Электр энергиясына болгон жаңы тарифтерге каршы митинг Жалал-Абад облусунун Токтогул айылында өтүүдө. Уюштуруучулар акцияга 300гө жакын киши чогулгандыгын билдирип жатышат.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул айылынын жергиликтүү администрациясынын имаратынын алдындагы нааразычылык акциясы 5-февралдын түшкү саат 12сине пландалган. Уюштуруучу Кадыралы Кожокеевдин айтымында, митингке 300гө чукул киши келген.

«Электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашына каршы чыктык. Баалар өтө эле жогору. […] Жергиликтүү администрация башчысы менен депутаттар чыгышы керек, өкмөттүн өкүлдөрү да келишти. Азырынча алар элдин алдына чыга элек», — деди ал.

Токтогул районунда жашаган фермер Тулан Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде нааразычылык акциясынын себеби жергиликтүүлөр электр жарыгы үчүн көп акча төлөөгө мажбур болуп жаткандыктары экенин айтты.

«Башкы талап электр энергиясына болгон тарифтерди төмөндөтүү. Биз эч кандай түшүм албай элебиз. Анан да сугат суусу жетишсиз», — деди ал.

Фермердин айтымында, алар убадаланган 44 млн. сом өлчөмүндөгү компенсацияны алышпай эле.

«Биз, карапайым эл, андан эч нерсе албай элебиз. Ал 44 млн. сом акимдер үчүн акча булагы болуп калууда. Биз, айылдын эмгекчил эли, жылына бир гана жолу түшүм алабыз, а азыр болсо электр жарыгына болгон тарифтерди жогорулатып жиберишти. Төлөгөнгө эч нерсебиз жок калды. Акча жок», — деди ал.

Электр энергиясынын жаңы тарифтери

Кыргызстандын бийлиги электр энергиясына болгон жаңы тарифтерди 2014-жылдын декабрында киргизген. Тарифтик саясат өлкөнүн электр жарыгын Казакстандан импорттоп баштагандыгына байланыштуу өзгөртүлгөн.

Энергетика министрлигинин маалыматтары боюнча, казакстандык электр энергиясынын баасы 1 кВт/сааты үчүн 5,13 сомду түзөт.

Мындан улам Кыргызстандын Энергетика министрлиги ар бир абонент үчүн айына 700 кВт/сааттык чек киргизип, электр энергиясына болгон тарифтерди өзгөрткөн.

Электр жарыгын көрсөтүлгөн чекке чейинки өлчөмдө керектеген абоненттер мурункудай эле 1 кВт/сааты үчүн 70 тыйындан төлөшөт, ал эми андан ашыкча пайдалангандар үчүн электр энергиясынын 1 кВт/саатына болгон баа 2,05 сомго чейин кымбаттаган.

Кийинчерээк, январда, бийлик белгиленген чектен ашыкча керектеген абоненттер үчүн электр энергиясынын баасын 23 тыйынга арзандата тургандыгын убадалаган — Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаев Кыргызстандын жашоочулары импорттолуп жаткан электр энергиясын болжолдонгондон аз өлчөмдө пайдаланып жаткандыктарын билдирген.

Өлкөнүн бийлиги 2014-жылы башталган энергетикалык каатчылыктан улам электр энергиясын импорттоп баштаган.

2014-жылдын сентябрында өкмөт менен Энергетика министрлиги жылуулук берүү сезону аяктаганга чейин өлкөгө өзүнүн электр энергиясы жетпей калышы мүмкүндүгүн мойундарына алышкан.

Бийликтин версиясы боюнча, энергетикалык каатчылыктын башкы себептеринин бири болуп Токтогул ГЭСи жайгашкан Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздиги эсептелет.

Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстан 2014-жылдын декабрынан 2015-жылдын мартына чейин 1 млрд. квт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча Казакстан менен келишимге кол койгон.

Сүрөт менен видеонун автору: Урматбек Аширбаев