Кыргыз органикалык азык-түлүктөрдү өндүрүүчүлөр Бишкекте химиялык кошулмалары жок өстүрүлгөн, даярдалган жашылча-жемиштерди жана сүт азыктарын сунушташты.
Кочкордон келген кооперативдин жетекчиси Кушбек Бейшенкулов швейцариялык окумуштуулардын жардамы менен өстүрүлгөн чоң көлөмгө ээ картөшкөнүн жаңы түрү тууралуу айтып берди.
«Бул сортто химиялык кошулмалар жок жана кадимки картөшкөгө караганда даамы жакшы», — дейт ал.
Бейшенкулов картөшкөнүн мындай түрүнүн бир түбү 30 сомдон 50 сомго чейинки баада экенин жана бир түптөн 27 даанага чейин картөшкө алууга боло тургандыгын белгиледи.
Ошондой эле жарманкеде даамы жана баасы жагынан айырмаланып турган уй кымызын даамдап, сатып алууга мүмкүн болду. Аны даярдоо үчүн бир канча убакыт туруп калган жылкынын, уйдун сүтү жана артезиан суусу пайдаланылат.
Инженер-технолог Айданкан Касымакулова кардарлар жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүктөрүн сатып ала ала турган алгачкы органикалык интернет-дүкөн тууралуу айтып берди.
«Биз бардык өндүрүүчүлөрүбүз тууралуу маалыматтарды бир жерге топтоону чечтик. Интернет-сайт ачып, ал аркылуу саталы дедик. Сатып алуучу менен өндүрүүчүнү жакындатуу максатында», — дейт ал.
4-ноябрдан 6-ноябрга чейин Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргызстандын органикалык кыймылынын BIO-KG федерациясы жергиликтүү компаниялар тарабынан өндүрүлгөн натуралдык азык-түлүктөрдүн көргөзмө-жарманкесин өткөрөт.