Видео: Үйлөнүү тойдун мас мейманы көчөдө өтүп бара жаткан адамды сабап жатат

Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай үйлөнүү тойдун меймандарынын бири Бишкектин борборундагы көчөдөн өтүп бара жаткан адамды сабап баштагандыгына күбө болду.

Окуя 8-октябрь күнү Бишкектин борборунда, үйлөнүү үлпөт кортежи өчпөс отко гүл коюу үчүн Жеңиш аянтына келип токтогондо болгон — мас абалындагы меймандардын бири жолдо өтүп бара жаткан адам менен урушуп баштаган.

Качан мас мейманды тынчтандырып, ары жакка алып кеткенден кийин ал башка меймандар менен да урушуп баштаган. Бишкектиктин мындай жүрүш-турушунун себептери белгисиз.