«Муну тигил жакка алып бар!» – дейт кампанын жумушчусу. Карала болгон өспүрүм капты жонуна эпсиз артып, тепкич аркылуу этияттап түшө баштайт. Каптын сыртанды: «Ун. 50 кг», деп жазылган.
Макала Борборазиялык заманбап журналистика мектебинин алкагында жарыяланды. Авторлору: Бактынур Абдиева жана Фируз Умарзода.
Бака-шака болгон Ош базары. Айтылгандай кырк беш эмес, элүү градус ысык. Майланышкан асфальт чаң менен жемиштердин жытын сиңирип алган. Ун кампасынын алдында күнгө күйгөн, кир кийимчен үч бала отурат. Улуурагы келип ун салынган каптарды түшүрүп, алардын үстүнө батутка секиргендей секирип баштады.
– А бул убал болбойбу?
– Анан эмне кылабыз? – деп жооп берет бала каардана. – Буларды жалпак формага келтирүү керек. Көрдүңөрбү, тигил жакка бийик кылып, жыйырма беш мүшөктөн жыйылып жатат. Эгер кимдир бирөөнүн башына кулап кетсе биз жооп беребиз да.
Ал арка сөөктөрүнө, белине зыян экенин түшүнсө да элүү килограммдык каптарды көтөрүп, ыргытуусун улантууда. Бирок Мирсултан (бул жакта аны «Миша» деп чакырышат) келечегине өтө алыс карабайт:
- Карыганга чейин жашаарыбызды Кудай билет. Мүмкүн мен отуз жашымда эле өлүп калам? Бирок мен «Акундун» маңдайында жыйырма жашынан бери иштеп келе жаткан бир киши менен таанышмын. Азыр ал кырк беште – Кудайга шүгүр, аман-эсен, ден соолугу жакшы! Мен сыяктуу эле бир көтөргөндө үч каптан көтөрөт.
Өкмөт тарабынан аялдар менен балдар үчүн бир смендин ичинде көтөрө турган жүктөрдүн жалпыланган массасынын нормалары белгиленген. 14 жаштагы өспүрүмдөр үчүн норма 400 килограммдан ашпашы керек, 17 жаштагылар болсо 1500 килограммдан ашык көтөрө алышпайт.
«Акыркы расмий маалыматтар боюнча, балдар эмгегинин өтө начар формалары менен алектенген 100гө чукул бала аныкталган. Бул Бишкектин ичинде гана, – дейт Кыргызстандын акыйкатчы аппаратынын балдар менен жаштардын укуктары боюнча бөлүм башчы Ниязбек Дүйшөнов. – Бирок бул туура эмес статистика, ишенүү кыйын. Мен республикада 500-600 миң өспүрүмдүн, тактап айтканда, 2 миллион баланын ичинен 30 пайызы балдар эмгегине, болгондо да анын эң оор формаларына тартылган деген маалыматтарга көбүрөөк ыктайм».
Окуу үчүн иштөө
Он үч жаштагы уялчаак Нургазы унчукпай иштеп жатат. Биз берген суроолорго анын ордуна ун сатуучу Жаныш жооп берүүдө: «Ал уюлдук телефонго акча чогултуп атат, а качан көп акча чогултканында “Тойота Лэндкрузер” сатып алат, ээ?». Нургазы уялыңкы жылмайып, башын ийкейт. Ал жайкы эс алуу учурунда акча таап алуу үчүн туугандарыныкына келген. Туугандары барак тибиндеги үйдүн жарымын ижарага алып жашашат. Даараткана бар, чайынма (душ) жок. Жуунуу үчүн 30 сом төлөп коңшу көчөгө барууга туура келет.
Ошол эле жакта иштеген Аджо деген бала мектепти аяктагандан кийин юридикалык тармакка тапшырууга ниеттенип жатат. Азыр ал жаңы кийим, тамак-аш жана уюлдук телефон алуу үчүн кошумча иштеп акча табуу менен алек.
– Сиздин оюңузча алар он жылдан кийин ким болушат? – деп сурадык Жаныш деген сатуучудан.
– Бизнесмен болушат. Анткени кантип сатуу керектигин азыртадан эле билишет. Мен жокто алар бул жакка туруп унумду сатышат. Онунчу классты бүткөндөн кийин мүмкүн ири бизнесмен болушат. Ленин: «Ким иштесе, ошол тиштейт» деп айткан да. Бир четинен жакшы, а экинчи жагынан жаман. Алар окушу керек да, туурабы? Иштебей, окуулары керек. Мисалы, мен мектепте он жыл окугам, иштеген эмесмин. Окуп, студент болгом. Армияда кызмат өтөгөм.
– А сиздин балдарыңыз 18ге чыкканга чейин иштешти беле?
– Жок. Азыр менен кызым иштейт, ал бойго жеткен, уулум төртүнчү курста окуйт, дагы бир уулум бар, ал мектеп окуучусу. Ал иштебейт. Кээде гана келип мага жардам берет. Каптарды тигет.
Жумуш — эркиндик катары
Ата-энесинен ажырагандан кийин Миша мектеп-интернатында беш жылдай жашаган. Ал жактан карындашы менен бирге төрт жыл мурун качып кеткен. Андан соң таенесиникинде жашаган экинчи карындашын да өзүнө алып алган. Туугандары жардам беришпейт.
– Алар апам тирүү кезинде деле жардам беришчү эмес, а ал каза болгондон кийин белгилүү да. Кудайга шүгүр, жумуш таап, өз алдымча бутка турдум. Бир жылга чукул борбордо бош жүрдүм, официант болуп орноштум, анан бул жакка, базарга келдим. Рома байке мага дароо эле жумуш берди, ага чоң рахмат.
Балдар үйүндөгү үрөй учурган нерселерден кийин Миша үчүн учурдагы жашоосу укмуштуудай эркиндиктей сезилет.
– Ал жакта баары тең балдарды кемсинтишет. Өзгөчө чоң класстын балдары кичинекейлерди кордошот. Эгер кимдир бирөөнө даттансаң түндө келишип, керебетиңди акырын чыгарып (керебеттер эки кабаттуу) сени жерге ыргытышат. Элестетсеңер, силер уктап жатканда жаткан керебетиңиз сиз менен кошо жерге кулап түшсө. Же болбосо алгач сенин төмөн жагында уктап жаткан коңшуңду жерге жаткарышып, анан сени анын үстүнө ыргытышат. Бөлмөлөр бекилбейт, жашырынып калууга эч мүмкүн эмес. Чоң класстын балдары кышында жылаңач колдорубуз менен кар ташууга мажбурлачу, анан кире беришке катарга тизип коюп, сенейип калган манжаларыбызга курдун таралгалары менен урушчу. Башыңа «чайнек кайнап кетет»! Мен андан ары чыдай албайт болчумун.
– Кордоп эле коюшчу беле, же жабышкан учурлар да болчу беле?
– Зордоолор да болчу. Эки бала чыдабай асынып өлүшкөн. Дагы бирөөсү кан тамырын кесип жиберген. Өзгөчө кичине класстардын балдарына кыйын. Балдар урушуп жатканда тарбиячылар четте карап турушат. Түрдүү уюмдардан келишип, кандай көйгөйлөр бар деп сурашат. Эгер аларга даттанчу болсоң түндө «көргүлүктү көрөсүң. Жеке сен гана эмес, сен үчүн классыңдын баары жазаланат. Бирок баары тең эле анча жаман эмес, кароолчу менен багбан жакшы болчу. Кээде мен аларга жардам берчүмүн, алар болсо: «Эмне жейсиң?» деп сурашчу да нормалдуу тамактарды беришчү. А ашканада шекери жок ботко, даамсыз сорполорду беришчү.
Миша кара жумушта иштейт, анткени бул пайдалуураак. «Мында жүк ташыганыбыз үчүн 50 сом беришет, а кафеде, мисалы, бир кардарды тейлеген үчүн – 5 сом берет. Оокат кылууга өтө эле аз», дейт ал.
Кийинчерээк, маектин жүрүшүндө Миша документтери жок экенин айтты. Расмий түрдө ал башка жумушка орношо албайт, ошондуктан башка мүмкүнчүлүктөргө үмүт да кылбайт.
«Өткөнгө баргым келет!»
– Айтсаң, мында жашоонун ушундай экендигине ким күнөөлүү? – деп сөзгө аралашты ун сатуучу Жаныш. Сыртынан караганда ал элүүгө чыгып калган. – Өкмөт күнөөлүү! Союз убагында кандай болчу эле? Арак ичкендерди – 15 суткага камашчу. А азыр кандай? Эртеден кечке чейин иче беришет. Бизге катуу камчы керек.
– Бул балдардын иштеп жатышына кандай карайсыз?
– Эгер өкмөт жардам бербесе эмне кылыш керек. Ата-энелери иштеген күндө деле үйдө бир нерсе жетишпейт. Бирок чынын айтуу керек, балдар жакшы акча табышат. Эсептесеңер, ал сатып алынган күрүчтү унаага чейин жеткирип бергени үчүн 50 сом алат. Эгер кардар менен бирге жүк көтөрүп базар аралап жүрсө 100 сом беришет. Бир күндө 10 кардарды тейлесе – 1000 сом болот.
Кыргызстандын Эмгек кодекси боюнча, 16га чыккан адам жумушчу боло алат. Жумушка 15 жашка толгон балдарды бөтөнчө учурларда гана кабыл алууга болот. 14 жаштагы мектеп окуучулары эмгек келишимин ата-энесинин жазуу түрүндөгү уруксаты менен, болгондо да жеңил жумуштарды аткарууга жана окуудан сырткаркы убакыт үчүн гана түзө алышат.
«Кыргызстанда балдар эмгегинин өтө оор формаларына тыюу салынган, – деп түшүндүрдү Кыргызстандын акыйкатчы аппаратынын балдар жана жаштар укуктары боюнча бөлүм башчысы Ниязбек Дүйшөнов. – Бирок андай формаларды аныктоо өтө кыйынга турат. Алсак, айылдарда балдар өз талааларындагы айыл-чарба жумуштарына чыгышат. Чеги мындай – бала талаага барганда анда суу, көлөкө бар болуп, ага кол кап берип шарт түзүшсө, анан бала 20 мүнөт иштесе – бул эмгек тарбиясы. Бирок ал бир күн бою куйкалаган күндүн алдында иштесе бул эксплуатация жана балдар эмгегинин өтө оор формасы. Ошондой эле бала окуу маалында ден соолугуна зыянын тийгизбей турган жумуштарды аткарса да – ушул категорияга кирип калат.
Ал ортодо Дүйшөнов баланын тиричилик үчүн акча иштеп табуусуна тыюу салып койуу менен башкы көйгөйдү чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептейт. Мамлекет араба түрткөн же жүк түшүргөн балдардын нормалдуу жашоо муктаждыктарын канааттандыра турган шарттарды түзүп бере албайт, ошондуктан «алардын иштөөсүнө уруксат берүүдө».
Ак көйнөкчөн бул өспүрүмдөрдү 1-сентябрда мектепке келген 8-класстын окуучулары деп кабылдаса болмок. Бирок алардын колдорунда китептердин ордуна шишкебек, манты, чай, сыра жана арак салынган батыныстар бар. Алар Бишкектин борборундагы кафенин жайкы сырт бөлмөсүндөгү үстөлдөрдү дабышсыз аралап, ары-бери басып жүрүшөт. Кафенин ээси ишарат кылып, кардарлардын биринин алдындагы тамеки күлүн салгычты алмаштыруу керектигин көрсөтүүдө.
Сапардыкында 16дан жогорку жаштагы балдар иштешет.
– Мен Таласта өскөм, анда мындай болчу, – деп эскерет Сапар. – Сентябрдан тарта бир апта окуйсуң да анан баарын тамеки талааларына жөнөтүшчү. Мектепти толугу менен жиберчү, күн сууктаганча талаада иштечүбүз. Бир четинен ал кызыктуу болчу, бизге жакчу. Бирок чынын айтсам, тез эле тажатып жиберчү. Балдар бүт баарынан эле тез тажап кетишет эмеспи. Анда бизге акча да төлөнчү эмес. Азыр менде иштеген балдар жакшы акча алышат. Күнүнө 300дөн 1500 сомго чейин. Менин өзүмдүн төрт балам бар. Алар мага жардам беришет. Бул ишти жаңы баштаганыбызда кызым официант болуп иштечү. Ал 14 жашында иштеп баштаган. Менин балдарым да башка балдардай эле иштешет. Аларга башка балдарга койгон талаптарды коём, башкаларды урушкандай эле урушам. Айырмасы, менин балдарым өздөрү үчүн иштеп жаткандыктарын билишет.
Эмне кылуу керек?
«Бизде балдар эмгегин жоюу боюнча милдетибиз жана мандатыбыз жок. Бул иш менен өкмөт алектенет, – дейт Кыргызстандын акыйкатчы аппаратынан Ниязбек Дүйшөнов. – Биз балдардын укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөбүз. 2011-жылы бул тема боюнча атайын баяндама даярдаганбыз, бирок аны четке кагып коюшкан. Анда биз мамлекеттик мекемелерде, интернаттарда балдар эмгегин качан пайдалангандыктары боюнча фактыларды ачып көрсөткөнбүз. Таласта интернаттагы балдарды төө бурчак жыйноого алып баргандыктары аныкталган. Бул оор процесс: чаң, кир, оор каптар. Ал аз келгенсип ал үчүн балдарга акча да төлөнгөн эмес жана жумушка окуу маалында алып кетишкен. Бул маселени биз жыл сайын сынга алып, талкуулап келебиз. Бирок өкмөт бул көйгөйдү көрбөй эле, көз жумуп коюууда. Эң аянычтуусу – өкмөттүн алдындагы Балдар эмгеги боюнча координациялык кеңеш иштебейт. Ал 5 жыл мурун түзүлгөн, бирок дагы деле эч нерсе кылбай келет».
Кыргызстандагы балдар эмгегине байланышкан көйгөйлөр боюнча негизги иш-аракеттерди бейөкмөт жана эл аралык уюмдар өткөрүп келишет. Үстүбүздөгү жылдын мартында оор турмуш шартындагы балдарды коргоо боюнча долбоор иштеп баштаган.Ага Евробиримдик менен даниялык DCA Central Asia уюму 1,1 млн. доллар бөлүшкөн. Бирок бул аракеттер эң эле аз сыяктанат. Ош базардагы жашоо уланууда. Бүгүн ал жерде кечээкидей эле ысык. Унчукпаган Нургазынын жонунда бүгүн да кайрадан ун салынган ак кап. Терге аралашкан ун күкүмдөрү ак болуп анын кара тору бетинен, колунан төмөн агат…
Авторлор: Бактынур Абдиева жана Фируз Умарзода.