NASA космикалык агенттиги көп жолу колдонууга ылайыкташтырылган «Орион» капсуласынын жардамы менен адамдарды Марска жөнөтүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Агенттик Марстагы экспедициялары тууралуу кабарлап, өзүнүн твиттер-аккаунту аркылуу адамдарды Кызыл планетага жөнөтүү боюнча иштердин башталгандыгын билдирди.

IMG_20141204_132123

Экспедициянын алкагында көп жолу пайдаланууга ылайыкташтырылган «Орион» кемесин тесттик түрдө сыноо бүгүн, 4-декабрда башталды. Алгач «Орион» Эл аралык космикалык станцияга адамдар менен жүктөрдү жеткирүү үчүн иштелип чыгып, белгилүү «Спэйс-шаттлдарды» алмаштыруусу керек болчу, бирок кеме Марстагы амбициялуу тапшырманы аткарууга катышмай болду.

Бүгүнкү биринчи пилотсуз сыноолордун жүрүшүндө «Орион» Жерди төрт сааттын ичинде эки жолу айланып учуп, тесттик жүктү Тынч океанга таштайт.

Пилоттуу тесттик учуулар 2021-жылга белгиленген. Ага чейин космикалык агенттикте адам денеси узакка созулган нөлдүк гравитация шартында кандай өзгөрүүлөргө дуушар боло тургандыгын, ошондой эле Марстын радиациялык көрсөткүчтөрүн изилдейт.

NASA-Prepares-to-Send-Humans-to-an-Asteroid-and-Mars

2025-жылы «Ориондун» катышуусундагы алгачкы экспедициялык миссия аткарылат — анда адамдардан турган топ Айдын орбитасы боюнча кыймылдаган астероидге жөнөйт. Башкы миссиянын — Марска экспедициянын башталышы 2030-жылга белгиленген.

NASAдан Марсты изилдөө «адамзаттын Жерден башка жерде жашоо барбы деген фундаменталдуу табышмактарына» жооп таба алат деп билдиришти.