бирок анын мекемеси миграциялык саясатты иштеп чыккандыгы үчүн бардык сын пикирлер аларга келип жатат.

“Биз азыр мындай шарттарды коюп жатабыз: кандай гана ишкер келбесин, ал биздин жарандарды жумушка алышы керек болот. Эгерде өлкөдө керектүү болгон адистер жок болсо, ошондо гана ал өз өлкөсүнүн жарандарын чакыра алат”, - деп билдирди эмгек министри.