Мамкаттоо кызматы: Биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тарткандар жазаланбайт

Биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тарткан кыргызстандыктар жазаланбайт, деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы. Эгер алгачкы эки ай аралыгында жеке маалыматтарын тапшырууга келген жарандардын саны өтө аз болсо айып пул киргизилиши мүмкүн.

Кыргызстандын мыйзамдары биометрикалык маалыматтарын — манжа издерин, санариптик сүрөттөрү менен кол тамгаларын тапшыруудан баш тарткан жарандарды жазалоого мүмкүндүк бербейт, бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова билдирди.

«Мыйзамга ылайык, азырынча белгилүү бир жаза каралган эмес. Бирок биз муну милдеттүү түрдө топтоо деп божомолдоп атабыз», — деди басма сөз катчы.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар муну түшүнүү менен кабыл алат деген үмүттө экендигин белгиледи — биометрикалык маалыматтарды топтоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жеке маалыматтарды тапшыруу ар бир жаран үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Найзабекова эгер маалыматтарды топтоонун алгачкы эки айында — сентябрь менен октябрда — жарандар аз келсе айып санкцияларын киргизүү тууралуу өкмөткө сунуш жолдонушу ыктымалдыгын белгиледи.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо расмий түрдө 1-сентябрдан тарта башталды, бирок тиешелүү аппаратуралардын бардык эле аймактарда орнотулбагандыгынан улам өнөктүк бүткүл өлкө боюнча жүргүзүлбөй эле.

Видео: Премьер-министр Оторбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырууда

Мыйзамдын авторлору биометрикалык маалыматтарды чогултуунун зарылдыгын улуттук коопсуздук, өлкөнүн бүтүндүгү, банктардын ишмердүүлүктөрүн коргоо жана терроризмге каршы күрөшүү менен түшүндүрүшүүдө.

Мыйзамды сынга алган укук коргоочулар менен маалыматтык технологиялар тармагындагы эксперттер болсо Конституция менен адамдын фундаменталдык укуктарынын бузула тургандыгы жөнүндө айтып жатышат.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо жөнүндөгү мыйзам долбоору президент Атамбаев тарабынан июлдун ортосунда жактырылган – ага ылайык, Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн манжа издерин, санариптик сүрөттөрүн жана кол тамгаларын кыргыз бийлигине тапшырууга милдеттүү.

Биометрикалык маалыматтардан сырткары кыргызстандыктардын жеке маалыматтары да топтолот: салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, улуту, паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн сериясы менен номуру, жынысы, туулган жылы, айы,күнү жана жери.

Видео: Кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарды топтоо тууралуу

Мыйзам биринчи кезекте Кыргызстандын Конституциясына каршы келгендиги үчүн сындалган — укук коргоочулардын билдирүүлөрү боюнча, ал жарандардын жеке маалыматтарын өз алдынча башкаруу, жеке жашоосунун кол тийбестиги жана анын корголушуна болгон укуктарына каршы келет.