Эл аралык "Көчмөндөр оюнунун" ачылышы кечээ 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага Азербайжан, Австрия, АКШ, Беларус, Бразилия, Германия, Казакстан, Литва, Монголия, Ооганстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Түштүк Корея жана Швециядан спортчулар менен расмий өкүлдөр катышты. “Көчмөндөр оюнунда” эр эңиш, алыш, күрөш, тыйын эңмей, аламан байге, салбуурун, кыз куумай, тогуз коргоол боюнча мелдештер болот жана ал 14-сентябрда аяктайт.
Видео: I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы
Президенттин басма сөз борборунун сүрөттөрү