Боюнун узундугу 236 см болгон кыргызстандык Жеңишбек Райымбаев "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында дарылаууга жөнөп жатат. Эң узун бойлуу кыргызстандыктын акча үчүн сүрөткө түшүп жаткан видеосу жарыялангандан кийин ага коомчулуктун көңүлү бурула баштаган.
Пансионатка алынган жолдомонун демөөрчүсү социалдык өнүгүү министрлиги болгон - мамлекеттик мекеме Kloop.kgнин кабарчысы Гүлжан Турдубаева, Райымбаев Бишкектеги Ош базарында акча үчүн сүрөткө түшүп жатканын видеого тартып алгандан кийин, эң узун кыргызстандыктын дарылануусуна кылдат көңүл бура баштаган.
Интернет колдонуучулар тарабынан бул видео көптөгөн пикирлердин агымын пайда кылган - алардын көпчүлүгү мамлекеттен алп кишиге кам көрүүсүн талап кылышкан.
Видео жарыялангандан кийин өнүгүү министрлиги Райымбаевди өзүнүн реабилитациялык борборуна жайгаштырган жана ал дарылануу курсунан өткөн.
Дарыгерлер эки жыл мурда алп кишиден кант диабетин жана денесинен фрункулдарды аныкташкан. Анын жүзүндө жана башында айыгып кетүүчү шишиктери бар.
Видео: Райымбаев дарыланууда:
Райымбаев өзү «Комсомольская правда» гезитине берген маегинде, дарылануу үчүн акча жетишсиздигинен улам сүрөткө түшүүгө аргасыз экендигин айткан.
"Бир сүрөткө түшүү 100 сом турган, иштеп тапкан акчанын көпчүлүк бөлүгүн сүрөтчү жана коштоп жүргөндөр алган. А менин күнүмдүк тапкан кирешем беш жүз сомдон миң сомго чейин болучу. Кийин мага ооруканага жатууну сунушташты, мен керек болгон дарылануу курсунан өтүү үчүн ага макул болдум", - деген ал.
Райымбаевдин тагдыры Орусиядагы кыргыз мигранттарынын да көңүлүн өзүнө бурган. Алар коомдук тармактар аркылуу 20 миң сомдон ашык каражат чогултуп, анын дарылануусуна беришкен.
Акча каражаты Чүй облусунун Ленин районундагы Нооруз майрамын белгилөө учурунда ага тапшырылган.
Видео: мигранттардын кайрымдуулук акциясы:
"Орусиянын ар кайсы шаарларынан көптөгөн мигранттар кайрылышты - Новосибирсктен, Иркутсктан, Москвадан. Студенттер жана башкалар канча бере алса, 200-300 рублдан, жиберип жатышты", - деди кайрымдуулук акциясын уюштургандардын бири Максат Турсунбек уулу.
2010-жылы Райымбаев өнүгүү министрлигинен колдоо алган, бирок бийликтеги бир нече алмашуулардан кийин ал тууралуу унутуп калышкан. Алп киши болсо базарда сүрөткө түшүп акча табууга аргасыз калган.