Тасманын толук версиясы YouTube видеохостинг-сервисинде 22-январь күнү кечинде пайда болду. Тасманын жаратуучуларынын айтымдарында, тасма ачык жеткиликтүү сервиске каракчылык жол менен уурдалып жайгаштырылган.

«Курманжан Датка» тасмасы YouTube видеохостинг-сервисине Гүлчехра Уучиева деген ысым менен катталган колдонуучу тарабынан 22-январда жайгаштырылган.

Тасма жайгаштырылары менен эле YouTube сервисинин колдонуучулары анын жайгаштырылгандыгынын мыйзамдуу-мыйзамдуу эмес экендигине кызыккан пикирлерин жаза башташкан.

mia mi деген ысым менен катталган колдонуучу YouTubeдагы видеонун төмөн жагына укук коргоо органдары тасманын «бир нече таркатуучусун» кармап, ишти сотко бергендиктерин жазган.

«Жоопкерчиликке тартылууну каалабасаңар тасманы таркатып кереги жок. Кантсе да мамлекеттик долбоор да, кылмышкерлер мыйзам менен жазаланышат», — деп жазган mia mi.

Жооп катары Уучиева «тасманын мыйзамсыз жайгаштырылгандыгын билбегендигин» жазган.

«Туугандар, мен тасманы кимдир бирөөнөн көчүрүп алдым, анын мыйзамсыз жайгаштырылгандыгын мен кайдан билиптирмин? Мен тасманы жаратуучулар өзүлөрү атайын [интернетке] жайгаштырышкан го деп ойлогом», — деп жазган ал.

«Айтыш-фильм» киностудиясынын басма сөз катчысы  Чолпон Идрисова Kloop.kgге берген маегинде тасма интернетке каракчылык жол менен уурдалып жайгаштырылгандыгын билдирди.

Ал учурда Ички иштер министрлиги менен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери тасманы жайгаштыргандарды издөө менен алектенип жаткандыктарын кошумчалады.

Идрисованын айтымында, бул жаратуучулардын уруксаты жок тасманын төртүнчү жолу ачык жеткиликтүү сервиске чыгарылышы.

Kloop.kgнин редакциясы тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз менен байланыша алган жок.

«Курманжан Датка» — эгемендүү Кыргызстандын кинематографиясынын тарыхындагы бюджети 1,5 миллион АКШ долларын түзгөн эң кымбат тасма — ал мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

Тасманын премьерасы 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон. Тасма көбүнчө маалымат каражаттары жана коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.

Ал бүгүнкү күндө да кинотеатрларда көрсөтүлүүдө.