Бишкек бийлиги алкоголдук ичимдиктерди кечинде сатууга тыюу салууну сунуштоодо

Алкоголдук ичимдиктердин 22:00дөн кийин сатылуусуна киргизиле турган тыюу кичинекей эле дүкөндөргө эмес, ири соода тармагы болгон “Народныйга” да өз таасирин тийгизиши мүмкүн, деди пикирдин автору Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко.

Депутат Kloop.kgге берген маегинде, мындай тыюу жашы жете электердин арасында кылмыштардын санын азайтуу үчүн керек деди - анын айтымында, коркунуч алкоголь сатып алууда паспорт сурабаган кичинекей дүкөндөрдөн келип чыгууда.

“Эң чоң коркунуч стаканы менен жана аз көлөмдөгү бөтөлкөлөрдү саткан кичинекей дүкөндөрдөн жана күркөлөрдөн келип жатат. Мындай дүкөнчөлөр алкоголдук ичимдиктерди сатуу үчүн патенткен болжол менен 300 сом төлөшөт. Шаардын бюджети мындан олуттуу зыянга учурабайт”, - деди Лисниченко.

Тыюунун 22.00дөн эрте мененки 9.00гө чейин улануусу күтүлүүдө.

Депутаттын айтымында, санкция ири супермаркеттерге тийиштүү эмес, анткени аларда спирттик ичимдиктерди сатып алууда паспорт суралат - Административдик тартип бузуу кодексине ылайык, жашы жете электерге алкоголь саткандар жазапул төлөшөт.

Видео: Бишкекте жашы жете элек балдарга алкоголдук ичимдикти кантип сатышат

Ошону менен бирге эле депутат, тыюу чаралары Советтик союз аймагында 80-жылдарда болгондой алкоголдук ичимдиктердин мыйзамсыз сатылышын пайда кылышы мүмкүн деп кооптонот.

“Силер түшүнүп тургандай, ар бир маселенин эки тарабы бар. Бизнес да зыянга учурабашы үчүн жана жашы жете электерди да сактап калыш үчүн биз орто жолду табууну каалайбыз”, - деди Лисниченко.

Анын айтымында, салына турган тыюу учурда мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы талкуу баскычында.

Тыюунун киргизилишине Бишкек милициясынын мэр Кубанычбек Кулматовго 2014-жылдын май айындагы сунушу түрткү берген. Анда милиция алкоголдук ичимдиктердин 22:00дөн кийин сатылуусуна тыюу салуу сунушу менен кайрылган.

Милиция бул санкциянын киргизилишин мас абалында жасалган тартип бузуулардын өсүшү менен түшүндүргөн - алардын маалыматын ылайык, бишкектиктердин спирттик ичимдиктерди колдонуусу 2010-жылга салыштырмалуу төрт эсеге жогорулаган.