Улуттук университеттин студенти Айдай Добулбекова жыл сайын өтүүчү «Miss Internet KG 2014» сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болду. сынактын финалы 9-октябрда Бишкекте өттү.
«Miss Internet KG 2014» наамынан сырткары Айдай Анталияга барууга эки кишилик жолдомо алды.
Биринчи вице-мисс наамын Борбор Азиядагы Америка университетининин студенти Акылай Сооронбаева алды.
Экинчи вице-мисс Айсулуу Оморова болду.
Miss Internet KG сынагы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага каалоочулардын бардыгы катыша алышат — быйыл интернет-добуш берүү аркылуу 10 финалист тандалып алынган.
Уюштуруучулардын билдиришинче, талапкерлер сырткы көрүнүшү жана суулугу боюнча гана эмес, профессиясы жана окуудагы жетишкендиктери боюнча да бааланат. А сынактын өзү болсо Кыргызстандын жаштарынын жакшы образын өлкөнүн ичинде, ошондой эле чет элдик коомчулуктун алдында көтөрөт.