31-январдан 1-январга караган түнү Кыргызстандын үч телеканалы өз көгүлтүр отторун көрсөткөнү жатышат. НТС өзүнүн «Жылдын ырын» көрсөтсө, «5-канал» 2014-жылдагы берүүлөрүнүн эң мыкты чыгарылыштарын көрсөткөнү жатат.

Баарынан мазмундуу жеке жаңы жылдык берүүлөр Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, «5-канал» жана «ЭлТР» телеканалдарыныкы.

Аны менен катар 31-декабрда телеканалдардын көбү майрамдык эфиринин көпчүлүк бөлүгүн жаңы жылдык тасмаларга арнашкан.

КТРК 31-декабрда бир нече документалдык тасма, «Белек» лотереясынын ойнотулушун жана «Ала-Тоо», «Азаттык+», Би-Би-Си кыргыз кызматынын жаңылыктар программаларынын жыйынтыктоочу чыгарылыштарын көрсөтөт.

Түнгө жакын өлкөнүн башкы телеканалы салттуу жаңы жылдык «Жаш гвардия бульвары 59» көрсөтүүсүн эфирге алып чыгат. КТРКнын продюсери Шайыр Араповдун айтымында, ага популярдуу аткаруучулар катышышат.

«Андан соң [жаңы жылдык программадан кийин] жергиликтүү белгилүү адамдардын катышуусунда импровизацияланган тамашалар, ырлар менен бөтөнчө бир айтыш болот», — деди Арапов.

Кыргыз ырчысы Айгүл Чалованын «Жаш гвардия бульвары 59» көрсөтүүсүнүн 2013-жылкы чыгарылышындагы аткаруусу.
Кыргыз ырчысы Айгүл Чалованын «Жаш гвардия бульвары 59» көрсөтүүсүнүн 2013-жылкы чыгарылышындагы аткаруусу.

Берүүлөрдүн программаларына ылайык, «ЭлТР» телеканалында Кытай тууралуу документалдуу тасма, «Күнсереп» жаңылыктар берүүсүнүн жыйынтыктоочу чыгарылышы, «Из Басар» жеке реалити-шоусунун финалы, ошондой эле жаңы жылдык «Көгүлтүр от» көрсөтүүлөрү көрсөтүлөт.

НТС телеканалы 31-декабрда негизинен орусиялык НТВ телеканалынын берүүлөрүн ретрансляция кылат. НТСтин кызматкери билдиргендей, түнкү саат 12ден кийин эфирди орусиялык популярдуу «Жылдын ыры» берүүсүнүн кыргызча версиясы улантат.

«Бизде «Жылдын ыры» болот, аны көптөн бери даярдап келатабыз, балдар монтаждап жатышат. НТСте көрүүчүлөр тандап алган эң мыкты ырчылар, топтор ырдашат, анын баары Жаңы жылда көрсөтүлөт», — деп билдирди телеканалдын кызматкери.

Кыргызстандын дээрлик бардык телеканалдары президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун көрсөтүшөт.

36721-1024x611

«Бешинчи каналдын» режиссерлорунун бири Павел Штельмах Kloop.kgге берген маегинде телеканал 2014-жылы эфирге чыккан «эң мыкты берүүлөрдүн» кайталоолорун көрсөтө тургандыгын айтты.

Ошондой эле «Бешинчи канал» «Бешинчидеги кеч» оюн-зоок көрсөтүүсүнүн жыйынтыктоочу чыгарылышын көрсөтөт.

НБТ телеканалы болсо жаңы жылдык эфиринде «Элдик караоке» берүүсүнүн майрамдык чыгарылышы менен «Music Hall» деп аталган жаңы жылдык көгүлтүр оттун өз версиясын көрсөтөт.

Автор: Малика Баяз